Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:48

Тасма талашы көпкө созулчудай


Барскоондогу башаламандык, 30-май, 2013-жыл
Барскоондогу башаламандык, 30-май, 2013-жыл

Атайын кызмат тараткан чуулгандуу тасмалар окуясы боюнча тараптардын билдирүүлөрү уланууда.

Улуттук коопсуздук кызматы козголгон кылмыш иштерине ылайык, оппозиция лидерлерин суракка алууну улантууда. Тасмада аты аталгандар бүгүн ал фактыларды четке каккан билдирүүлөр менен чыкты.

Акча доолады делгендер камакта

“Кумтөр” ишканасынын өкүлү Дуглас Гриерден 3 млн. доллар талап кылган деп 30-августта камакка алынган Жети-Өгүздүн Саруу айылынын тургундары Эрмек Жунушбаев менен Бактияр Курманов 29-октябрга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында болушат. Мындай чечимди алардын баш коргоо чарасын караган Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды.

Курманов менен Жунушбаевдин айылдаштары 4-сентябрда Бишкекте өткөргөн маалымат жыйынында камактагыларды тартип коргоо органдары жана "Кумтөрдүн" жетекчилиги чагымга түрткөн деп билдиришти.

Жыргалбек Мадияров мындай дейт:

- Бул жерде канадалыктар өздөрү “келгиле, сүйлөшөлү” деп чакырышкан. Балдар ошондон кийин барып жатат. Алар өздөрү эле 3 млн. доллар талап кылалы деп барган эмес. Бул атайын чагым. Экинчиден, тасмада “3-августта акчаны берели” деп айтылып жатат. Эгер айтылгандар чындык болсо, анда 3-августта кайра барып, “акчаңарды бергиле” деп сурашмак да. Эч ким барган да эмес, сураган да эмес.

Ал аралыкта бул сүйлөшүүлөргө күбө жана ортомчу болду делген “Кумтөр” ишканасынын коопсуздук кызматынын башчысы Турумбек Дүйшөналиевдин акча талап кылуу фактысын ырастаган видеосу интернетке жарыяланды. 29-августта акча талап кылуу боюнча УКМК тарабынан тартылган жашыруун тасма телеканалдардан көрсөтүлүп, кылмыш иши козголгон болчу.

Экинчи тасма таржымалы

Ал эми атайын кызматтын башка бир видеосу - оппозициянын өлкөнү туруксуздаштыруу планын баяндаган тасмасы боюнча оппозиция лидерлери сурак берүүнү улантууда. Оппозиция лидерлерин кайра дагы суракка чакырып жатканын “Акыйкат” партиясынын лидери Аликбек Жекшенкулов маалымат жыйынында билдирди. Ал 3-сентябрда да сурак берген болчу.

- УКМКдан мага Өмүралиев жазган арызды көрсөтүп, “ушул чынбы” деп сурашты. Мен мунун баары калп, мен Соң-Көлгө конок катары баргам, андай сөздөр болгон эмес деп айттым. Эми мен бул жерде ал жигиттин айткандарына комментарий бербейм. Анткени анын айткандарынын баары чындыкка дал келбейт.

Оппозициянын бийликти алмаштыруу планын баяндап, УКМКга арыз менен кайрылган Эрланбек Өмүралиевдин өзү менен байланышуу аракетибизден майнап чыккан жок. 24-августта Эрланбек Өмүралиев менен бирге Соң-Көлдөгү курултайды уюштурууга катышкан Кеңеш Жумабаев өздөрү да аны таппай жатышканын айтты.

- Эрлан кечээ мени менен сүйлөшүп, бир жакка барабыз деген, бирок ошону менен жок болуп кетти. Ал өзүнүн УКМКга жазган арызынын этегине менин өмүрүмө, үй-бүлөмө коркунуч келет, коопсуздугумду сактап бергиле деп жазган экен. Мүмкүн анын коопсуздугун сакташып, ал баланы бир жерде бекитип жатабы, муну билбейбиз. Аны азыр таппай жатабыз.

Өмүралиев каарман болгон тасмада Жекшенкуловдон тышкары оппозициянын башка лидерлери - Садыр Жапаровдун, Талант Мамытовдун, Кубанычбек Кадыровдун аттары аталган.

XS
SM
MD
LG