Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:56

Оштогу Сицилия


Ош шаары
Ош шаары

“Азия ньюс” гезити түштүк аймагында “Жалил миллион” деген ат менен белгилүү болгон Жалил Атамбаев тууралуу жазып чыкты.

“ПолитКлиника” гезити “Президентке кат!” рубрикасынын алдында сокулуктук Шанызак уулу Жылдызбектин “Жеримди “акжолчу” Динара Молдошева тартып алып, адилеттик таппай келем” деген кайрылуусун, кезинде Максим Бакиевдин кызматын кылган Алмаз Кадыркулов аттуу жигит Темир Сариевдин буйругу менен Мамлекеттик мүлк фондуна төрага болгонун маалымдады.

“Сөз эркиндиги “Вечерний Бишкек” менен гана чектелеби?” деген макаласында журналист Махабат Шакирова Курманбек Бакиевдин убагында “Вечерний Бишкек” гезитинин эмгек жамааты хор менен Максимдин ырын ырдап, ошол эле учурда Бакиевдер сөз эркиндигин кысып, коомдук ишмерлерди, саясатчыларды куугунтуктап, журналисттерди сабап, бычактап, өлтүртүп жатканда, 50 проценттик үлүштү Максимдин жардамы менен дароо 100 процентке айландырып алган Александр Ким кайда жүрдү эле?" деп жазды.

Аталган гезит академик Алмаз Алдашевдин “Кулаалы таптап куш кылдым, Курама жыйып журт кылдым” деген сөздүн мааниси терең” деген макаласын жарыялай баштады.

“Азия ньюс” гезити Сакен Бөрүбаевдин “Атамбаев партиясындагы булганычтарды тазалай алабы?” деген макаласын тартуулады. Автор КСДПга кирип алып элге жаман атты болгон саясатчылардын жасаган иштерин жазып чыкты.

Ушул эле гезит “Бийликтин аброюн кетирген “Жалил миллион” жазасын алабы?” деген суроо коюп, ордолуу Ошто ушундай адам жашарын, аты Жалил Атамбаев экенин кабарлады. Ош Ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы Абдылда Капаров:

– Өмүрбек Текебаев айткандай, Ошто азыр сицилиялык абал өкүм сүрүүдө, болгондо да Ош аэропортуна чаламандын чак түшүндө автоматчан бастырып кирип, 13 млн. доллар чамасындагы сумманы тоноп алып баса беришти го. Эй, айланайындар, бул эмне деген акмакчылык? Аэропорттун милициясы, анын башчысы Жалил Атамбаев каякты карап отурат? – деп сыздаса, мурдагы депутат Бегалы Наргозуев:

– Жалил Атамбаев депутат Нурпазыл Атамбаевдин бир тууган иниси экен. Алмаз Атамбаевдин бийлиги орногону Жалил Атамбаев сыяктуу мыйзам бузуучулардын күнү тууду. Булар Атамбаевдин колтугуна кирип алып, жалаң мыйзам бузуулар менен бизнес жасап жатышат, – деп айтты.

“Азия ньюс” гезити “Кыргыз бийлиги президент Рахмондон үлгү алсын!” деген макаласында кыргыз президенти 7-апрелде курман болгондордун арбагына куран багыштап, 7-микрорайондогу бир гектардан ашуун жерди мечит жетпей жаткансып мечит курууга бергенин, президент андан көрө балдардын келечегине кам көрүп, жерди жетпей жаткан бала бакчалар менен мектептерге берсе эл чындап батасын бермегин, Атамбаев улуттун келечегин ойлосо тажик президенти Рахмондон үлгү алса туура болорун, кыскасы исламды бизден катуу туткан коңшу республикалар Кыргызстандагыдай диндин ашкере радикалдашуусуна жол бербегенин, Өзбекстан менен Казакстанда, Тажикстан менен Түркмөнстанда адамдар айрым динчил кыргыздардай үй-бүлөсүн ачка таштап коюп даават айтам деп айлап-жылдап салпылдап басып кетпестигин, самсаалаган сакал өстүрүп, далбаалаган дамбал, хижаб кийгендер түз эле түрмөгө барып түшөрүн белгилеп, “Качан акылыбызга келебиз? Же мамлекетибиз жок болуп кеткенден кийинби?” деп суроо койду.

“Жаңы агым” гезити гезиттин башкы редактору Аскер Сакыбаеванын “Бийликтин суу куярына айланган кара жашик” деген макаласын басты. “Вечерний Бишкек” гезитин коргоого алган макалада КТР өз көрсөтүүлөрүндө аталган гезитти бир тараптуу каралаган материалдарды берип келатканын, ага карата бийликтин мамилесин баяндап, буга карата КТРКнын байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн пикирин басты. Абды Сатаров:

- Репортаж программада жок болгондуктан көрбөптүрмүн, - деп,​ Тамара Жаманбаева:

- “Вечерний Бишкек” жөнүндөгү репортаж тууралуу маалыматым жок, - деп, Фархат Бекмамбетов:

- Жеке менин маалыматым жок экен, - деп, Сабыр Муканбетов:

- “Вечерний Бишкек” гезити тууралуу репортажды көргөнүм жок, -деп, Тынчтык Чоротегин:

- Телеканалдын ички саясатына, аки-чүкүсүнө кийлигише албайбыз, - деп, Игорь Шестаков:

- Мен “Вечерний Бишкекте” бир жылдары иштегем. Андыктан бул гезит тууралуу эч кандай комментарий бере албайм, - деп, Анатай Өмүрканов:

- Репортаж тууралуу маалыматым жок, - деп жооп беришкен.

“Жаңы агым” бул пикирлерге каяшасында, Байкоочу кеңештин бакыйган мүчөлөрүнүн жообу ушундай болгонун, КТРКдан эмне көрсөтүүлөр кетип жатканы менен Байкоочулар кеңешинин таптакыр эле иши жоктугун, анда эч нерсе көрбөгөн, билбеген мындай Кеңештин кимге кереги бардыгын, баары Ак үйдүн көзүн карап калган соң КТРды Коомдук канал дебей эле, байкоочу кеңеш дегенди жоюп эле, Ак үйдүн "кара жашиги" деп койгон оң болбойбу деген оюн билдирди.

Бүгүн “Айат” гезити да жарык көрдү. Гезит “Баш коргоосу жок Баш мыйзамды Кулов өзгөртөбү?” деген баштема менен жаңы санын ачты. Депутат Карганбек Самаковдун маеги “Таш-Рабат сыяктуу тарыхый жерлерибизди ЮНЕСКОго киргизели деп чуркап жүрөм” деп аталды.

Самаков эми Таш-Рабат, Сафит Булан, Шахвазил, Саймалуу-Таш, Өзгөн, Бурана, Сары-Челек, Абдыш-Ата сыяктуу тарыхый жерлерди ЮНЕСКОго киргизем деген аракетин жасап жатканын айтты.

Белгилүү тележурналист, таланттуу акын Дүйшөк Мамбетөмүровдун жаңы ырлары да ушул гезитке басылып чыкты. Гезит Бишкекте ысык суунун баасы дагы кымбаттаганын, президент Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгын өткөрүү буйругуна кол койгонун кабарлады. Басылмада мындан башка ар кыл темадагы маектер, макалалар бар.

XS
SM
MD
LG