Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:00

Грузиядан эмнең кем, Кыргызстан?


Гезиттер коррупциялашкан өлкөнү анын сазынан кантип сууруп чыгуу керектигин, парламенттеги коалиция маселелерин жана башкаларды жазып чыкты.

“Кыргыз туусу” гезити бүгүнкү санын “Грузия коррупцияны талкалаптыр, Кыргызстанчы?” деген макала менен ачып, Грузия мындан 5-6 жыл мурда коррупциянын деңгээли боюнча дүйнөдөгү эң эле коррупциялашкан 180 мамлекеттин ичинен 127-орунда турса, бүгүн коррупциясы эң аз деген үчүнчү орунга түшкөнүн, тагыраак айтканда Швеция менен теңдешкенин кыргыз окурмандарынын эсине салды.

“Грузиянын Кыргызстандан эмнеси артык эле? Ал дагы СССРдин курамынан чыккан, Кыргызстан сыяктуу эле коррупцияга кекиртегинен баткан өлкө болучу. Элинин саны да биздикиндей 5 миллиондун тегерегинде эле...

Бүгүн мына ошол Грузиянын бир эле бажы терминалында жүк болгону 25 мүнөткө гана кармалат. 25 мүнөттүн ичинде компьютердик техника аркылуу катталып, текшерилип бүтөт. Бажы бекетинде күнү-түнү саргарып кезек күтмөй, жалдырамай, тааныштан тааныш салып, пара бермей дегендин жыты да жок. Мына ушуга байланыштуу жүк ташуу 10 эседен ашык өскөн. Грузия терминалдагы паракорлукту жоюу менен эле акыркы 5 жыл ичинде өлкө казынасын реалдуу түрдө 18 эсе көтөргөнгө жетишкен. Буга байланыштуу айлык акы 10 эсе, пенсия 3 эсеге жогорулаган. 5 жыл ичинде күч органдарын түп тамырынан бери үч ирет тазалап чыккан.

Кыргызстанда коррупциялык күчтөр, уюшкан кылмыштуулук бийликтин, бизнестин жана элдин мойнунан минип алды деп кокуйлап жүрөбүз, мындан 5 жыл мурун Грузияда да так ушундай болучу. Азыр андай жок. Анткени Грузияда “вор в законе” деген титулу бар адам кармалса, дароо 7 жылдан 10 жылга чейин түрмөгө кесилет. Андайлардын жыйган-тергени, там-ташы дароо мамлекетке алынат. А биздечи? Бизде бир жерде “А. Анапияев спорт зал куруп берген болучу” деп, кримавторитеттерди коргоп митинг өткөрүшсө, бир жерде “Камчы Көлбаeвден келдим дегендерге” бүжүрөп, сураганын берип атказышат” деп жазды.

“Кыргыз туусу” гезити макаласынын акырында Грузиянын тажырыйбасына таянуу, аны үйрөнүү үчүн Кыргызстандын күч түзүмүн көзөмөлдөө боюнча вице-премьер-министр Шамил Атаханов баштаган делегация аталган өлкөдө болуп келгенин, ушул эле делегация андан мурун АКШга барганын, кыясы Америка да жардам бере турганын маалымдады.

“... коррупциянын эң башында турган сот дегендериң “өлүп туруп, кайра жаралмайын” эч качан оңолбойт. Буларда “уят” менен “сыйыт” деген сөздөр жок, алардын ордун акча, байлык, колдорунан келсе көрүнө алып кеткиси келген көр дүйнө деген сөздөр баскан. Сотторду жаштар менен алмаштырса да ошол эле жолго түшөт. Анткени алар да коррупциялашкан окуу жайды жалаң акча менен окугандар. Анан да көбү коррупционерлердин балдары, коррупцияга малынбаган адамдын баласы соттун окуусун бүтө албайт! Ошондуктан коррупцияны токтотуш үчүн 1-ден мыйзамдуулуктун үстөмдүгүн орнотуу керек, 2-ден, мамлекеттин экономикалык абалы кудуреттүү болушу керек, 3-дөн коррупция менен булганган кандай гана кызматкер болбосун, иштен айдалып, соттолушу керек” деп жазды соттор жөнүндөгү макаласында “Фабула” гезитинин кабарчысы Баратбай Аракеев.

Ушул эле санга “Үсөн Кудайбергеновду Рысбек Акматбаевдин буйругу менен өлтүрүшкөн” деген баштеманын алдында депутат Феликс Куловдун “Азаттык” радиосунун “Интернет эрөөлүнө” берген жооптору көчүрүлүп жарыяланды.

Феликс Кулов Кыргызстандагы бүгүнкү абалды Бакиевдин учурундагы абал менен салыштырууга болбостугун, азыр саясый планда чоң жетишкендиктер жасалганын, эркиндик берилгенин, бирок экономикалык план менен алганда ошондогу кризистен дагы эле чыгалбай жатканыбызды, азыр башкаруу системасын дароо эле өзгөртүүгө болбой тургандыгын, ал эми оппозициянын максаты - өкмөттүн кетирип жаткан кемчиликтерин көзүнө көрсөтүп туруу болорун, оппозиция деген элди көчөгө алып чыгып, бийликти куралдуу жол менен тартып алуу эмес экендигин белгиледи.

“Алиби” гезитине журналист Улан Мамбетов макаласын “Башкы прокуратура кимдин кызыкчылыгын коргоодо?” деп атап, “Мегакомдун” айланасындагы талашып бүтпөй жаткан чуу туурасында баяндады.

Болотбек Таштаналиевдин макаласы “Кыргызтелекомдун” сатылышына каршы ойлорун окурмандардын ой элегине салды.

Бакай Чилтегин аттуу автор энергетика тармагындагы мурдагы бийликтерден бери уялап келаткан коррупцияны дагы бир жолу кеп кылды.

Маданият жана маалымат министри Нурланбек Шакиев маегин “... коалиция тарап кетсе трагедия кылбайм” деп атаса, экс-министр Садык Шер-Нияз маегин “Маданият маселеси ордунан жылбай турат” деп атады.

“Алиби” басылмасы ошондой эле “Парламенттеги коалиция чырынын акыры эмне менен бүтүшү мүмкүн?- деген суроого жооп издеп, бир катар жарандарга кайрылды. Буга журналист Эрнис Кыязов:

- Азыркы коалиция бирдиктүү, ынтымактуу коалиция эмес,-деп;

ЖК депутаты Анвар Артыков: - Тарап кетүүсү толук мүмкүн. Бирок мен анын тарашына көп ишенбей турам. Бийликтин даамын татып калышты, тарабай калат го, - деп;

Экс-депутат Бегалы Наргозуев: - Парламенттик сртуктурада байкалбаган революциялык чоң өзгөрүүлөр болот, - деп жооп берди.
XS
SM
MD
LG