Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:28

"Ар-намыс" өз кишисин кызматтан ала албай убара


"Ар-намыстын" лидери Феликс Кулов Чүйдүн Байтик айылындагы тарапкерлеринин алдында. 8-октябрь, 2010.
"Ар-намыстын" лидери Феликс Кулов Чүйдүн Байтик айылындагы тарапкерлеринин алдында. 8-октябрь, 2010.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Эрлан Сапарбаев менен парламенттеги “Ар-намыс” фракциясынын башчысы Феликс Куловдун ортосундагы күрөш күч алууда.

3-февраль күнү Мамкаттоо кызматынын төрагасы Эрлан Сапарбаев Феликс Куловду “коррупцияга түртүп жатат” деп айыптап чыкты. Фракция башчысы тескерисинче Сапарбаевдин келиши менен Мамлекеттик каттоо кызматында коррупция гүлдөп жатат деп айыптоодо.

Чырдын башкы себеби - коррупциябы?

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Эрлан Сапарбаевди кызматынан алуу маселеси парламенттеги “Ар-намыс” фракциясында 17-январда каралып, фракция бир добуштан аны кызматтан алууну чечкен. Демилге фракция башчысы Феликс Кулов тарабынан көтөрүлгөн. “Ар-намыстын” лидери өз демилгесин Эрлан Сапарбаев жүктөлгөн ишеничти актай албады деп бекемдөөдө.

Феликс Кулов “Азаттыкка” да Эрлан Сапарбаевдин Мамлекеттик каттоо кызматына келүүсү менен тармакта коррупция өсүп-өнүктү деген пикирин айтты:

- Эң башкысы - таза иштеш керек. Бул жигитти мага “жакшы жигит, таза иштейт” деп сунуштап алып келишкенде мен аксакал катары кеп-кеңешимди айткам. “Таза иште, пара алба, жакшы иштесең сен да бай болосуң, мыйзамдуу бай болосуң. Ал жакта азгырыктар көп, алардан этият бол” деп айткам. Азыр эми ал мен тууралуу туура эмес сөздөрдү айтып, экөөбүздүн мамилеге байлап жатат. Таптакыр андай эмес, ал көрсөттү: иштей албайт. Биз конкреттүү факт менен көрсөтүп берип жатабыз. Күч органдары тарабынан Мамлекеттик каттоо кызматына канча иш козголуп атат. Эмне үчүн ушуларды айтпайт?

Эрлан Сапарбаевди кызматынан чакырып алуу тууралуу “Ар-намыс” фракциясынын чечиминен кийин Мамлекеттик каттоо кызматынын ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн атайын өкмөттүк комиссия түзүлгөн. Аталган комиссия Мамкаттоого Эрлан Сапарбаев төрага болуп келген убактан берки ишти текшерүүдө. Азырынча комиссия ишин жыйынтыктай элек, ушундан улам алдын-ала маалымат берилбесин аталган комиссиядан билдиришти.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Эрлан Сапарбаев болсо тескерисинче “Ар-намыс” фракциясынын лидери өзүн коррупцияга түртүп жатканын билдирүүдө. Анын айтуусунда, фракция лидери менен пикир келишпестик лидердин инвестициялык конкурс өткөрүү тууралуу сунушунан улам келип чыккан:

- Феликс Шаршенбаевич мамлекеттик маанидеги документтерди жекелештирүү, биздин жергиликтүү аймактык органдарды автоматташтыруу, бирдиктүү калктын реестрин түзүү, аны ишке киргизүүнүн баарына эл аралык сынак жарыялап, утуп чыккан чет элдик компанияга муну берүү керек деп сунуш кылып атат. Мен каршы чыгып, маалымат базасын, маалымат системасын мамлекет жасай алган соң, башка бирөөгө берүүнүн кажети жок деп атам. Өзүбүздүн каражат менен иштеп чыгып, киргизүүбүз керек, анткени бул улуттук коопсуздукка жатат.

Эрлан Сапарбаев мунун баары Мамлекеттик каттоо кызматынын колунан келген иш болгон соң, анын баарын жеке ишканага берүүнүн зарылчылыгы жок деп эсептейт.

Эрлан Сапарбаев: Кулов менен соттошууга даярмын
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:00 0:00


Айдоочулук күбөлүк канча турат?

Мамлекеттик каттоо кызматынын алдында 2012-жылы 16-октябрда мамлекеттик жекелештирүү борбору ишке кирген. Аталган борбор тарабынан бүгүнкү күнгө чейин жарым миллиондон ашуун ички паспорт жасалган. 2013-жылдын жарымынан тарта аталган борбор жалпы жарандык паспорт жасоону да колуна алган, ушул учурга чейин 60 миңге чукул жалпы жарандык паспорт даярдалган. Ошондой эле кыска мөөнөттө даярдалуучу паспорттун баасы 35% арзандаган. Мамлекеттик бюджетке 2013-жылы 1 млрд. сомдон ашуун каражат түшкөн, бул мурдагы жылга салыштырмалуу 200 млн. сомго көп.

Ошол эле учурда Мамлекеттик каттоо кызматында коррупция токтобой жатканы тууралуу маалыматтар бар. Бүгүнкү күнү айдоочунун күбөлүгүн сатып алуу чет элдик жарандар үчүн 500 доллар, кыргызстандыктар үчүн 5 миң сомдун айланасында деген сөздөр айтылып жүрөт.

Эрлан Сапарбаевдин айтымында, канча жылдан бери калыптанып калган коррупцияны бир жарым жылда жоюп салуу оңой эмес, айрым мыйзамдар өзгөртүүнү талап кылат:

- 2012-жылга караганда былтыр биздин тармактын ишине карата козголгон кылмыш иштери 30% азайды. Биздин борбордук аппаратта коррупцияга бөгөт коюу башкармалыгы түзүлдү. 45 кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, анын ичинен бешөөнү укук коргоо органдарына бердик. Иш жүрүп жатат, бирок толугу менен жоюп жиберүүгө мүмкүн болбой атат. Анткени системадагы коррупция кечээ, же бүгүн эле пайда боло калган жок, канчалаган жылдардан бери калыптанып калган схемалар. Мына ошонун бири – айдоочулук күбөлүк алуу боюнча. Бул тууралуу жаңы мыйзамдар керек. Бар мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү сунушу менен өткөн жылы сентябрь айында Юстиция министрлигине кайрылганбыз.

Фракциябы же өкмөтпү?

Кыргызстанда парламенттик башкаруу системасы ишкен киришкенден тартып, мамлекеттик кызмат жетекчилерин парламенттеги фракциялар сунуштай башташканы белгилүү. Ага ылайык, 2011-жылдын башында Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилигине “Ата-Журт” фракциясы сунуштаган Жаныбек Бакчиев дайындалган. Кийинки жылдын башында Жогорку Кеңеште коалициялык көпчүлүк алмашканына байланыштуу Мамлекеттик каттоо кызматына жетекчи сунуштоо “Ар-намыс” фракциясынын үлүшүнө тийген. 2012-жылы январда ошол туштагы өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдун буйругу менен бул кызматка “Ар-намыс” партиясынын төрага орун басары Эмил Алиев келген. Тогуз айдан кийин азыркы төрага Эрлан Сапарбаев кайра эле “Ар-намыс” фракциясынын сунушу менен өкмөт тарабынан дайындалган. Эми аны кызматтан алуу маселесине да акыркы чекитти өкмөт коёт.

Айрым талдоочулар Сапарбаев-Кулов чырынын өзөгү – депутаттар менен алардын өкүлүнүн ортосундагы интригада жатат деп белгилешүүдө.

Саясат талдоочу Марат Казакбаев бул чыр Кыргызстанда парламенттик башкаруу системасы бышып-жетиле электигинин далили деп эсептейт:

- Мамлекеттин кызыкчылыгын эмес, өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын жогору коюп жатышат бул жерде. Биздин өлкөдө башка демократиялык жактан өнүккөн өлкөлөргө салыштырмалуу парламенттик башкаруу системасы толук бышып-жетиле элек. Ошондуктан, улам бир фракциянын лидерлери мындан пайдаланып, өз кызыкчылыктары үчүн иштеп атышат. Биз мындан өтүшүбүз керек.

Айрым маалыматтар боюнча, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасын ээлеген ордунда калтыруу же калтырбоо маселеси “Ар-намыс” фракциясы менен өкмөттүн ортосундагы Кумтөр келишимине байланыштуу соодалашууга жараша да чечилиши ыктымал.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG