Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:33

Келдибековдун кайра келишине кепилдик жокпу?


Акматбек Келдибеков сот залында. Бишкек, 1-август, 2014.
Акматбек Келдибеков сот залында. Бишкек, 1-август, 2014.

Мамлекеттик айыптоо депутат Акматбек Келдибековдун ишин токтотуп туруу менен ага чет өлкөдө дарыланууга уруксат берген Биринчи май райондук сотунун чечимин негизсиз деп эсептейт.

Ошондуктан мамлекеттик айыптоо ал сот чечимин шаардык сотко даттанды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты. Эксперттик чөйрөдө Келдибековдун баш коргоо чарасын өзгөртүү бийликтин беделине көлөкө түшүргөн жагдай катары каралууда. Мына ошондуктан башкы көзөмөл органы мыйзамдуулукту сактоо үчүн кийинки соттук баскычка баштапкы сот чечимин жокко чыгарууну сурап кайрылып жатат деген мүнөздөмө берилүүдө.

Келдибековду Кыргызстанда дарылоого мүмкүн беле?

Мамлекеттик айыптоо Келдибековго чет жерде дарыланууга уруксат берген жана анын ишин кароону убактылуу токтоткон сот чечимин жокко чыгарууну талап кылат. Бул тууралуу мамлекеттик айыптоо Бишкек шаардык сотуна даттануу көрсөтмөсүн жолдоду. Анткени мамлекеттик айыптоо оор кылмыштарга шектелген Келдибековдун баш коргоо чарасын өзгөртүү үчүн сотто келтирилген жүйөлөрдү жетишсиз деп эсептейт. Анда Келдибеков дарыланыш үчүн чет өлкөгө барууга муктаж деген медициналык корутунду болбогону мисалга алынган.

Бул тууралуу билдирген Башкы прокуратуранын маалымат борборунун өкүлү Алманбет Абдраманов сот жактоочунун келтирген өтүнүчүнүн негизинде гана бир тараптуу чечим кабыл алганын белгиледи:

- Келдибеков өлкөдөн сырткары чыгып дарыланышы керек деген соттун чечими жактоочунун өтүнүчүнө таянуу менен гана чыккан. Соттун токтомунда Келдибековго качанга чейин чет жерде дарыланып келүү мөөнөтү дагы көрсөтүлгөн эмес. Бул жагдай анын сот жараянын атайлап создуктуруусуна шарт түзүшү мүмкүн. Ошондой эле сот баш коргоо чарасын өзгөртүүдө анын иш менен таанышуудан жана көрсөтмө берүүдөн баш тартуу менен тергөөнүн жүрүшүнө тоскоолдук кылган учурларын эске алган эмес.

Кайтып келүүнүн кепилдиги каралбай калган...

Сот Келдибековду Германияга дарыланууга жөнөтүүгө негизсиз уруксат берген деген жүйө менен айрым адистер макул эмес. Анткени анын кайсыл жерден болбосун дарылануу укугу тастыктоону талап кылбайт дешет алар.

Бирок укук коргоо органдарынын ардагери Жолдошбек Бузурманкулов соттун чечими мыйзамдуу болгону менен Келдибековдун Кыргызстанга кайра кайтып келишин шарттаган чаралар токтомго киргизилбей калганына токтолду:

- Соттун чечими мыйзамдуу эле чыккан. Бирок прокуратуранын коюп жаткан дооматында дагы негиз бар. Анткени Келдибеков чет өлкөгө дарыланууга баруу үчүн бир милдеттенме алууга тийиш эле. Ал дарыланууга барам деген негиз менен Кыргызстандын чегинен чыгып кетип, анан ошол боюнча куйругун карматпай кетип калышы мүмкүн деген шектенүүгө мамлекеттик айыптоонун акысы бар. Анткени ал орган мыйзам боюнч,а анын тергөөгө келишин камсыздоого милдеттүү.

Адистер арасында башкы көзөмөл органы өзүнөн жоопкерчиликти алуу үчүн Келдибеков боюнча прокурордук көрсөтмө жазып жатышы мүмкүн дегендер да аз эмес. Келдибеков буга чейин Бишкектеги ооруканалардын биринде бир нече ирет бутунан операция болгону жарыяланган. Бирок жасалган операциялар анын саламаттыгына жакшы таасир этпегени айтылган. Мына ошондуктан анын жактоочулары Ахматбек Келдибеков чет өлкөдө дарыланууга муктаж деген жүйө келтирип келген.

Мурдагы баш прокурор Байтемир Ибраев Келдибековго чет өлкөдөн дарыланууга уруксат берүү боюнча сот чечими гумандуулуктун алкагында каралууга жатат деп белгиледи:

- Бул жерде анын баш коргоо чарасы гана каралган. Анан эми негизги ишти кароону камсыздоо үчүн жүйөлөр жетиштүү. Анын бир нече курдай операция болгону жана дарыланууга муктаж экени белгилүү. Ошондуктан аны кармап жатып алуу оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Ооруп жатса дарыланууга мүмкүнчүлүк бербей койсо, гумандуулук болбой калат. Мамлекет анын дарыланып кайтып келишин камсыздашы керек.

Саясий чечимдин “жүз аарчысы”

Буга чейин Келдибековдун Алайдагы жактоочулары аны үй камагына чыгарууну талап кылып, бир нече күн жол тосуп турушкан. Саясат талдоочу Марс Сариев Келдибеков боюнча кырдаалга карата саясий чечим кабыл алынганына токтолду:

- Элдин арасында анын бошотулушуна карата нааразычылык бар экенин сезип, анан ушундай жыйынтык чыгарган болуш керек. Анткени бул тараптардын көмүскө сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгы болгон саясий иш болду. Ошол үчүн прокуратура кайпактап эмне кыларын билбей калды. Элде болсо ишеним жоголуп баратат. Анан ал ишенимди калыбына келтирүү үчүн башкы көзөмөл органы укуктук жолду жана мыйзамдуулукту сактоого аракет кылгандай түр көрсөтүүдө. Анткени Келдибеков сыяктуу эле Түлеев өңдүүлөрдүн жактоочулары дагы аларды бошотууну талап кыла башташы мүмкүн.

Учурда депутат Акматбек Келдибеков Кыргызстанда. Ал дарылануу үчүн чет өлкөгө качан чыгып кетери белгисиз. Бишкек шаардык соту мыйзам боюнча мамлекеттик айыптоонун бул даттануусун он күндүн ичинде кароого тийиш.

Буга чейин Бишкектин Октябрь райондук соту мурдагы шаар мэри Иса Өмүркуловду актаган чечимин чыгарган. Бул жагдай да коомчулукта түрдүүчө кабыл алынган. Мына ушуга байланыштуу мамлекеттик айыптоо Иса Өмүркулов боюнча да Бишкек шаардык сотуна апелляция жолдой турганын билдирген болчу.

XS
SM
MD
LG