Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:34

Өкмөткө жүз күн


Жантөрө Сатыбалдиев баштаган өкмөттүн иштегенине жүз күн болду. Бул мезгил ичинде ал кандай ийгиликтерге жетишти жана кемчиликтери эмнеде болду?

Жантөрө Сатыбалдиев 5-сентябрда 111 добуш менен Жогорку Кеңеште өкмөт башчылыкка шайланган. Өкмөт башчылыкка киришүү алдында Сатыбалдиев негизги милдети катары кышка даярдыкты күчөтүү жана бюджеттин тартыштыгын жеңилдетүүнү атаган.

Тилекке каршы, өкмөт жүз күндүгүн газдын жетишсиздигине байланыштуу курч энергетикалык кризис менен тосуп алды. Учурда Бишкек шаары баш болгон өлкөнүн түндүк регионунда газ жетишпей, ал өз кезегинде электр энергия тармагына оорчулукту алып келип, элге ток берүү да үзгүлтүккө учуроодо.

Ошол эле 5-сентябрда парламенттеги сөзүндө Жантөрө Сатыбалдиев экономикадагы кризисти токтотуп, өсүшкө багыт алууну да негизги максат катары атаган. Бирок 11 айдын жыйынтыгы боюнча экономикада төмөндөө токтогон жок. Жантөрө Сатыбалдиев өзү да 2012-жылды 1.7% өсүш менен аяктоо ишке ашпай турганын 17-декабрдагы маалымат жыйынында моюнга алды.

Жантөрө Сатыбалдиев жылдын соңуна карай толук кандуу программа жана өкмөттүн жаңы структурасын убада кылган. Азырынча бул иштер аткарыла элек. Бирок өкмөт анткризистик программаны кабыл алды дейт өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Мелис Эржигитов:

- Антикризистик программада өкмөт калкты жана экономиканын тармактарын кыштан аман-эсен чыгаруу каралган. Ошол эле мезгилде азык-түлүк коопсуздугун кескин начарлатпоо максаты коюлган.

Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу да оор абалда. Маселен, өлкө керектөөсүн канаттандыра турган дандын 47% гана жыйналган. Бул деген 278 миң тонна дан жетишпейт дегенди билдирет.

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев артыкчылык берилген тармактардын бири катары ушул айыл чарбасын атап келатат. Бирок да эң башкы максат - саясий туруктуулукту сактоо дейт Сатыбалдиев:

- Эң башкы артыкчылык берилген максат - саясий туруктуулукту камсыздоо. Ансыз бир инвестор бизге келбейт. Ал эмес өзүбүздүн ишкерлер башка өлкөлөргө акчасын салып жатышат. Андан сырткары агроөнөр жайы, кайра иштетүү тармагына артыкчылык беребиз. Бул тармакты каржылоону келерки жылы 4 млрд. сомго көбөйтөбүз. Жаңы жерлерди өздөштүрүшүбүз керек. Ансыз өз керектөөбүздү жаба албайбыз. Булардан сырткары энергетика, тоо кен жана инфраструктурага сөзсүз көңүл бурабыз.

Кумтөр боюнча өкмөттүк комиссиянын иши да өтөөсүнө чыга элек. Комиссия улам ишин узартып келатат. Ал кандай корутунду менен чыгаары ушул кезге чейин белгисиз.

Сатыбалдиевдин өкмөтү түзүлө баштаганда эле сынга кабыла баштаган. Ал сындардын бирин белгилүү талдоочу Валентин Богатырев айтып, Жантөрө Сатыбалдиевди эски замандын кишиси катары баалаган. Оппозиция болсо, Сатыбалдиев президенттин эркинен чыга албайт деп сындап келет.

Экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтүнүн ишине мындай баасын берди:

- Эми 100 күндө укмуштай жетишкенге жетишти деп айтуу кыйын. Бирок 100 күндүн ичинде Сатыбалдиевдин өкмөтү чапкылап жүрүп, кышкыга даярдыкты оңоду десек болот. Эми азыр газ өчүп жаткан менен көмүр, мазут көбүрөөк камдадык деп жылуулук борборлор маалымат берип жатат.

Жумакадыр Акенеев ошондой эле келерки жылга бюджеттин кабыл алынышын да өкмөттүн жетишкендиги катары баалады.

Кыргызстан тоо-кенчилер бирикмесинин башчысы Орозбек Дүйшеев Сатыбалдиев тоо-кен тармагына көңүл бура баштады дейт:

- Биз тоо-кенчилер үчүн өзгөрүү абдан жакшы. Мурунку эки жылда эки министр бирден ишканага барып чыкты. Бул киши үч айдын ичинде баарын кыдырып, түшүнүп келди. Демек бул жагынан өзгөрүү жакшы. Бул киши өндүрүшчү. Тоо-кен өнөр жайысыз кризистен чыга албасыбызды билет.

Орозбек Дүйшеев өкмөттүн аппаратында кесипкөй тоо-кенчилер көбүрөөк болуш керектигин да кошумчалады.

Бирок газ кризисине байланыштуу өкмөттүн кызматтан кетүүсүн талап кылган үндөр парламент тараптан чыга баштады. Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев өзү кызматтан кетүүгө даярдыгын, бирок үч ай сайын өкмөттү алмаштыра берүүнүн кесепети жакшы болбосун эскертти.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG