Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:04

Апта: Саясаттагы ажырашуулар, геосаясаттагы тобокелчиликтер


"Республика - Ата Журт" партиясынын лидерлери - Өмүрбек Бабанов менен Камчыбек Ташиев
"Республика - Ата Журт" партиясынын лидерлери - Өмүрбек Бабанов менен Камчыбек Ташиев

Узап бараткан жумада “Республика-Ата Журт” партиясы бөлүнүүгө кадам таштады. Валюта базарындагы абал жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү убайымга салды.

ГЭСтер боюнча келишимдин бузулушу Москва менен Бишкектин мамилесинде романтикалык мезгил бүтүп, реалдуулукка таянган жаңы доор келгенин көрсөтүүдө.

Босогодо жаңы саясий сезон...

Кыргызстан чоң саясий өнөктүктөрдүн алдында турат. Ал 27-мартта боло турган жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен башталып, 2017-жылы президенттик шайлоо менен жыйынтыкталышы керек. Маселе мына ушул шайлоолордо мамлекетти төкпөй-чачпай алып өтүүдө турат.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо өзгөчө курч күрөш Ош шаардык кеңеши үчүн жүрөт. Ош шаардык кеңеши акыркы жылдары саясий күчтөр жана партиялардын айыгышып күрөшкөн аренасына айланганы маалым. Бул ирет да ошол көрүнүш кайталанчудай болуп турат.

Мына ушундай шайлоолор алдында саясий партиялардын, күчтөрдүн ажыроосу, кайра биригүүсү кадыресе көрүнүш. Мына ошонун капшабы 2015-жылы парламенттик шайлоого бирге барган “Республика-Ата Журт” партиясына да тийип, “Ата Журт” партиясы жергиликтүү кеңештерге шайлоого өзүнчө барууну чечти.

Бул маалыматты “Республика-Ата Журт” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Нурланбек Шакиев ырастады:

Нурланбек Шакиев
Нурланбек Шакиев

- Жер-жерлердеги активдүү электорат ушундай талап менен Камчыбек Ташиевге кайрылышып, жергиликтүү шайлоолорго “Республика - Ата Журтка” кошулбай, өз алдынча барышыбыз керек деп айтышты. Жетекчилик ойлонуп көрүп, ага макул болдук. Эмки шайлоолорго өзүнчө катышабыз.

Ошентип, “Республика-Ата Журт” партиясы да “Бүтүн Кыргызстан-Эмгек” партиясынын тагдырын кайталап, эки жол менен кете тургандай болуп калды. “Бүтүн Кыргызстан-Эмгек” бирикмеси былтыркы парламенттик шайлоодогу жеңилүү ызасынан тараса, “Республика-Ата Журттун” бөлүнүүсү мандат бөлүштүрүүдөгү таарынычтардан тартып, лидерлердин амбицияларына барып такалат.

Өмүрбек Бабанов да, Камчыбек Ташиев да биринчи болууну көздөйт жана экөөнүн тең президенттик амбициясы бар. “Республика-Ата Журтта” экөө тең төрага болгон менен Бабанов биринчирээк болуп, үстөмдүк кылып келе жатат.

2015-жылкы парламенттик шайлоонун алдында жүдөткөн сот жана абактарга байланыштуу Камчыбек Ташиев мындай экинчи ролго аргасыз макул болгон эле. Ал эми парламенттик шайлоонун жыйынтыктары Ташиевге ишеним берип, ал экинчи ролго көнбөй калды. Эми ал өзүн биринчи ролго алып чыккан шартта мурунку партиялаштары жана башка саясатчылар менен биригүү жөнүндө сүйлөшүү жүргүзүүдө.

“Республика-Ата Журтта” башталган мына ушул ажырым Өмүрбек Бабановдун президенттик амбициясына кыйла сокку уруп, бийликтин чочулоосун басаңдатат.

Ажырашуу жана биригүү жараянын “Республика-Ата Журт” эле эмес, башка партиялар да башынан кечирүүдө. Парламенттик шайлоо алдында чоң күчкө айланчудай болгон “Ата Мекен” менен “Улуттар биримдигинин” аралары алда качан алыстаган.

Бийлик партиясынын активдери да топ-топко бөлүнүп, саясий келечегибиз кандай болот? Президент, партиянын лидери жарыялаган конституциялык реформа эмне болот? Мураскер ким болот деп бал ачып отурат.

Эс алуу багыттары өзгөрдү. Стратегиялык өнөктөшчү?...

Президент Алмазбек Атамбаев болсо кезектеги эмгек өргүүсүнө чыгып, Индияга кеткени кабарланды. Мамлекет башчысы былтыр жылдын соңунда алган эмгек өргүүсүн Кытайда өткөргөн эле. Ага чейинки эмгек өргүүлөрүн адатта Түркияда өткөрчү президент, эмнеге багыттарын өзгөрттү деген күдүктөнүүлөр да көп.

Президент Алмазбек Атамбаев
Президент Алмазбек Атамбаев

Президенттин эмгек өргүүсүнүн багыттары бирде чыгыш, бирде түштүк, бирде батыш болуп өзгөрүп турганы менен стратегиялык өнөктөш күтүүдө Москва багыты тандалып алынган. Бирок энергетикалык долбоорлордо Орусиянын артка кетүүсү стратегиялык өнөктөш менен мамилеге да көлөкөсүн түшүргөндөй болуп калды. Энергетикалык долбоорлордун токтотулушу эки президенттин такай жолугушуп, талкуулай турган предметтин жоголушуна да алып келди.

Евразия экономикалык биримдигине Кыргызстан киргенден кийин пайда болгон кыйынчылыктар, Бажы биримдигинен Кыргызстан күткөн бажы төлөмдөрүнүн келбей калышы кыргыз-орус мамилесин ыңкылаптан кийин пайда болгон үмүткө толгон романтикалык мезгил бүтүп, катаал реалдуулук келгенин кабарлайт. Бул реалдуулукту аңдап көрүп, ага жараша саясат жүргүзүүгө Алмазбек Атамбаевде убакыт аз калууда. Москва да ошого жараша мамилеге өтүп, тагыраак айтканда, эч кандай иш жүргүзбөй, күтүү режимине өткөнү байкалат.

Эки стратегиялык өнөктүн мамилесин сегиз кыргыз жаранынын Москвада өрттөн каза табышы, Кыргызстанда орус тилдүү эки бала органдарын пайдалануу үчүн сатылганы тууралуу Бишкектеги орус элчилигинин такталбаган маалыматы Москва менен Бишкекти “сен”, “мен” дегенге чейин алып барды.

Ал эми “Русгидронун” Кыргызстандагы иштери же ал сарптадым деген 37 млн. доллар эки тараптын талашына айланчудай болуп калды.

Кыргызстан менен Орусия ГЭСтер боюнча 2012-жылы жетишкен келишим боюнча, кайсы бир тарап андан чыга турган болсо, анда экинчи тараптын чыгымы төлөнүп берилиши керек. “Русгидро” Жогорку Нарында ГЭСтерди кура баштоо үчүн 37 млн. доллар сарптаганын билдирген. Бирок ал Жогорку Кеңеште чоң күмөндү жаратып, ал чыгымдарды иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн.

Мына ошол комиссиянын төрагасы, “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Алмамбет Шыкмаматов “Жогорку Нарын ГЭСтери” акционердик коомунун расмий сайтында 7 миллион долларлык гана иш тууралуу отчет бар экенин, курууга кеткен материалдарды, кызмат көрсөтүүлөрдү иликтей келгенде баасы эки-үч эсе жогору болгону аныкталганын билдирди:

Алмамбет Шыкмаматов
Алмамбет Шыкмаматов

- Бетон заводу деген чакан өндүрүштү курууга 75 миң доллар кетиптир. Бирок алар документте 500 миң доллар деп көрсөтүшкөн. Көпүрө курууга 500 миң доллар кетти деп көрсөтүшүптүр. Биз сайттарды карап, андагы маалыматтан улам көпүрө куруу андан эки-үч эсе арзан болорун аныктадык. Курула элек ГЭСтердин жаратылышка, экологияга тийгизген таасирин иликтөө үчүн тендер жарыялашкан. Анда жеңген жеке менчик лабораторияга 200 миң доллар беришиптир. Мен ал эмне деген лаборатория экенин, эмнеге өзүнүн кызматын 200 миң долларга баалаганын түшүнө албай турам. Менимче, аны адистер миң доллар акы алып эле иликтеп беришмек.

Шыкмаматовдун маалыматы боюнча, андан сырткары күзөт агенттигине 200 миң доллар төлөнгөн. ГЭСтерди курууну мактап-жактап жарнамалоо үчүн 50 миң долларга жакын каражат кеткен жана 10 жүк ташуучу унааны сатып алууга 1 миллиондой доллар жумшалган.

“Русгидронун” чектен ашкан коррупциялык иштери жөнүндө маалыматтар Орусиянын өзүндө да чыккан. Бирок алар аягына жетпей дымып калган. Кыргызстанда бул иш канчалык жыйынтык берерин айтуу кыйын. Анын үстүнө УКМКнын ГЭСтерди куруудагы коррупция боюнча буга чейинки текшерүүсү жыйынтыксыз экенин “Жогорку Нарын ГЭСтери” акционердик коомунун директорлор кеңешинин кыргыз тараптан дайындалган мүчөсү Чоробек Акунов билдирүүдө.

ГЭСтердин курулушуна 37 миллион доллар сарпталганы айтылган, бирок депутаттар ал сумма жасалган жумуштан өтө эле көп экенин билдиришүүдө.
ГЭСтердин курулушуна 37 миллион доллар сарпталганы айтылган, бирок депутаттар ал сумма жасалган жумуштан өтө эле көп экенин билдиришүүдө.

Кыргызстандын мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов ГЭСтер боюнча келишимди бир тараптуу бузуу Кыргызстан тараптан жасалган калпыс кадам болуп калды, ал Борбор Азия регионунда геосаясий кырдаалдын өзгөрүүсүнө алып келет дейт.

Орусия баары бир эң башкы өнөктөш бойдон кала берет. Бирок бардык маселелер боюнча 100% ынак болгон мамиле басаңдагандай көрүнөт.
Эмил Жураев

Кремлдин расмий Бишкекке карай мамилесинин өзгөрүүсү орус саясат талдоочуларынын Кыргызстанга карата терс пикирлеринен байкала баштады. 4-февралда интернеттеги Ютуб сайтына "Алмазбек Атамбаев Түркия менен тыгыз байланышта, ошондуктан Орусия менен стратегиялык өнөктөштүккө доо кетирген чечимдерди кабыл алууда" деп айыптаган фильм жарыяланды. Жогорку кесипкөйлүктө жасалган фильм атайын кызматтардын иши экени байкалып турат.

Саясат таануучу Эмил Жураев Кыргызстан менен Орусиянын мамилеси басаңдаганы менен, Москва Бишкектин стратегиялык өнөктөшү бойдон кала берет дейт:

Эмил Жураев
Эмил Жураев

- Кайсы бир деңгээлде кризистин негизинде, Орусиядагы экономикалык кризистин негизинде жана жалпы эле эл аралык геосаясий өзгөрүүлөрдүн негизинде Кыргызстанга болгон Орусиянын өзгөчө мамилеси, көңүл буруусу бир аз басаңдагандай көрүнөт. Кыргызстан үчүн ГЭС боюнча кырдаал эң чоң маселе болуп калды. Албетте, буга байланыштуу Кыргызстан тышкы саясатта артыкчылык берген тараптар өзгөрөт деп айтпайт. Орусия баары бир эң башкы өнөктөш бойдон кала берет. Бирок бардык маселелер боюнча 100% ынак болгон мамиле басаңдагандай көрүнөт.

Эмил Жороев Орусиянын Түркия, Сауд Арабия, Катар менен мамилеси курчуп баратканда Кремлдин тышкы саясатын кармануу Кыргызстанга кыйын болуп жатканын кошумчалады.

Кыргыз-орус мамилесиндеги ушундай оош-кыйыштар президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаковду билдирүү менен чыгууга мажбур кылды. Ал Кыргызстандын тышкы саясатында артыкчылык берген багыттар өзгөрбөйт деп айтты.

