Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:38

Апта: Кумтөр кармашы көпкө созулчудай


Узап бараткан аптада Жогорку Кеңеш “Центерра Голд” менен кыргыз өкмөтү жетишкен меморандумду четке какты. Евразия экономикалык биримдигинин саммитине Кыргызстандын президенти катышпай калды.

“Центерра Голд” менен кыргыз өкмөтү жетишкен меморандумду Жогорку Кеңеш четке какты. Өкмөткө 23-декабрга чейин Кыргызстандын Кумтөр долбоорундагы позициясын жакшыртуу үчүн сүйлөшүү жүргүзүү тапшырылды. Эгерде сүйлөшүүдөн натыйжа чыкпаса, анда өкмөт Кумтөр боюнча мурунку келишимдерден чыгуу жараянын баштоого тийиш.

Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтү кырдаалдын мындай өнүгүүсүнө каршы турууга аракетин аябады. Ал аракетти колдоого депутаттар арасында тийиштүү түшүндүрүү иштери алдын-ала жүргүзүлгөнү да айкын болду. Бул өзгөчө президентке жакын КСДП, "Ар-намыс" фракциясынын көпчүлүк депутаттарынын жана “Республикадан” бөлүнүп чыккан лидер депутаттардын “унчукпай кутулуу” позицияларынан байкалды.

КСДПнын лидери Чыныбай Турсунбеков меморандумга каршы добушту берүүгө аргасыз болгонун жашырган жок:

- Биздин мындай чечимге макул болушубуздун себеби, мына ушул оюндун артында тургандар идеологиялык жазаны моюнга илип, ким өкмөттүн ушул чечимин колдосо, ал өлкөнүн чыккынчысы, ал сатылган адам болот деген айыпты илип койгон үчүн биз мына ошондой жарлыкты моюнубузга илип алып, элдин алдына чыккыбыз келген жок. Ошондуктан биз дагы популисттик чечимди колдоого аргасыз болдук.

Меморандумду четке кагууда “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен “Ата Журттун” иш жүзүндөгү лидери Акматбек Келдибековдун аракети күчтүү болду. Жоолашкан эки саясатчы Кумтөр кармашында бир позицияда болушту. Өзгөчө “Ата Мекендин” лидеринин күчтүү позициясы парламенттеги көпчүлүк коалицияны өз өкмөтүнүн меморандумун четке кагууга мажбурлоодо чоң роль ойноду:

- Чет элдик компаниялар гезиттерге акча берип, бүгүн карасаң КТР баш болуп, гезиттер акча алып, "депутаттар элди ойлобогон акмактар, элдин душманы" деп жаздырып жатат. Биздин өкмөт да ушулардын ырын ырдап жатат. Бардык үчүнчү дүйнөнүн жүздөгөн өлкөлөрү, Латын Америкасы, Азия, Африка, тарыхты карап окугула, бардык жерде кендерди тартып алган. Анткени аны уурдап кеткен. Алдап кеткен. Муну жокко чыгаруу деп атайт. Мурунку мыйзамсыз режимди кетиргенден кийин жаны режим макулдашууларды кайра карап чыгыш керек. Болбосо революция болбойт. Болгону биз Бакиевдин кабинетине кирип алган болобуз.

Бирок Жогорку Кеңештин меморандумду четке кагуусу менен маселе чечилип калган жок. Анткени эки айдан кийин Жантөрө Сатыбалдиев ошол эле меморандумду парламентке алып келиши күтүлөт. Болгону Кыргызстан 100 млн. долларга сатып алышы белгиленген 4% акция жөн берилиши мүмкүн. Мына ушундай вариант реалдуу экенин вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев да жашырган жок.

"Кумтөр" ишканасынын кызматкерлери
"Кумтөр" ишканасынын кызматкерлери
Маселенин мына ушул вариантта чечилиши Жогорку Кеңеш менен президент, өкмөттүн ортосунда тирешүүнү жаратышы мүмкүн. Бул өз кезегинде же Жогорку Кеңештин таркашы, же өкмөттүн кызматтан кетүүсү менен аяктайт. Албетте мындай шартта акыркы жана чечүүчү сөздү президент айтат. Эгерде ал өкмөттү сактап калууну чечсе, анда парламентти таркатууга барып, жаңы шайлоо жарыялайт.

Кырдаалдын мындай өнүгүүсү депутаттардын Кумтөр боюнча азыркы позициясында канчалык бекем туруусуна жараша болот. Эгерде депутаттар 50% макул деп калса, анда жаңы коалиция түзүлүүгө жол ачылат. Анткени “Ата Мекен” фракциясы үчүн 50% макул болуу кыйын. Ошондуктан алар коалициядан чыгууга аргасыз болушат. Мындай учурда жаңы коалиция түзүлүп, өкмөт алмашып, парламент сакталып калат.

Кумтөр эпопеясында жаңы жагдай түзүүлүдө. Бул 2003-жылдагы коррупциялык келишимге жол берди делгендер кармала баштады. Жума күнү Башкы прокуратура 2003-жылы өзгөчө кырдаалдар министри болгон Темирбек Акматалиев менен ошол кездеги каржы министри Болот Абилдаевди кармап, сотко алып келди. Октябрь райондук соту аларды үй камагына чыгарды.

Башкы прокуратуранын тергөө тобу бул мурунку үлкөн чиновниктерге коррупцияга энчилеш болгон деген айыптарды коюп жатат. Башкы прокуратура буга чейин бул иш боюнча үч кишини кармап, сот аларды да үй камагына чыгарган эле. Ал эми 2003-жылкы келишимди түзүүгө өзгөчө салым кошкон ал кездеги өкмөт башчы Николай Танаев, Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаевге издөө жарыялаган. Аскар Акаевдин өзү боюнча маселе көтөрүлө элек.

Кыргызстандык эксперттер “Центерра Голд” менен мүмкүн болуучу соттошууда утуу үчүн 2003-2009-жылкы келишимдердин коррупциялык болгонун далилдеп алуу зарылдыгын белгилеп келатышат. Мына ошондуктан Акаевдин мезгилиндеги министрлердин кармалышын да бир жагынан мына ошол соттошууларга даярдык катары көрүүгө болот.

Атамбаев Минскиге барбай калды

Бул жумада Минскиде Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн президенттери саммитке чогулушту. Ал жерде Бажы биримдигинин айланасындагы маселелер талкууланды.

Бул биримдикке кирүүгө бел байлаган Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев саммитке барбай койду. Президенттин ордуна биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев барды.

Оторбаев саммит алдында Бажы биримдигине Түштүк Корея менен Жапонияны чакырган эле, саммиттин учурунда казак президенти Нурсултан Назарбаев Түркияны кабыл алууга үндөдү. Ал эми орус президенти Владимир Путин биримдикке кирүүгө ниетин Индия да билдирип жатканын кабарлады. Мына ошентип үч өлкө түзгөн Бажы биримдиги үлкөн геосаясий максаттарын жарыя кылды.

Ал эми чыныгы реалдуулукта болсо Бажы биримдигине кирген өлкөлөр ортосунда нааразылыктар өсүп келатканы байкалды. Маселен, казак президенти Нурсултан Назарбаев Бажы биримдигинин жемишин Казакстан жакшы көрбөй жатканын билдирди. Казак мамлекет башчысынын айтымына караганда, Бажы биримдигине кирген өлкөлөрдүн өз ара соодасы өстү. Бирок Казакстанга Беларус жана Орусиядан импорт өсүп, Казакстандын экспорту өспөй жатат. Анткени Орусия техникалык-регламенттерге таянып, казак этин өткөрбөй жатат.

Нурсултан Назарбаев Биримдик ичиндеги дагы мындай кемчиликтерди атады:

- Евразия экономикалык комиссиясынын ишин саясатка айлантуу, каражаттарын коромжуга учуратуу фактылары орун алып жатат. Ошондуктан комиссиянын иштөө регламентин бузууга жол бербеш керек. Чечим кабыл алаарга бир күн калганда документтер түшкөн учурлар жок эмес. Комиссиянын орус тараптагы мүчөлөрү орус өкмөтүнүн жыйынына катышып, ал жактан тапшырма алышат. Ал эми биздин келишим боюнча комиссия, анын коллегиясынын мүчөлөрү эч бир өкмөткө баш ийбейт. Биз буга чейин жетишкен келишимдерди ишке ашырышыбыз керек. Азыр алсак, мунай жана газды ташуу, темир жол тарифтери, электр энергия чечилбей жатат. Келгиле, мына ушуну турмушка ашыруунун үстүнөн иштейли. Биз буларга кол койгонбуз, келишкенбиз да.

Кыргызстанды Бажы биримдигине кабыл алуу маселесине токтолгон Нурсултан Назарбаев Бишкекти байкоочу катары кабыл алууга болорун белгилеген.

Минск саммитине Алмазбек Атамбаевдин барбай калуусуна токтолсок, кыргызстандык талдоочулар аны Минскинин Курманбек Бакиевди экстрадициялоодон баш тартуусу менен байланыштырууда. Саясат таануучу Марат Казакпаев:

- Беларус Бакиевди экстрадициялоо маселесине такыр кол шилтеп жатат. Лукашенко ачык эле Бакиевди колдоп жүрөт. Ошондуктан биздин президент туура кылды, эмнеге бармак эле? Ал деле Бишкек саммитине келген эмес. Биз деле өзүбүздүн позициябызды тышкы аренада айтышыбыз керек, жөн эле кол көтөрө бербей.

Беларус президенти Александр Лукашенко өз кезегинде Кыргызстанды Курманбек Бакиевди унутууга чакырды. Ал эми Бишкекти Бажы биримдигине кабыл алуу маселесинде болсо, Беларус президенти Кыргызстан Бажы биримдигинин бардык шарттарын аткарыш керек деп турат.

Кыргызстан өз кезегинде Бажы биримдигине кирүү үчүн кыргыз экономикасындагы бир катар тармактарга 5-6 жылга чейин жеңилдиктерди берүүнү суроодо. Бул маселелердин баары Кыргызстан менен Бажы биримдигине мүчө өлкөлөр кабыл ала турган жол картасында такталмакчы.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG