Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:01

Атамбаевге берилген артыкчылыкты ким алат?


Алмазбек Атамбаев тарапташтары менен.
Алмазбек Атамбаев тарапташтары менен.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) Алмазбек Атамбаевдин кайтаруудагы күзөт кызматкерлери алып салынганын айтып чыкты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) бул маалыматты ошол замат четке кагып, Алмазбек Атамбаевдин коопсуздугу үчүн зарыл болсо күзөтчүлөрдү көбөйтүп берүүгө даяр экенин билдирди.

Мурдагы өлкө башчыга берилген артыкчылыктарды кайтарып алуунун юридикалык жол-жобосу жана Атамбаевге коюлган дооматтарды териштирүүнүн укуктук өңүтү боюнча кайчы пикирлер айтылууда.

"Керек болсо, кошуп беребиз..."

КСДП Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүндө кайтаруудагы мамлекеттик күзөт кызматкерлери 28-июнь күнү таңга жуук алып салынганын жарыялады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) расмий өкүлү Рахат Сулайманов «Азаттыкка» берген комментарийинде КСДПнын билдирүүсүн жокко чыгарып, буларды айтты.

Рахат Сулайманов.
Рахат Сулайманов.

«Экс-президент Атамбаевдин кайтаруудагы күзөт кызматкерлери алып салынганы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Учурда экс-президентти кайтарган күзөт кызматкерлеринин саны мурдагыдай эле. Улуттук коопсуздук ммамлекеттик комитети (УКМК) экс-президенттин коопсуздугу үчүн зарыл болгон учурда күзөт кызматкерлерин дагы кошумча күчтөп берүүгө даяр».

«Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзамга ылайык экс-президенттерге бир топ мамлекеттик камкордуктар каралган.

«Экс-президент өмүр бою мамлекеттик кайтарууда болот. Өзү, жубайы жана анын багуусундагы жашы жетпеген балдары медициналык кызматтарды бекер пайдалана алат. Мамлекеттик дачалардын бири өмүр бою пайдаланууга берилет. Пенсияга чейин акчалай колдоо, кийин пенсия чегерилет. Анын көлөмү учурда иштеп жаткан президенттин айлыгынын 75 пайызын түзөт. Экс-президент Кыргызстандын ичинде өкмөттүн кармагындагы бардык байланыш каражаттарынын түрлөрүн акысыз жана каалаган учурунда пайдалана алат».

«Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзам боюнча бул артыкчылыктар экс-президентке карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө кирген учурда токтотулат.

КСДПнын юристти Нурбек Касымбеков аталган мыйзамга ылайык Атамбаевге каралган мамлекеттик камкордук алына электигин билдирди. Ошол эле учурда Жогорку Кеңештин Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу чечимин да мыйзамсыз деп эсептейт.

Нурбек Касымбеков.
Нурбек Касымбеков.

«Конституциянын 28-беренесинде «Адамдын жоопкерчилигин белгилөөчү же оорлотуучу мыйзам өткөн мезгилге карата колдонулбайт» деп жазылган. Демек бул мыйзам экс-президент Алмазбек Атамбаевге тиешелүү эмес. Себеби Алмазбек Атамбаев 2017-жылдын 24-ноябрында мурдагы мыйзам менен экс-президент статусун алган. Жогорку Кеңеш болсо быйыл 4-апрелде кабыл алган мыйзамга таянып, мыйзамды Алмазбек Атамбаевге каршы өткөн мезгилге карата иштетип жатышат. Жаңы кабыл алынган мыйзам болсо артка иштебейт».

Атамбаевдин кол тийбестиги «Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» 2019-жылдын 27-майында күчүнө кирген мыйзам менен алынды.

Бул мыйзам боюнча экс-президенттер мамлекеттик бийлик органдарында саясий, мамлекеттик кызматтарды ээлей албайт, саясий партияларда жетекчи болууга же башка партиялык иштерге аралашууга акысы жок.

Бул милдеттерди аткарбаган шартта экс-президент мыйзамда каралган бардык кепилдиктерден ажыратылат. Андан тышкары президент учурунда өтө оор кылмыш жасагандыгы тууралуу ага Жогорку Кеңеш күнөө коюп, аны Башкы прокуратура негиздүү деп тапкан учурда кол тийбестиктен ажыратылат.

КСДП Атамбаев 2017-жылы экс-президент макамын алганын, ал эми жаңы кабыл алынган мыйзам артка иштебесин жүйө кылып жатат.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 27-июнда парламентте сүйлөп жатып, бул талаш-талкууга жооп берген.

Өткүрбек Жамшитов.
Өткүрбек Жамшитов.

«Бул мыйзам жаңы оорлотуучу жагдайларды алып келген жок. Азыр тергөө жүрсө мурдагы эле мыйзамдар менен жооп берет. Бардыгы мыйзам алдында бирдей деген Конституциянын талабы аткарылып жатат. Жаңы мыйзам оорлотуучу жаңы милдеттер менен жагдайларды пайда кылган жок. Мисалы, «Коррупция» беренеси 2010-2015-жылдары деле бар болчу. Азыр деле бар. Эгерде ошол убакта бул берене жок болуп, жаңы кирип жатса мыйзам артка иштемек эмес. Иштин баары мыйзам талаасында болуп жатат».

Сөз болуп жаткан мыйзам Конституциялык палатанын 2018-жылдын 3-октябрында «Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жѳнүндѳ» мыйзамдын 12-беренеси Конституциянын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө каршы келет деген чечиминен кийин депутаттар тарабынан иштелип чыккан.

Документтин авторлорунун бири, депутат Исхак Масалиев Жогорку Кеңеш Атамбаевдин кол тийбестигин алып, аны жөнөкөй жарандар менен бирдей укуктуу кылып койгонун, калган ишти күч органдары жүргүзүшү керектигин белгиледи.

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

«Жогорку Кеңеш тергөө органдарына мүмкүнчүлүк берип жатат. Эми алар болгон ишти иликтеп чыгат. Менин пикиримде экс-президент кол тийбестикке таянып «эч нерсеге жооп бербейм» дегени туура эмес. Эми экс-президент суракка барып көрсөтмө берип, жооп бериш керек. Иштин аягына сот гана чекит коёт».

«Эми мурдагы президентке кайсы күч органы иш козгойт, тергөө иштерин ким алып барат?» деген суроолор берилип жатат. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда Атамбаевге тагылып жаткан беш доомат Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Аскер прокуратурасы сотко чейинки өндүрүш иштерин жүргүзүүдө.

«Бул да өтө чоң маселе. Менин түшүнгөнүм боюнча Башкы прокуратура экс-президент мурдагы кол башчы болгонуна байланыштуу бул ишти Аскер прокуратурасы карайт. Бирок азыр ишти ким козгоду, ким тергейт - баары жөн гана сөз жүзүндө айтылып жаткандыктан бир нерсе деп айтуу кыйын», - деди Алмазбек Атамбаевдин өкүлү Сергей Слесарев.

Жогорку Кеңеш Атамбаевдин кол тийбестигин 27-июндагы жалпы жыйынында алды. Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратууга 103 «макул», алтоо «каршы» добуш берди.

Мурдагы мамлекет башчыга «Кой-Таштагы үйүнүн жерин мыйзамсыз алган, кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотууну уюштурган, «мыйзамсыз баюу», Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупцияга аралашкан, Бишкек ЖЭБине көмүр ташыган ишкананын кызыкчылыгын коргогон» деген деген беш доомат коюлуп жатат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG