Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:04

Компроматтар кармашында ким утат?


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Өкмөттү кетирүү демилгесинен улам чыккан "Ата Мекен" жана "Республика" партияларынын лидерлеринин ортосундагы тиреш күчөп турат.

Саясий күчтөрдүн чатагы бийлик кризисине алып келбейби? Ага президент Алмазбек Атамбаевдин киришүүсү зарылбы?

Ушул жана башка маселелерди "Азаттык" кечки түз ободо "арай көз чарай" талкуулады. Ага саясат таануучу Марс Сариев, парапсихолог Мелис Карыбеков катышты. Талкууда президенттин укуктары боюнча Баш мыйзамдын авторлорунун бири Данияр Нарынбаевдин түшүндүрмөсү жана элдин пикирлери пайдаланылды.


please wait

No media source currently available

0:00 0:24:25 0:00
Түз линк


“Азаттык”: Коомчулукка маалым премьер-министр Өмүрбек Бабанов баштаган өкмөттү кызматтан кетирүү боюнча парламенттеги жоон топ депутаттардын жайкы эс алуу алдындагы демилгеси бүгүн саясий күчтөр ортосундагы олуттуу тирешүүгө өсүп жетти. Азыр эми парламенттеги таасирдүү саясатчы Өмүрбек Текебаев баштаган фракция менен өкмөт башчы, “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабановдун ортосунда компроматтар кармашы кызып турат. Орозонун алдында эки тарап тең президент Алмазбек Атамбаевге таасир көрсөтүүнү сурап кайрылышты. Жагдайдан кантип чыгуу керек?

Марс Сариев: Менин оюмча, компромат согушу туура эмес. Бул согушта эки тарап тең утпайт. Мындайда үчүнчү позициядагы оюнчулар утуп кетет. Буларды деле карасаңыздар эки тарап тең моралдык жактан да, башка жагынан да утулуп атат. Азыр эми маселе президент Алмазбек Атамбаевде болуп калды: ал башка оюнчуларды алып келеби же бул жерден эле тандоо жасайбы? Кырдаал азыр президенттин колунда болуп турат.

Мурун деле компроматтар согушу болуп келген. Бирок бирөө да утуш алган эмес. Компромат жолу аркылуу саясатчылар бири-бирин жок кылып атышат.

Мелис Карыбаев: Мен силердин студияга өз айылымдан келдим. Башка айылдардагылар менен маектешип, эмне жаңылык бар экенин билип атам. Эми көбүнчө маалымат жетпей калат экен. Маалымат жеткен эл тынчсызданып атат. Анткени биздин коом, биздин эл эки ыңкылапты башынан өткөрдү. Ал жарат айыга элек. Элге тынчтык керек.

Бийликтегилер элди жакшы көрсө ушундай стресстерден, синдромдордон айыктырыш керек. Элге азыр айлыгы көбөйүп, жакшы болгон учурда да, коомубуз оорулуу болсо, экономикалык жактан эч качан көтөрүлө албайбыз. Жакында бир жакшы кабар болду. Жарым миллион долларга жакын карызыбызды, баягы Бакиевдер уурдап кеткен карызды орус мамлекети кечкен экен. Биякта компромат кармаштары чыгып кетип, элибиз билбей калды.


Угармандар да айтып атышат, эл эч нерсеге ишенбей калганын. Бийлик элдин ишенимин жеңип алыш керек. Ал үчүн тынчтык керек. Компроматтардан утуш чын эле жок. Бул маселени чечүү үчүн Атамбаевге саясий эрк керек. Акыркы сөз ушу кишиде калды окшойт. Жакынкы учурда чечилет. Менин оюмча, коалициянын бузулушуна алып келет, жаңы өкмөт түзүлбөсө саясий тыгындан чыга албай калдык.

“Азаттык”: Президент саясий күчтөрдүн тирешин кантип чечиши керек?

Данияр Нарынбаев: Фракциялардын кайрылуулары боюнча чечим чыгарууга президент үчүн атайын жобо көрсөтүлгөн эмес. Президенттин бир гана милдети бар: текшерип чыккыла деп тиешелүү органдардан суранат. Эгерде аткаруу бийлиги менен мыйзам чыгаруу бийлигинин ортосунда кандайдыр бир чыр-чатак болсо парламенттин жалпы сессиясына бул маселе чыгарылышы керек, конституциялык тартипте каралыш керек. Башка рычагдар көрсөтүлгөн эмес. Кезинде аша чаап кетпесин, саясатта эрежелерди таңуулабасын деп, президенттин бийлигин атайылап чектегенбиз.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG