Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:30

Жаңы өкмөт өкчөлүүдө


Бул күндөрү Кыргызстандын парламентинин жана өкмөтүнүн жетекчилиги жаңыланууда. Жаңы бийлик өлкө алдында турган маселелерди чечүүгө жөндөмдүүбү? Эки ыңкылаптын идеялары жана талаптары аткарылабы?

“Арай көз чарай” талкуусуна ушул маселе коюлуп, ага Жогорку Кеңештин депутаттары Равшан Жээнбеков, Абдыжапар Бегматов жана “Эр айдоочу” өкмөттүк эмес уюмунун жетекчиси Качкын Булатов катышты.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз





“Азаттык”: Төрагалыкка Асылбек Жээнбековду 78 добуш менен шайладыңыздар. Өкмөт башчылыкка талапкер да ушунча добуш алабы?

Абдыжапар Бегматов: Азыр мынча-тигинче алат деп айтыш кыйын. Коалициялык көпчүлүктү түзгөн фракциялардын саны 91. Коалициялык көпчүлүктүн жыйынында талкуулап, өкмөттүн курамын бекиткенбиз. Мен коалициялык көпчүлүк колдоп берет деп ойлойм.

“Азаттык”: Добуш берүү ачык болсун деген сунуштар болуп жаткан. Кандай болот?

Абдыжапар Бегматов: Регламенттин талабына ылайык добуш берүүнү палатанын өзүлөрү чечишет. Кандай добуш беришет пленардык жыйында бекитилиш керек. Бирок былтыркы жылы түзүлгөн коалициялык көпчүлүк өкмөттү түзгөндө ачык добуш берүү менен өткөн.

“Азаттык”: Коалициянын премьер-министрликке талапкери Өмүрбек Бабанов 15 министрлик, бир мамлекеттик комитет жана төрт вице-премьер-министрден турган структураны сунуштады. Качкын мырза, бул структура айтылып жүргөндөй чакан, мобилдүү жана ишке жөндөмдүү өкмөттү түзүүгө негиз болобу?

Качкын Булатов: Бабановду шайлаганга мен каршы болчумун. Ачыктан-ачык гезиттерге айтып, пресс конференция да бергем. Себеби баары тең коррупцияны жоёбуз деди. Бирок коррупциянын схемасы менен иштеп атышпайбы.

Маселен Тажикстанга күйүүчү май кетип атат, 40 сомдон литринен пайда көрүп атышат. Кичинекей “Хова” деген унаадан 1 млн. 400 миң пайда көрөт экен. Мисалы, Кара-Кечеде көмүр элге жетпей атат, радиациялык көмүрдү алып келип атышат, электр жарыгы өчүп атат. Ушундай болуп атканда булар мамлекетти оңдойт дегенден алысмын.

“Азаттык”: Бабанов 15 министрлик, бир малмекеттик комитет жана үч вице-премьерден турган структураны сунуштады. Биз айтып жүргөнбүз, чакан, мобилдүү, ишке жөндөмдүү стурктура болсун деп. Азыр сунушталган структура ошондой талапка жооп береби?

Равшан Жээнбеков: Азыр биз жалпысынан өтө чоң кыскартууга бара алган жокпуз. Өкмөт 10 пайыз, 3 жарым миңге жакын мамлекеттик кызматчыларды кыскартабыз деп алып келди. Эгерде ушул чын болсо, жаман эмес, кичине болсо да алдыга жылыш болот эле. Бирок биз тарыхыбызды карап көрө турган болсок, өкмөт биз кыскартып атабыз деп дайыма эле айтат. Бирок жылдын аягында алар аткарылбай келген.

Эгерде жылдын аягында бул аткарылбай турган болсо, анда өкмөт элдин алдында уят болот. Өкмөткө биз мүмкүнчүлүк беришибиз керек деп айтып атышат. Ар бир өкмөт бир жыл сайын отчет берет. Бир жыл сайын өкмөттүн жасаган иши алдыга жылдыбы, же артка жылдыбы биз так билишибиз керек.

Өкмөттүн келгенине бир жарым жыл болду. Тилекке каршы эл аралык бардык индекстерди алып карай турган болсок экономиканын, өкмөттүн мамлекетти кароонун абалы, коррупциянын абалы мурдагыдай эле жаман бойдон калып атат. Эгерде биз азыр жыйынтык чыгарбай турган болсок, биз кийинки жылы кайра айтабыз, дагы бир жыл күтөлү деп. Биздин күткөнгө убактыбыз жок, биз өкмөттөн талап кылышыбыз керек көп нерселерди.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG