Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:44

"Бир бол" эски-жаңы жүздөрдү бириктирет


Кыргызстанда каттоодон өткөн партиялардын саны үч жүздөн ашты.
Кыргызстанда каттоодон өткөн партиялардын саны үч жүздөн ашты.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо жакындаган сайын ажырымдалган саясий күчтөрдүн башкача форматта аралашуу жараяны башталды.

“Республика” жана “Ата-Журт” партиясынан бөлүнүп чыккан айрым саясатчылар башында турган “Бир бол” партиясы өзүнүн бет ачар курултайын өткөрдү. Аталган партия мекенчил багыттагы күчтөрдү бириктирүү максатын коюп, саясий кеңешке аймактардан колдоо алган саясий лидерлер гана кире ала турган жаңы механизмди сунуштады.

Жаңы стратегия сунушталды

“Бир бол” саясий партиясы курултайында биримдиктин жана жоопкерчиликтин партиясы болууга умтулаарын жар салды. Партиянын Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча “Ак илбирстин секириги” деген аталыштагы программасын иштеп чыккан тарыхчы-окумуштуу Кыяс Молдокасымов аны менен учкай тааныштырып өттү:

- “Бир бол” партиясы өлкөбүздү өнүктүрүүнүн социалдык-экономикалык жана коопсуздук жаатындагы майнаптуу жаңы стратегиясын сунуштайт. Ак илбирстин секиригиндей өлкөнү алга карай чоң секирик жасатууга багыт болчу бул программа мамлекеттик коопсуздукту бекемдөөдөгү жана экономиканы жөнгө салуудагы өзгөчө ыкмаларды ичине камтыйт. Ошондой эле бул программага мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун арттыруу усулдары киргизилген.

“Бир бол” саясий партиясына мурунку парламенттик шайлоодо “Республика” партиясынан ат салышып депутат болгон Алтынбек Сулайманов, Исхак Пирматов, “Ата-Журттан” депутат болгон Марат Султанов кирди. “Республика” жана “Ата-Журт” партиясынан чыккан депутаттар буга чейин ар кимиси ар башкача депутаттык топторду түзүшкөн болчу. Буга депутаттык топторду түзүүгө уруксат берген мыйзамдын кабыл алынышы негиз болду.

Мамасадык Бакиров
Мамасадык Бакиров
Мына ошол бөлүнүп чыккан саясатчылар кийин партия түзүүгө киришкен. “Республика” партиясынын саясий кеңешинин мурдагы мүчөсү, Ош облусунун мурдагы губернатору Мамасадык Бакиров “Республика” партиясынан бөлүнүп чыгуунун негизги себебин мындайча түшүндүрдү:

- Саясатта көз караштар ар кандай болуп кетет экен. Партиянын лидери менен биздин ойлогон оюбуз жана көздөгөн максатыбыз бир чыкпай калып, биз өзүбүзчө партия түзүп чыгууну чечтик. Партиянын саясий багыты азыркы бийликке карата оппозициялык маанайда болушу мүмкүн.

2013-жылдын октябрь айына карата Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн партиялардын саны үч жүздөн ашты. Талдоочулар алдыдагы парламенттик шайлоо жакындаган сайын бул көрсөткүч дагы өсө берет деп болжолдошууда.

Медеткан Шеримкулов
Медеткан Шеримкулов
“Бир бол” партиясынын курултайына конок катары чакырылган легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов партия түзүп чыккан саясатчыларды ашынган саясий дымактан жана жеке кызыкчылыктан жогору болууга чакырды:

- “Эки шумкар кармашса, бир каргага жем болот” деген сөз бар. Ошондуктан мамлекеттик кызыкчылыкты жеке кызыкчылыктан жогору коюп, улуттун тагдырын чечер маселелерде дайыма бир болгула. Легендарлуу парламент бул жагынан кийинки муундагы саясатчыларга үлгү болуш керек эле. Легендарлуу парламент көптөгөн мамлекеттик маанилүү маселелерде өзүнүн позициясын көрсөткөнүн билесиздер.

“Бир бол” саясий партиясы башкалардан айырмаланып, өз курултайында саясий кеңештин мүчөлөрүн шайлаган жок. Партиянын лидерлеринин бири Марат Султанов бул жолу аймактардан колдоо тапкан саясий лидерлерди гана кеңешке кабыл алуу жагы макулдашылганын белгиледи. Партиянын жобосуна ылайык, Бишкек, Ош шаарларынан жана жети облустан экиден өкүл саясий кеңешке шайланып келмекчи.

Сындан мурун сунуш

Жогорку Кеңештин депутаты Марат Султанов жаңы түзүлгөн партиянын бийликке карата мамилеси да өзгөчө болоорун жар салды:

- Сындайт экен деп эле бийликти сындай бербей, акылга сыярлык саясий аракет жасоону биздин партия өзүнүн негизги принциби катары карайт. Биздин партия бийликти кандайдыр бир кемчилик үчүн сындаса, анда демек ошол маселени чечүүнүн жол жобосу боюнча өзүнүн альтернативалык сунушун айтат. Болбосо өкмөттү жөндөн-жөн эле сындай берүүнү туура көрбөйбүз.

Ошол эле кезде партиянын борборчул, оңчул же солчул багыты же саясий-идеологиялык тутуму азырынча аныктала электиги белгилүү болду. “Бир бол” партиясынын мүчөлөрүнүн саны жети миңге чукул экени жарыяланды.

Партиянын мүчөлүгүндө көрүнүктүүлөрдүн ичинен мурдагы премьер-министр Игор Чудинов, мурдагы парламенттин төрага орун басары Азиз Турсунбаев, 99-жылы Кулов түзгөн “Калкан” антитеррористтик борборунун мурдагы башчысы Жаныбек Бакчиев бар.

XS
SM
MD
LG