Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:02

“Көзгө көрүнбөгөн” мыйзам бузуулар


Кыргызстан боюнча шайлоо тилкелери кечки саат сегизде жабылат. Борбордук шайлоо комиссиясы ушул сааттарга карата добуш берүү учурунда одоно мыйзам бузуулар катталбаганын жарыялады.

Бирок шайлоонун жүрүшүнө байкоо жүргүзгөн тараптар шайлоочуларды участкалык шайлоо комиссиялары турган жайга жапырт ташуу жана жең ичинен добуштарды сатып алуу сыяктуу мыйзам бузуулар катталып жатканын белгилешүүдө. Ошол эле кезде тизмеден өзүн таппай калгандар же аты-жөнү башка шайлоо участкасынан чыккан фактылар катталды.

Добуштар сатылып, ишенимдер тебелендиби?

Борбордук шайлоо комиссиясынын добуш берүү учурундагы мыйзам бузууларды териштирүү боюнча жумушчу тобу кечки саат бешке карата шайлоонун жалпы жүрүшүнө таасир эте турган кандайдыр бир одоно фактылар катталбаганын жарыялады.

Бирок көз каранды эмес байкоочулар участкалык шайлоо комиссияларынын ичинде мыйзам бузуу катталбаганы менен, анын сыртында шайлоочуларды жапырт ташуу жана добуш сатып алуу фактылары жүрүп жатканын каттоого алышкан.

“Интербилим” бейөкмөт уюмунун өкүлү Гүлгаакы Мамасалиева Ошто жана Өзгөндө катталган мыйзам бузуулар тууралуу буларга токтолду:

- Олуттуу мыйзам бузуулардын эң эле негизгиси бул – добуштарды сатып алуу. Мына азыр мен Өзгөндө жүрөм. Эртең менен Ошто болду. Бардык жерде добуштарды 1000 сомдон 2000 сомго чейин баалап, сатып алып жатышат. Бул иштер ачык эле жүрүп жатат. Бирок камерага тарттырышпайт. Бул жерде бардыгы ички байланыштар аркылуу жүрүүдө. Биз шайлоочулар бюллетенди белгилеп, анан урнанын жанындагы комиссия мүчөсүнө көргөзүп туруп таштап жаткан учурга күбө болдук. Менимче, сырттан акча берген тарап ошол адамга көргөзөсүн деген шарт коёт окшойт.

Эстен чыкпаган эски схема

Ошол эле учурда жогорудагыдай мүнөздөгү мыйзам бузуулар Бишкекте катталып жатканы белгилүү болду. Бирок кайсы партиялар шайлоочуларды ташып жатканы аныктала элек.

“Ар-намыс” партиясынын өкүлү Равшан Жээнбеков ошондой ондогон фактылар видеотасмага алынганын айтты:

- Кичи автобустар менен ташып келип, уюшкандык менен добушканага шайлоочуларды тизме менен киргизип жаткандар - бул добуштарды сатып алуу эмей эмне? Биз Ошто миңге жакын адамды бир эле жолу ташып алып келип, добуш бердиртүү үчүн кезекке тургузган фактыны каттадык. Бишкек шаарында тизме менен адамдарды алып келип, кайра жеткирип жаткан учурларды каттоого алдык. Анын бардыгын биз жарыялап жатабыз.

БШК төрагасы шайлоо күнүн майрам деп атады
Абдраимов: Бүгүнкү күн майрам
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:46 0:00

Айрыкча Бишкек жана Ош шаарларында ачылган кошумча шайлоо участкаларында добуш берүү үчүн келген шайлоочулардын кезеги бир топко узарып кеткен көрүнүштөр катталган. “Бир Бол” партиясынын маалымат катчысы Лунара Мамытова жагдай туурасында буларды айтты:

- Кошумча шайлоо участкаларына аскер кызматкерлерин жана студенттерди ташып келишип, бир партиянын гана пайдасы үчүн добуш бердирткен фактылар каттоого алынды. Анан шайлоочуларга алдын ала белги коюлган бюллеттендерди таратып берген учурлар болду. Анан Кара-Сууда Мады айылында Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары шайлоого кийлигишип, бир партияга добуш бердиртүү аракети болгону аныкталды.

Бирок буга окшогон мыйзам бузуулар тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы азырынча кайсы бир тараптан арыз түшө электигин билдирген.

Президент шайлоо тууралуу журналисттерге буларды айтты:
Атамбаев: Айрым партиялар шайлоодон ызы-чуу чыгарууга кызыкдар
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:37 0:00

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Рашид Бекбасаров добуш берүүнүн жалпы жыйынтыгына таасир эте турган мыйзам бузуулар болгон жок деп белгиледи:

- Аскерлер ал кошумча участкалардан эмес, каяктан добуш бериши керек эле? Алар ар кайсы жактан келген жарандар. Ошон үчүн алар ошол добушканалардан добуш беришти. Студенттер деле ошондой да. Алардын деле бир туруктуу дареги жок. Ошон үчүн алар да ошол жакка барып добуш беришти. Бул жерде эч кандай мыйзам бузуу жок.

Нарын шаарындагы добушканалардын биринде шайлоочуларга мөөр басылбаган бюллетендер берилген факты катталган. Мына ошондой негизде эртең менен 158 шайлоочу добуш берген. “Ата Мекен” партиясынын өкүлү Улукбек Ашикеев буларга токтолду:

- Нарын шаарындагы №4064 шайлоо участкасында мөөрү жана төрайымдын колу жок бюллетендер таратылып, шайлоочулар добуш бергени билинип калды. Добуш берүү токтотулган соң гана абалды оңдоо боюнча чечим кабыл алынды. Ошол 158 шайлоочунун берген добуштары жарактуубу же жараксыз болобу деген суроо ачык калды. Ошондуктан бул төрайымдын күнөөсү менен ошондой болду деген негизде акт түзүлүп, протокол Бишкекке жөнөтүлдү.

Бул тууралуу БШКнын жумушчу тобу чечим кабыл ала элек. Рашид Бекбасаров мөөр коюлбастан урнага ташталган бюллетендердин жарактуулугу боюнча жакын арада чечим кабыл алына турганын билдирди.

Ош шаарындагы добуш берүүдөн бир көрүнүш

XS
SM
MD
LG