Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:25

ЕврАзЕС жоюлса, ЕАЭС бар


ЕврАзЕСке кирген мамлекеттердин башчыларынын Минсктеги жолугушуусу.10-октябрь, 2014-жыл.
ЕврАзЕСке кирген мамлекеттердин башчыларынын Минсктеги жолугушуусу.10-октябрь, 2014-жыл.

КМШ аймагында ар түрдүү багыттагы интеграциялык долбоорлор жүрүп жатканы менен, алардын бири ЕврАзЕС 11-октябрда Минскиде жашоосун токтотту.

Анын ордуна Бажы биримдиги жана Бирдиктүү экономикалык аймак же Евразия экономикалык союзу аттуу интеграциялык долбоорлор келатат. Бул уюмдарга Кыргызстан мүчө болууга умтулууда. Евразия экономикалык шериктештигинин курамында Орусия, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Армения жана Тажикстан болгон. Уюм 2000-жылы түзүлгөн. Эми ал жоюлду. Анын ордуна Бажы биримдиги жана Бирдиктүү экономикалык аймагы же Евразия экономикалык союзу түзүлүүдө.

Жоюлган Евразия экономикалык шериктештигинин функциясы, максаты жана чече турган маселелери анча так эмес болгону маалым. Ал эми жаңы интеграциялык уюмдардын чече турган маселелери тагыраак болгон менен максаттары боюнча талаш-тартыштар арбын. Маселен, Бажы биримдиги ага кирген өлкөлөрдүн бирдиктүү бажы саясатын жүргүзүүсүн камсыз кылса, Евразия экономикалык союзу соода, жумушчу күч, тейлөө жана капиталдын эркиндигин камсыздоону көздөөдө.

Бул эки уюмдун максаты боюнча талкууга келгенде эки ача пикир чыгууда. Анын бир тарабы бул уюмдар аркылуу Москва эски СССРди калыбына келтирүүнү, саясий максаттарды көздөөдө десе, интеграциянын жактоочулары анын экономикалык зарылчылыктан түзүп жатышканын билдирүүдө. Бирок кандай болгон күндө да бул уюмдарда Москванын үстөмдүгү талашсыз болот. Буга Орусиянын саясий-экономикалык салмагынын калган мүчө өлкөлөрдөн өтө эле чоңдугу себепкер. Эң эле ийгиликтүү интеграция деп эсептелип келаткан Европа биримдигинде Германия, Франция, Италия, Испания сыяктуу теңтайлашкан ири мамлекеттер бар. Алардын ар бири кайсы бир тараптын үстөмдүгүнө жол бербейт.

Албетте, Казакстан жана Беларус өз алдынчалыгын максималдуу сактоого аракеттенүүдө. Бул үчүн аларда кайсы бир деңгээлде мүмкүнчүлүк да, каражат да бар.

Ал эми Кыргызстан каршылык көрсөтүүгө, өз алдынчалыгын сактап калууга чамасы келбейт деген чочулоолор арбын.

Кандай болгон күндө да Кыргызстан Бажы биримдигине жана Евразия экономикалык союзуна кирүүгө баратат. Ага кирүү Кыргызстандын тышкы саясатындагы артыкчылык экенин 11-октябрда Минск саммитинде президент Алмазбек Атамбаев дагы бир жолу белгиледи.

Ал эми казак президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстан “жол картасын” аткарып жатканын билдирди:

- Биригүү боюнча “жол картасын” Кыргызстан аткарып жатат. Белгиленген мөөнөттө “жол картасынын” бардык талаптары аткарылат деп үмүттөнөм. Биз тараптан да тийиштүү жардамдар берилип жатат.

Орус президенти Владимир Путиндин маалымдоосуна караганда, Евразия экономикалык биримдиги 2015-жылы 1-январдан тарта ишке кирердин алдында-декабрь айында Москвада дагы бир саммит уюштурулат. "Мына ошол саммитте Кыргызстан Бажы биримдигине жана Евразия экономикалык аймагына кирүүгө умтулат", - дейт президент Алмазбек Атамбаев.

Бажы биримдигине жана Евразия экономикалык союзуна кирүү боюнча өкмөт башчынын кеңешчиси Олег Панкратовдун билдирүүсүнө караганда, Минск саммитинде Кыргызстандын ЕАЭСке кирүүсү боюнча “жол картасы” бекитилди. Эми декабрга чейин аны аткарууга кадамдар жасалыш керек. Ал кандай иштери тууралуу Панкратов буларды айтты:

- Ал жерде Бажы биримдигинин талаптарына мыйзамдарды ылайык келтирүү бар. Экинчи чоң маселе, инфраструктураны ылайык келтирүү. Ошол эле лабораториялардын баарын “жол картасынын” талабындай даярдабаса болот. Бирок чек аралардагы өткөрмө бекеттер талаптагыдай болуш керек. Ал эми лабораторияларды андан кийин дагы ылайык келтире берүүгө болот.

Бул иштерди аткаруу үчүн Орусия Кыргызстанга 500 млн. доллар убада кылган. Ал каражатты алуу үчүн эки өлкө атайын фонд түзүүнү чечкен. "Бирок ага азырынча каражат түшө элек", - деп белгиледи Олег Панкратов.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG