Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:53

Абдыразаков: Оппозиция абийир тапкан жок


Бийлик менен оппозициянын болбой калган жолугушуусуна аксакал жана модератор катары чакырылган коомдук ишмер Ишенбай Абдыразаков “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: Оппозициянын жолугушууга келбей калышын кандай бааладыңыз?

Ишенбай Абдыразаков: Эмнеге келбегенин мен айта албайм. Анткени алар ошол жерде конкреттүү, далилдүү, ишенимдүү аргументтерди айта алабызбы, жокпу дегенден болдубу, билбейм. Алар Коомдук каналдан түз эфирде чыгарылсын деп талап кылыптыр. Түз эфирде деле көрсөтүлсө болмок, бирок кээде театр кылып жибериши мүмкүн да. Кандай болгондо да ушул жолу оппозиция келиш керек эле.

Деги эле бийлик менен оппозициянын ортосунда, бийлик менен жалпы эле жарандык коомдун ортосунда диалог болуш керек. Салт кылыш керек болчу. Азыркы болуп жаткан окуялар боюнча бетме-бет отуруп, элге ошону жеткире турган платформа болот го, ошонун башталышы болот го десем тилекке каршы оппозиция келбей койду. Алардын келбей койгону өздөрү үчүн деле жеңиш эмес, авторитет деле эмес.

“Азаттык”: Оппозиция Коомдук каналдан түз көрсөтүлбөгөнү үчүн барбай коюшканын айтып жатат. Өкмөт деле түз эфирге макул болуп койсо болбойт беле. Эмнеден коркту?

Ишенбай Абдыразаков: Эгер ошол жерде айтылган сөздөрдүн бардыгы конкреттүү, далилдүү болсо анда эч коркунуч жок. Бирок саясий күрөштө дагы бир оюн, популизм болуп кетет. Өзүнүн ойлогонун айтып, элдин арасында туура эмес пикир жаралып калышы мүмкүн. Дайыма эле бардык суроого жооп бере албайсың да. Ал жерде 50дөн ашуун журналист отурду. Бул жагынан биз нааразыбыз, бул иш жакшы жылбай жатат, бул туура болбой жатат деп далилдүү айтып берсе, өкмөт жооп берсе жакшы эле болмок. Анын көпчүлүгүн эле журналиситтер көрсөтмөк. Демек аргументтери ишенимдүү эместигининен чыктыбы, айтор билбейм.

Азыр элибизде тынчтык болсо, бири-бирин түшүнүп, маданияттуу түрдө ошол жерден сүйлөшүп, чече турган маселени чечип, болбогонун кийинкиге калтырып конструктивдүү пикир алмашуу болот го деп ойлогом. Азыр мен эле эмес, элдин көпчүлүгү стабилдүүлүк болуп, ишти алдыга жылдырып, турмушту оңдоп кеткенге өбөлгө түзүлөбү деп эңсеп жатпайбы.

“Азаттык”: Конструктивдүү пикир алмашуу болот го деп ойлогом дедиңиз. Ошондой жагдайга жетише алабы өкмөт менен оппозиция?

Ишенбай Абдыразаков: Жетишиш керек. Себеби саясий күрөш деген ушундай болот. Бул жерде бийлик жана оппозиция болот. Бийлик деген эч убакта идеалдуу түрдө өз милдетин аткара албайт. Бир жагынын жакшы болсо, экинчи жагынан кемчиликтер болот. Оппозиция деген ошонун кемчиликтерин айтып, жетишкендиктерин да моюнга алып, ачуу болсо да чындыкты айтып, оңдогонго түрткү бергенде гана оңолобуз.

“Азаттык”: Жолугушуу болбой калды, эки тарап тең өз жүйөөлөрүн айтып жатышат. Туңгуюкка кептелгендей абал пайда болгон жокпу?

Ишенбай Абдыразаков: Туңгуюк деле эмес, себеби келбей калган адамдар кичине эле бөлүктүн өкүлдөрү. Эгер биздин коом экиге тең бөлүнүп калса анда коркунуч болот эле. Азыр көптөрү түндүк-түштүк деп болбогон сөздү айтып жатышат. Азыр түндүктө деле толугу менен биримдик жок. Ал эми түштүктө деле мындан он жыл мурдагыдай абал эмес. Ал жакта дагы эл беш-алты лидерлерине багыт алып калган. Азыр кээ бирөөнүн айтканы менен кете берсе болбосун билип, көзү ачылып, акыл менен иш кылалы деген сезим көбөйүп баратат.

XS
SM
MD
LG