Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:20

“Кара тизме” капсалаңы


Кыргызстанга келип, бирок кайра Орусиянын аймагына кире албай калган эмгек мигранттарынын саны көбөйүүдө.

Алардын арасында мыйзам бузуучулар болушу мүмкүн. Бирок Орусиянын миграциялык мыйзамдарын бузгандардын тизмеси кандай негизде түзүлгөнү боюнча түшүндүрмө берилген эмес. Андыктан мындан мыйзамды сыйлаган жөнөкөй мигранттар жабыркап жатат. Бул тууралуу билдирген Кыргызстандын акыйкатчысы Бактыбек Аманбаев кыргызстандык жарандардын укугун коргоодо Тышкы иштер министрлиги жана анын консулдук кызматтары чабалдык кылып жатканын сынга алды. Тышкы иштер министрлиги мындай дооматты четке кагууда.

"Кара тизмеге" кантип киргизилет?

Орусиянын федералдык миграция кызматынын соңку маалыматы боюнча 250 миңден ашуун чет элдик жаран “кара тизмеге” киргизилген. Аталган чет элдик мигранттардын Орусиянын аймагына кирүүсүнө тыйуу салынган. Мында мигранттардын каттоосу жок же мөөнөтү өтүп кеткен жана жумушка уруксат алынбаган эреже бузуулардын кайсынысына карата мына ошондой жаза чарасы колдонула турганы так көрсөтүлгөн эмес. Акыйкатчынын маалыматы боюнча Москвадан эле жүзгө чукул кыргызстандык мигрант кармалып, алардын айрымдары депортацияланган.

Акыйкатчынын билдирүүсүндө кармоолордун негизинде “кара тизмеге” түшкөндөр боюнча так түшүндүрмө берилбей жатканы көрсөтүлгөн. Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Турдакун Сыдыков кара тизмеге” киргизилген мигранттардын категориясы боюнча төмөндөгүлөргө токтолду:

- Мигранттар мурда кандайдыр бир административдик мыйзам бузуулар менен кармалып, жазанасын төлөп чыкса деле ал факт маалымат базасында кала берет. Анан кайра миграциялык мыйзам эрежелерин бузган учурда мына ошол мурунку маалымат чыгып калат экен. Ошонун негизинде Орусиянын федералдык миграция кызматы чараларды күчөтүү үчүн чек арадан кирүүдө жана чыгууда мигранттарды текшерчү тизме түзүптүр. Бирок кайсыл категорияда мыйзам бузган же эрежеге сыйбаган фактылар менен каттоого түшүп калгандар боюнча так аныктама көрсөтүлгөн эмес.

Азыркы кезде Орусиянын миграциялык мыйзамдарын бузган кыргызстандыктар боюнча тизме “Манас” аба майданынын чек ара-бажы өткөрмөсүнө келип түшкөн. Темир жол бекетинде же автобекеттерде мына ошондой тизме менен алдын ала таанышуу мүмкүнчүлүгү түзүлө элек. Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин консулдук кызматынын ысымын атабаган өкүлү “кара тизмеге” кандай мигранттар иргелип киргизилгенин айтып берүүдөн баш тартты:

- Бул маселе боюнча Кыргызстандын бийлигине кайрылыңыздар. Бизде андай тизме жок. Андай маалымат бере албайбыз.

Акыйкатчы: кодулоону токтотуу керек

Кыргызстандын акыйкатчысынын билдирүүсүндө Орусияда мигранттарды узак убакытка мыйзамсыз кармоо жана айрымдарын өлкөгө киргизбөө үчүн тизмелеген фактылар адам укугун одоно бузуу катары каралары эскертилген. Ошондой эле бул маселеде Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жарандардын укугун коргой албай жатканы сынга алынган.

Акыйкатчы Бактыбек Аманбаев Орусиядагы кыргызстандык мигранттарды этникалык белгиси боюнча кодулоого жол бербөө керек деп эсептейт:

- Биздин мыйзам бузууларга тиешеси жок, жанагы окуяга катышы болбогон жөн жай иштеген эле жарандарыбыз мына ошондой мыйзамсыздыктарга тушугуп жатпайбы. Биздин Тышкы иштер министрлиги жана анын консулдук кызматтары мигранттардын укугун коргоо боюнча алгылыктуу иш алып бара албай турат. Болгону “мынча кыргызстандык кармалды, мынчасы тигинче убакыттан соң кайра бошотулду, калганы депортацияланды” деген маалыматтарды берүү менен гана алек. Мына ошол кармоолор канчалык мыйзамдуу болгону, же “кара тизме” эмненин негизинде түзүлгөнүн Орусиянын бийлигинен талап кылып, ошого жараша биздин жарандардын кызыкчылыгына карата маселе чечүүнү мен көрбөй турам.

Тышкы иштер министрлиги мындай доомат менен макул эмес. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги мигранттарды текшерүүдө мыйзам эрежелери одоно бузулган учурларды каттаган. Бул тууралуу Турдакун Сыдыков Орусиянын тиешелүү бийлик органдарына эскертилгенин белгиледи:

- Мигранттарды кармоолордо процессуалдык чен өлчөмдөр бузулуп жатканына кыргыз тарабы тынчсыздануусун ачык билдирген. Айрыкча федералдык миграция кызматынын жана ички иштер органдарынын айрым бир фактылар боюнча аракеттери сынга алынган. Орусиянын тиешелүү бийлик органдары менен жолугушуулар өткөрүлүп жатат.

Жакында Бишкек-Новосибирск темир жол каттамынан жана Орусиянын шаарларына учкан авиакаттамдардан миграциялык мыйзамды бузган деген негизде бир нече кыргызстандык жүргүнчү жаран кайра артына кайтарылганы айтылган болчу.


Тасмада: Орусияга кире албай кайтып келген кыргызстандыктар

Орусия кыргызстандыктарды киргизбей жатат
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:17 0:00

XS
SM
MD
LG