Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:29

Кадр саясаты күдүк ойлорду күчөттү


Бишкек, Кыргызстан
Бишкек, Кыргызстан

Президенттин соңку дайындоолору бийлик ыгы менен болуп, эркинен чыкпаган адамдарды тандап жатат деген сын-пикирге кабылды.

11-мартта экономика министринин эки орун басары өзү жазган арыздын негизинде иштен кетти.

Бул арада Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтуна жаңы жетекчи дайындалды. Эсеп палатасынын кызматын тапшырган жетекчиси Элмира Ибраимованын ордуна ким келери эмитен эле болжолдонуп, топ аткаминердин аты аталууда.

Элмира Ибраимова Эсеп палатасын 2012-жылдын ноябрь айынан бери жетектеп келаткан. Бул жердеги аты адегенде 2013-жылы “Кыргызгаз” ишканасынын жетекчиси, президент Алмазбек Атамбаевдин эң жакын адамдарынын бири Тургунбек Кулмурзаевдин ишиндеги миллиондогон сомдук каржылык мыйзам бузууларды аныктап, жарыялашы менен чыккан.

Эсеп палатасынын отчетторуна ылайык, Ибраимова жетектеп турганда жүргүзүлгөн аудиттин, анда аныкталган каржылык мыйзам бузуулардын саны өскөн. Текшерген бардык мекеме-органдардан миллиондогон сомдук зыяндар аныкталган. Мындан улам жакшы иштеп жатат деген жетекчинин кызматтан кетиши бир катар күдүк ойлорду жаратты.

Абдыманап Кутушев
Абдыманап Кутушев

Азыр эми Эсеп палатасына жетекчи болуп келиши мүмкүн деген талапкерлер бир четтен атала баштады. Алардын арасында Жогорку Кеңештин өткөн чакырылышындагы Социал-демократтар фракциясынын депутаты Абдыманап Кутушев да бар. Кутушев бул маалыматты азырынча ырастаган да, төгүндөгөн да жок:

- Комментарий бере албайм. Мен азыр жалпыга маалымдоо каражаттарына чыкпай, кичине эс алайын деп тынч жүрөм. Иштегендер иштеп турсун, мен тура турайын деп жатам. Эгер жаңылык болсо силерге өзүм айтам.

Барып алып, кутумчулук кылып, жакшы иштеп жаткан адистердин баарын кетирип, алардын ордуна тууган-уругун, тааныш-билишин кызматка алса, андай жерде иш жылбайт.
Чолпонкул Арабаев

11-мартта премьер-министрдин жардыгы менен Улуттук стратегиялык изилдөө институтунун жаңы жетекчиси болуп Азамат Дикамбаев дайындалды. Дикамбаев мурунку президент Курманбек Бакиевдин тушунда анын уулу, Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин жетекчиси Максим Бакиевдин орун басары болуп иштеген. Азыр ушул жагдай кызуу талкуудан чыкпай турган кези.

Талант Султанов бул институтту жетектеп турганда бийликке келген партияларга ишеним төмөндөдү деген өндүү иликтөө жарыялаган эле. Мындан көп өтпөй эле премьер-министр Темир Сариев Улуттук изилдөөлөр үчүн бөлүнгөн каражат акталбай жатат деп сындаган жайы бар.

Жапониядагы Кобе университетинин cаясат таануу боюнча магистратурасынын бүтүрүүчүсү Даниел Кадырбековдун баамында, бийлик дайындалган кадрлардын ишбилгилигине эмес, ыгы менен болуп, эркинен чыкпагандарга басым жасап жатат:

Даниел Кадырбеков
Даниел Кадырбеков

- Менимче, азыркы кадр саясаты лоялдуулук деген принцип менен жүргүзүлүп жатат. Мисалы, Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун буга чейинки жетекчиси Талант Султанов, экономика министринин орун басары Кылыч Жакыпов дегендер алдыңкы либералдуу университеттерде, алдыңкы эл аралык коомдо иштеп жүргөн адистер. Ишин билген балдар. Премьер, президент айтса да, эгер алардын айтканы коомдун кызыкчылыгына туура келбесе, анда туура келбейт деп эле айта алышат. Эми ачык жарыялабаса да, жыйындарда, өз чөйрөсүндө, жогору жактан буйрук берилип жатканда, бул туура же туура эмес деп пикирин билдирип чыга алат.

Мамлекеттик кадр кызматынын мурдагы төрагасы Чолпонкул Арабаев болсо жаңы дайындалган кадрлардын жоопкерчилигине токтолду. Ал Кыргызстанда кадрлар аз деген сөздөрдү жокко чыгарды:

- Кызматка чакырса эле жүгүрүп бара калбастан, жакшылап ойлонуп, чечим кабыл алса жакшы болот эле. Барып алып, кутумчулук кылып, жакшы иштеп жаткан адистердин баарын кетирип, алардын ордуна тууган-уругун, тааныш-билишин кызматка алса, андай жерде иш жылбайт. Ошол жерде өмүр бою отуруп, шымын жыртып, жарыбаган айлык менен иштеп келаткан мыкты мамлекеттик кызматкерлер бар. Азыр биз кадр жагынан өксүйбүз деп жатышпайбы. Чынында андай эмес. Четтен билим алып тажрыйба топтогон, деңгээлин жогорулаткан кадрлар жетиштүү.

10-мартта президент Алмазбек Атамбаевдин жардыгы менен Улан Исраилов УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматынын жетекчиси болуп дайындалды. Убагында Атамбаевдин жансакчысы болгон, атайын кызматта такыр иштебеген адамдын мындай жооптуу кызматка келиши боюнча талкуунун деми эмдигиче басаңдай элек.

XS
SM
MD
LG