Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:11

Үчүнчү күчтөр таржымалы


Президенттик аппарат жетекчиси айрым депутаттарды мурдагы режимдин камчысын чаап, азыр уялбай акыл үйрөтүп жаткан үчүнчү күчтөр катары сынга алды.

Эмилбек Каптагаев мамлекет коопсуздугуна эң оболу кылмыштуу чөйрөлөр менен уюшкан коррупция коркунуч туудуруп жатат, мамлекеттик органдар аларга каршы утурумдук оюн эмес, аёосуз күрөш жүргүзүүдө деп айтты:

- Криминал менен укук коргоо органдары, криминал менен саясатчылар кимиси кайда экенин ажыратып билүү болбой баратат. Мындай заманда мамлекеттүүлүк жөнүндө айтып болбойт. Мамлекеттин келечегин элестетип да болбойт. Мурдагы таз кейпибизге келебиз. Мына ошондой болбош үчүн коомчулук мобилизация болушу керек.

Үчүнчү күчтөр кимдер?

Жаңы бийлик жолунан чыккан бардык коркунучтарды бакиевчилер, сырткы күчтөр, үчүнчү күчтөр деп көрсөтүп келатат. Ошол себептүү президенттин командасы баарын эле бакиевчилер менен тышкы күчтөргө шылтап коюп жатат, өздөрү качан жоопкерчилик көтөрөт деп сынга алгандар да көбөйүүдө. Айрыкча өткөн жылы өлкөнүн түштүгүндөгү кан төгүлгөн кайгылуу окуялар боюнча ыңкылапчыл күчтөрдүн жоопкерчилиги мыйзам менен абийирдин тараза ташына коюлуп жаткан учур.

Эмилбек Каптагаев бул сапар дагы тынч турмушка коркунуч жаратып жаткан бакиевчилер, сырткы күчтөр, үчүнчү күчтөр жөнүндө айтты. Бакиевчилер четке качып барып эле тынчып калбастан, өлкөдөгү кырдаалды бузуп-жарып, азыркы бийликти жаманатты кылуунун бардык амалын көрүп жатканын да айтты. Бакиевчилердин үнү өлкөнүн түштүгүндөгү менчик телеканалдардан жаңырып жаткандыгын мисал тартты.

Үчүнчү күчтөр деп уюшкан баңги бизнесин айлантып жаткандарды, уюшкан кылмыштуу топтор менен коюн колтук алышкан чоңдорду жана мурдакы бийликтин камчысын чаап жүргөн, азыр да аттан түшпөй, демократиялык жаңыланууга ич күптүсү бар саясатчылар катары айрымдарынын аттарын атады.

- Саясатчылардын ичинде мурунку бийликтин камчысын чаап, сөзүн сүйлөп, саясатын жүргүзүп жүргөндөр отурат бүгүн депутат болуп, уялбай кайра акыл үйрөтүп. Мына ачык эле айтайын. Акылбек Жапаров былтыркы 7-апрелге чейин биринчи вице-премьер болуп, экономика менен финансыны тескеп отурган. Мына Марат Султанов финансы министри болуп отурган. Бүгүн алар акыл үйрөтүп жатышат, бюджет мындай болбош керек, андай болбош керек деп. Былтыр бюджетти ошондой жасашпайт беле. Тарифтерди көтөрбөй, элдин канын сорбой иштешпейт беле, -деди Эмилбек Каптагаев.

Сынга чычалообу?

Жаңы шайланган парламентте мурдакы бийликтин тушунда чоң-чоң кызматтарда жүргөн Акылбек Жапаров, Марат Султанов, Акматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев жана дагы бир далай саясатчылар отурат. Мурдакы бийлик тушунда ат үстүндө жүргөндөр азыркы коалициялык өкмөттө да аз эмес. Ошондуктан парламент менен өкмөткө мурдакы режимдин камчысын чапкандар толуп алды деп утур-утур жер-жерлерде нааразылык да токтобой жатат.

Акылбек Жапаров “Ар-намыс” партиясы аркылуу депутаттыкка шайланып келген. Азыркы учурда Жогорку Кеңештин бюджет комитетинин төрагасы болуп, президент менен коалициялык өкмөттү катуу сындап сүйлөп турган чагы. Президенттин аппарат жетекчисинин ич күптүсү бар үчүнчү күчтөр жөнүндө сөздөрүн Акылбек Жапаров аткаруу бийлиги менен парламенттин иштөө табиятын түшүнбөгөндүк деп жоруп, акыйкат сынга чычалаган көрүнүш катары кабыл алды.

- Аябай көп кадрлар биринчиден кесиптик жагынан жана басып өткөн жолундагы тажрыйбасынан эмес, партиялык же шайлоо жолу менен, төнкөрүшпү же революциябы, ошондой жол менен алдыга чыгып алгандар да. Азыр мына стабилдүү турмуш боло баштаганда алар кесиптик даярдыгынын жоктугунан, интеллектуалдык көрөңгөсүнүн аздыгынан, жеп ичкенден, кыйкырып өкүргөндөн башканы билбей тургандыктан, чоң кызматтарда отуруп алып, ошолор үчүнчү күч болуп, ошолор тоскоол болуп жатат,-деди Акылбек Жапаров.

Президенттик аппарат жетекчиси менен парламенттеги күчтөрдүн кайым айтышууларын байкоочулар утурумдук кыска кызыкчылыктардын кагылышы катары жоруп жатышат. Бирок бул президенттик шайлоо жакындаган сайын саясий күчтөрдүн радикалдашуу тенденциясы күчөп баратканын көрсөтөт дешет.

XS
SM
MD
LG