Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:22

Чек арадагы көйгөйлөрдүн чети да оюла элек


Президент Роза Отунбаева жаңыдан түзүлгөн Коргоо кеңешинин алгачкы жыйынын өткөрүүдө, 22-январь, 2011.
Президент Роза Отунбаева жаңыдан түзүлгөн Коргоо кеңешинин алгачкы жыйынын өткөрүүдө, 22-январь, 2011.

Коргоо кеңешинин алгачкы жыйынында чек арадагы талаштуу маселелерди тез арада чечүү зарылдыгы козголду.

Президент Роза Отунбаева жаңыдан түзүлгөн Коргоо кеңешинин 22-январдагы алгачкы жыйынында чек ара тилкелерин аныктоо боюнча коңшулар менен сүйлөшүүлөрдү улантып, тез арада талаш-тартыштуу маселелерди чечүүгө аракет жасоо керектигин билдирди.

Айласы кеткен эл маселени өзү чечкенге өттү

Бийликтер чек ара маселесин чечкенге чындап киришкиче, айласы кеткен жергиликтүү эл анча-мынчасын өздөрү жоюп жатат.
Биз бийликтегилердин оозун карап отура берүү болбостугун түшүнүп, чек ара маселесин чечүүдө өз мүмкүнчүлүгүбүздү колдонууну чечтик.Айымкан Амираева
Кыргыз-өзбек чегиндеги кыргыз чек арачылары, Баткен

Баткенде ким болбосун, чек ара маселеси козголгондо жарылып сүйлөп беришет. Бул аймакта чек арага байланыштуу көйгөйлөр толгон-токой. Бийликтер аларды чечип жетише албаганда, жергиликтүү эл "Ыктыярдуу отряд" уюмун түзүп алган.

Баткен шаарынын тургуну Айымкан Амираева мына ушул отрядга 2009-жылдан бери мүчө. Анын айтымында, мындай уюм аймактагы Чек ара бөлүгүнүн мурунку зардалы Саитжан Эратовдун тушунда түптөлгөн:

- Биз ага (Саитжан Эратовго) барып, эмне себептен бизде чек араны коргоо начар, каралбайт, өзбекстандыктар каалаган жерге малын айдап келет, каалаган жагынан таштарды жүктөп кетип атат деп кайрылганбыз. Ал “чек арада аскерлерибиз аз, аскерлерге каралган каржы маселеси бизде өтө татаал. Ошон үчүн чек арага байланышкан көп маселелерди чече албайбыз”, деди. Анан биз, ушинтип эле кала бергенге болбойт, бул чек ара элге керек, биздин Баткен элибиздин келечеги үчүн керек. Бизге эми ушинтип эле силердин оозуңарды карап отурганга болбойт. Бүгүнкү күндө эртеңки келечегибиз үчүн энелер-аталар, акыл-эси бар адамдар силер менен кошо аракет кылалы, мүмкүнчүлүгүбүздү колдонолу деп туруп, ошол жерде "Ыктыярдуу отряд" түзүлгөн.

Айымкан Амираева сыяктуу чек арага күйүп-бышкан карапайым адамдар Жалал-Абадда да, Ошто да табылат. Анткени жайыт, жер талаш, жолго байланышкан маселелер бул аймактарда да арбын. Бирок алар проблеманы толук чече алышпайт.

Президенттин талабы
Кошуналар менен сүйлөшүүлөрдү улантуу керек жана эң кыска мөөнөттө мамлекеттер аралык чек аралар боюнча талаш-тартыш маселелерди чечүүгө аракет жасоо зарыл. Роза Отунбаева

Президент Роза Отунбаева 22-январдагы Коргоо кеңешинин жыйынында чек ара маселелерин жоюу жергиликтүү карапайым адамдарга жардам берүүдөн, аларды өздөрүнүн аймактарында туруктуу жашап калышына шарт түзүүдөн башталышы керектигин баса белгиледи:

- Биздин мамлекеттик чек аралардын коопсуздугу аларды демаркациялоону абдан так жүргүзүүнү талап кылып жатат. Кошуналарыбыз менен сүйлөшүүлөрдү улантуу керек жана эң кыска мөөнөттө мамлекеттер аралык чек аралар боюнча талаш-тартыш маселелерди чечүүгө аракет жасоо зарыл. Ошондой эле бул чек ара маселелеринде биз азыркы учурда Баткен, Жалал-Абад жана Ош областында дыйкандарга, элге жазга карата көп жардам берип, аларды ошол жерге турукташтырууга аракет жасоо - биздин олуттуу максатыбыз. Ушуну ишке ашырышыбыз керек.

Бирок айрым байкоочулар акыркы он жылдан ашуун убакыттан бери аягына чыкпай, созулгандан созулуп келаткан чек ара тактоо иштери тез арада чечилип калаарынан күмөн санашат. Анткени Кыргызстандын Тажикстан жана Өзбекстан менен чектеш аймактарында талаштуу делген жерлер арбын. Тараптар бир канча жылдан бери ушул маселеде орток пикир таба албай, сүйлөшүүлөр дал ушундай талаштуу жерге келгени такалып, андан ары жылышы кыйын болуп турат.

Созулган сүйлөшүүлөр качан соңуна чыгат?

Коомдо бир топ талаш-тартышты жараткан Үзөңгү-Кууш, Каркыра жайлоосунун коңшу мамлекеттерге берилиши парламентте чечилген. Жогорку Кеңештеги “Ар-Намыс” фракциясынын мүчөсү Бөдөш Мамырованын айтымында, ушул тапта парламенттке чек ара маселелерин мамлекет пайдасына чечүү тууралуу сунуш келип түшө элек:
2009-жылы Өзбекстан чек араны бойлой өз алдынча аң казып салган, Жалал-Абаддагы чек ара тилкеси, 2009-жылдын 10-июну.

- Чек ара боюнча иштеген мекемелер бизге атайын мыйзам чегинде бир дагы документ көтөрүп келгенин көрө элекмин. Мамлекеттин кызыкчылыгында, чек арабызды тактап, биз ала турган жакты биз алып, тигилердики тиги жакта калсын деген мыйзамды ушул мезгилге чейин көтөрүп келе элек. Мына биз канчадан бери иштеп жатабыз. Андан көрө биз бул жерди берип коёлу, анткени коңшу мамлекеттерибиз күчтүү, биз алар менен тең ата болуп сүйлөшө албайбыз , ошон үчүн бул чечилип калды эле, ушуну ратификациялап бергиле деп келгендер болуп жатат.

Кыргызстан бүгүнкү күндө Кытай менен гана чек арасын толугу менен аныктап алган. Казакстан менен чек араны тактоо аяктап калды деген менен бир-эки жагдай калганы айтылууда. Тажикстан жана Өзбекстан менен чек ара тактоо боюнча сүйлөшүүлөр 2000-жылдардын башында башталганы менен, бир токтоп, кайра уланып аягына чыкпай келүүдө. Кыргыз-өзбек өкмөттөрү токтоп калган бул ишти өткөн 2010-жылдын жазында кайра жандантууга макулдашкан. Бирок ага жетпей эле Кыргызстанда бийлик алмашып кетип, иш кайра токтоп калды.

Ошентип бул эки өлкө менен чек ара тактоо иштери кайра качан уланаары дале белгисиз бойдон.

XS
SM
MD
LG