Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:58

Шайлоодо чыр чыгара тургандар ким?


Биометрикалык маалымат тапшыруу
Биометрикалык маалымат тапшыруу

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети шайлоодо чыр чыгаргысы келген күчтөр жана аларга кошулууга даяр топтор бар экенин эскертти.

25-сентябрда өкмөттө шайлоо коопсуздугу талкууланды жана анда тиешелүү органдарга алдын алуу чараларын күчөтүү тапшырылды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет шайлоого карата жер-жерлерде ыкчам штабдарды түздү. Атайын кызматтын төрагасы Бусурманкул Табалдиев өкмөт жыйынында шайлоону акмалап турган ар кандай күчтөр бар экенин айтып, алардын айрымдарын ачык жарыялады:

- Айрым күчтөр шайлоо бүткөндөн кийин кырдаалды олку-солку кылабыз, шайлоо жыйынтыгына нааразы болгондорго кошулабыз дешүүдө. Жалал-Абадда 5-октябрда чоң курултай өткөрөбүз деген пландар бар. Мисалы, “Элдик фронт”, “Мээр жазы”, “Кырк чоро”, “Элдик курултай”, Насыя алгандардын укугун коргоо комитети, “Таза оппозициялык күчтөр” дегендердин чыр чыгарган күчтөргө кошулуп кетебиз деген пландары бар.

Бусурманкул Табалдиев
Бусурманкул Табалдиев

Табалдиев үгүт өнөктүгүндөгү мыйзам бузууларга токтолду. Анын билдиришинче, добуш сатып алуу фактылары боюнча кылмыш ишин козгой турган материалдар топтолду, бирок азырынча ачыкка чыкпай сакталып турат:

- Бүгүнкү күндө саясий абалды козгоп албайлы деген ой менен ал материалдарды ачыкка чыгарбай, козгобой турабыз. Бардык эле партиялардын мыйзам бузуулары катталып жатат. Бирок анын баарын чыгарсак, “бийлик күнөөлүү, антип атат, минтип атат” деп саясий абал козголуп кетпесин, жакшы жүрүп жаткан үгүт өнөктүгүн бузбайлы деген ой менен катуу чараларды көрбөй жатабыз. Бизде көп материалдар бар. Алардын баары досье катары бизде сакталуу.

Премьер-министр Темир Сариев УКМКнын маалыматынан кийин мыйзам бузуулар боюнча чара көрүлбөй жатышын сынга алды. Атайын кызматтын жетекчилигине чукул чара көрүүнү тапшырды:

- Эгер мыйзам бузуулар болсо эч тартынбай ачыкка чыгаруу керек. Эгер партиялар мыйзам бузуп жатса, иш козгош керек. Биз, албетте, коомдук тартипти сактайбыз, бирок мыйзам бузуп жатса, анда карап турабыз деген туура эмес. Экинчиси - ошондой маалыматтарды беришиңиз керек. Биз элге “мына ушулар момундайларды колдонуп чыгып жатат” деп көрсөтүп, элге толук маалымат берип коюшубуз керек. Ошол мыйзам бузгандар таарынбасын. Маалыматтардын баарын бериңиздер. Ар бир партиянын өз максаты бар. Кээ бирлери таза келем деп, кээ бирлери эмне болсо да өтүшүм керек деп отурат. Биз баарына даяр болушубуз керек.

Туйгуналы Абдраимов
Туйгуналы Абдраимов

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимов өкмөт жыйынында айрым бир партиялардын иш-аракеттерине көңүл бурду. Анын ырасташынча, шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого эмитен эле ар кандай аракеттер көрүлүп жатат:

- Индентификациялоого уруксат бергенден кийин айрым партиялар элдин паспортунун көчүрмөсүн, жеке номурун чогултуп, добуш берүү күнү операторлор, шайлоо комиссиянын мүчөлөрү менен жең ичинен сүйлөшүп, мурунку “карусель” ыкмасын колдонобуз деп даярданып жатат. Жапон өкмөтү берген алты миллион долларга Мамлекеттик каттоо кызматы ПРООН менен бирге добуш берүүгө байкоо салып туруу үчүн ноутбук менен монитор сатып алган. Бирок алар кичинекей монитор алып коюшуптур, эки-үч киши топтолуп калганда алардын эмне кылып жатканы жакшы көрүнбөй калат экен. Анан бизде мыйзамда эгер айнек урна сынып калса, илгеркидей желим урна колдонсо болот деп жазылган. Айрым партиялар айнек урнаны сындырып, желимин коюп алабыз деп жатыптыр. Ошондуктан биз ар бир районго кошумча урналарды жеткиребиз. Бирок ал запастагы урналарды да сындырабыз деген партиялар бар.

Кыргызстанда шайлоого карата коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Айрыкча күч органдары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Калайман башаламандык чыгышы ыктымал деген жерлер тыкыр көзөмөлгө алынды. Добуш берүүгө бир аптадан ашык убакыт калды.

XS
SM
MD
LG