Улуттук банктын интервенциясы ийгиликке жетти

Улуттук банктын январь ичи тынымсыз интервенциясы өзүнүн максатына жетип, улуттук валюта сом убактылуу туруктуулукка ээ болду. Ал эмес Кошмо Штаттарда экономикалык көрсөткүчтөрдүн алсызданышына жараша доллардын бекемделүүсү токтогондуктан сом узап бараткан жумада долларга карай бекемделе баштады. Жума башында 1 доллардын баасы 76 сомдон ылдыйлай баштап, жекшемби күнү эртең мененки саат 9дагы көрсөткүч боюнча Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда 1 АКШ доллары 72 сомдон сатылды. Ал эми сатып алуу 71,50 сом болду. Айрым акча алмаштыруучу жайларда мындан да арзан көрсөтүлүүдө. Улуттук банктын расмий көрсөткүчү боюнча болсо 1 АКШ доллары 74 сом 78 тыйын деп турат.

Доллар сомго карата ушул жумада арзандады
Доллар сомго карата ушул жумада арзандады

Улуттук банк буга чейинки интервенцияларынын жемишин татып, февраль айында бир да жолу интервенция жасай электигин канааттануу менен белгиледөөдө.

Бирок улуттук валюта сомдун туруктуулугу же кошуна негизги өнөктөрдүн валютасына караганда кымбаттыгы жергиликтүү экспортко товар чыгаруучуларды эле эмес, жалпы эле өндүрүүчүлөрдү ыңгайсыз абалга алып келүүдө.

Сокулуктагы “Ак куу” тоок фабрикасынын жетекчиси Нургүл Малабаева теңгенин девальвациясы алардын товарларынын өтпөй калуусуна алып келгенин билдирди:

- Казакстанда теңгенин курсу түшүп кетти. Бирок баалар кармалып турат. Казак өкмөтү бааларды көзөмөлдөп жатат. Ошондуктан товарларын Кыргызстанга алып келип, сомго сатып, доллар алып кетишүүдө. Ошонун айынан биздин продукция өтпөй калып жатат. Бишкекте товарларыбыз өтпөй калды, эмне болуп жатат деп кечээ күнү Ош тарапты кыдырып келдим. Бардык жерде эле Орусия менен Казакстандын жумурткалары экен.

Кыргызстандын соода палатасынын төрагасы Марат Шаршекеев 1 рубль 1 сом 40-50 тыйын болуп турушу республика үчүн ыңгайлуу экенин белгилейт. Кыргыз-орус валюталарынын мына ушундай катнашы Кыргызстандын жүз миңдеген эмгек мигранттары үчүн да пайдалуу экени айтылган. Бирок Улуттук банк сомдун азыркы курсун базар аныктаган курс дейт.

Ал эми өкмөт аппаратынын финансы жана насыя саясаты бөлүмүнүн башчысы Азиз Аалиев сомдун теңге жана рублге карата курсу жергиликтүү экспортчуларга оорчулук жаратып жатканын моюнга алат:

- Биринчиден, экспорт менен иштеген биздин бирикмелерде, ишкерлерде бир кыйынчылыктар пайда болуп жатат. Биз аларды азыр талдап, карап жатабыз. Өкмөттүк деңгээлде кандайдыр бир чаралар көрүлүшү керек.

“Ак куу” тоок фабрикасынын жетекчиси айткандай, валюталардын курсунун айырмасынан экспортчулар эле эмес, ички базарга товар сатуучулар да кыйынчылыкка туш болууда. Казакстан, Орусия жана Беларустан келген арзан товарлар ички базарда да кыргыз товарларын четке сүрүп чыгарып, андан жергиликтүү өндүрүш жабылуу коркунучуна кабылууда.

Бирок бийлик башындагылар сомдун андан ары девальвациясы тышкы карыздын өсүүсүнө, инфляция жана баалардын көтөрүлүшүнө алып келет деп, Улуттук банк үчүн канчага турбасын сомду кармоо талабын койгону маалым. Ошол себептен Улуттук банк январь айында күн сайын интервенция жасап, 65 млн. доллардан ашуун сатты. Мунун айынан ички базарда долларга болгон талап канааттандырылып, накталай сом азайды. Анын натыйжасы доллардын курсунун төмөндөөсү менен көрүнүп турат.

Бирок бул саясаттын экинчи жагы жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү ыңгайсыз абалга калтыруу жана валютанын сыртка агылып кетүүсү менен коштолууда.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG