Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:17

Жаңы өкмөт жаңыча иштейби?


Өкмөт башчылыкка талапкер Жантөрө Сатыбалдиев фракция лидерлери менен жолугушууда. 3-сентябрь, 2012.
Өкмөт башчылыкка талапкер Жантөрө Сатыбалдиев фракция лидерлери менен жолугушууда. 3-сентябрь, 2012.

Өкмөт башчылыкка талапкер Жантөрө Сатыбалдиев экономикалык программасын учкай жарыялады. Анын мурунку өкмөттүн программаларынан айырмасы эмнеде?

Ошондой эле коомчулукта бийликтин үч бутагына бир партиянын өкүлдөрүнүн келиши менен бийликке монополия пайда болуп, ал өз кезегинде катачылыктарга алып келбейби деген суроолорду жаратууда.

Бул маселе "Арай көз чарай" берүүсүндө талкууга алынды.

Талкууга жаңыдан түзүлгөн көпчүлүк коалициянын жетекчисинин орун басары Дамира Ниязалиева, депутат Өмүрбек Абдырахманов, Экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев жана “Эр айдоочу” коомдук уюмунун лидери Качкын Булатов катышты.


please wait

No media source currently available

0:00 0:24:42 0:00
Түз линк



Азаттык”: Жумакадыр мырза, өкмөт башчылыкка талапкер Жантөрө Сатыбалдиев экономикалык программасын учкай жарыялады. Ал сизге ишенич жараттыбы? Мурунку өкмөт башчыдан эмнеси менен айырмаланды?

Акенеев: Мен билгенден Жантөрө Сатыбалдиев “Ата Мекен” фракциясында көз карашын айтты. Программасын болсо жакын арада айтат. Бирок кыска сөзүндө айтканга караганда, үч тармакка көңүл бурам деди. Булар: айыл чарбасы, кен жана энергетика тармагы. Ушул иштери начар болуп жаткан тармактарга көңүл буруп, абалды жакшыртабыз деди. Экономиканы кандай көтөрүүнү кеңири программасында айтат болуш керек.

“Азаттык”: Өмүрбек мырза, сизде кандай таасир болду?

Абдырахманов: Мен жаш кезде КПССтин ушундай программаларын окуп, өмүрүм өтүп кетти эле. Ошол программалар канча көп болуп, ошончолук аңды көздөй жылып баратканыбыз байкалып турчу.

Азыр Сатыбалдиевдин үстүрттөн айткан программасында эч нерсе жок. Чарбалык маселелерди чечебиз дептир. Биз кантип өнүктүрө турган системаны киргизебиз, кантип коррупциясы жок системаны киргизебиз, кантип айыл чарбаны көтөргөн системаны киргизебиз деген нерсе жок.

Баягы эле бийлик “вертикалын” бекемдейбиз, саясий кызматты азайтабыз деп жатат. Эми өкмөт деген саясий кызмат. Ал жерде коомдун өнүгүүсүн, саясатты түшүнгөн адам болуш керек.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG