Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:35

Президент Жээнбеков элге кайрылды


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков коомчулукка жана депутаттарга кайрылып, сөз сүйлөдү.

Сооронбай Жээнбеков өз сөзүндө коррупцияга каршы күрөш, инвестиция тартуу, аймактарды өнүктүрүү жана криминалдык абал өңдүү маселелерге токтолду.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшкө жамынып алып саясий атаандаштардан өч алууга жол берилбей турганын айтты. Президент бул күрөш эч качан саясий өңүттө болбой турганын айтып, “мыйзам бузууларга, экономикалык кылмыштуулукка каршы жүргүзүлөт” деп белгиледи.

Ошону менен катар Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөшкө тартылган күч структуралары өздөрү мыйзам бузуудан алыс болууга тийиш экенин айтты:

- Азыр кайсы коррупционерди кармаба, анын артынан депутаттын же кайсы бир саясий топтун “ушул адамды бошотуп коюңуз” деген суранычтары түшүп жатат. Бул күрөш коомдун, жарандардын колдоосуна, активдүү позициясына да муктаж. “Ууру болсо да биздин бала эле” деген ой менен бир айылдын баары кол топтоп, бошотуп коюу суранычын жөнөтүп жатышат.

Быйыл февраль айында президент Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, жемкорлук Кыргызстандагы негизги көйгөй болуп жатканын белгилеген.

Менчик жана рейдерлик жөнүндө

Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда криминалдын баш көтөрүүсүнө көз жумду мамиле жасалганына токтолду. Анын айтымында, Кыргызстанда коррупциянын айынан көп инвестициялар башка өлкөлөргө бурулуп кеткен. Президент өлкөнүн учурдагы абалы өзгөрүлүүгө муктаж экенин айтып, кечиктирбей чечүүнү талап кылган маселелер көбөйгөнүн белгиледи.

“Чейрек кылым аралыгында өлкөнүн экономикасы анчалык өнүгүүгө жана туруктуу өсүү темпине ээ боло алган жок. Аймактар ортосунда жана тармактардын арасында тыгыз экономикалык байланыштар орногон жок” деди Жээнбеков.

Парламентке кайрылуу сөзүндө мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков акыркы жылдар өлкөнүн коомдук, саясий-экономикалык турмушундагы маанилүү өзгөрүүлөрдүн мезгили болгонун, бирок жетишкендиктерге карабастан учурдагы абал өзгөрүүлөргө муктаж экенин айтты.

"Өлкөдө менчикти коргоо сакталган жок, рейдерликке жол ачкан учурлар болду" деди. Сот жана укук коргоо органдары өздөрү акыйкат болбой жатканына эл нааразы экенин кошумчалады.

"Сөздөн ишке өтүш керек"

Президент Сооронбай Жээнбековдун парламенттеги кайрылуу сөзү боюнча саясатчылар, коомдук ишмерлер өз пикирин билдире баштады.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков мамлекет башчынын айткандарына толук кошуларын, бирок реалдуу иштер жүрбөй жатканын белгиледи.

- Акаев, Бакиев, Атамбаев дагы ушундай сөздөрдү айткан. Адилеттүү өлкө курабыз, тармактарда реформа башталат деп. Жээнбековдун келгенине бир жылга жакындап калса дагы камоолорду кошпогондо реалдуу кадамдар жок болуп атат. Эгерде реформа жүрбөсө камоолор менен өлкөнү көтөрө албайбыз. Сот органдарында реформа болбосо өзү айткан камоолор “саясий өч алууга” айланып кетет. Азыр дагы ишенич бар, сөздөн ишке өтүш керек, - деди саясатчы.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты, парламенттин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбеков президент Сооронбай Жээнбеков атап өткөн бир нече тармактардагы кемчиликтерди мурунку бийликтин иштерине баа берүү деп эсептейт:

- Баа катары санасак да болот. Демек ошол жерлерде маселе бар экенин көрүп атат. Ал маселелерди чечиш үчүн аткаруу бийлиги тапшырма алды деп түшүнүш керек.

Сооронбай Жээнбеков парламентте 40 мүнөткө жакын сүйлөдү. Жогорку Кеңеш 1-июлдан тартып шайлоочулар менен жолугуп, андан ары жайкы эс алууга кетет.

Жээнбеков: "Биздин бала" деген болбошу керек
please wait

No media source currently available

0:00 0:36:45 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG