Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:51

Акыйкатчы: Самаковдун ишинде далилдер солгун


Кубат Оторбаев
Кубат Оторбаев

Омбудсмен Кубат Оторбаев абакта отурган Карганбек Самаковду актоону сурап бийликке кайрылды.

Бишкек шаардык соту 1-июнда парламенттин мурдагы депутаты Карганбек Самаковго карата чыккан өкүмдү күчүндө калтырды.

"Жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялаган" деп айыпталган Самаковду былтыр 19-декабрда Бишкектин Октябрь райондук соту Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка шериктеш болуу”, “Коррупция” беренелеринин негизинде 10 жылга эркинен ажыратууга өкүм чыгарган болчу. Аны менен кошо уулу жана төрт санаалашы сегиз жылга кесилген. Бул кылмыш иши боюнча экс-премьер-министр, депутат Игорь Чудинов менен мурдагы вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиевге айыппул салынган.

Самаков 2015-жылдан бери үй камагында жатканын эске алып жана мунапыстарга ылайык абак мөөнөтү үч жылга чейин кыскартылып, натыйжада ал сот залынан камакка алынган.

Карганбек Самаковго Бишкек шаардык сотунун өкүмү чыгар алдында омбудсмен Кубат Оторбаев президентке, баш прокурорго жана Жогорку соттун төрайымына кайрылып, аны актоону суранган. "Азаттык" радиосу акыйкатчыны кепке тартты:

“Азаттык”: Карганбек Самаков акталсын деген кайрылууну бийликке жолдоонун себебин айтып бересизби.

Кубат Оторбаев: Акыркы учурда коомчулуктун көңүлүн бурган иштердин бири - Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковдун кылмыш иши болуп жатат. Соттук териштирүүлөр үч жылга созулду. Күбөлөр көрсөтмө берди.

Тергөө материалдары жана соттун жүрүшү көрсөткөндөй, Карганбек Самаковго козголгон кылмыш иши негизсиз, жасалма болгон деген ойго келдим. Анткени биздин кызматкерлер акыркы эки жыл бою анын сотуна катышты.

Биринчиден, жапа тарткан да, келтирилген зыян да жок. Экинчиден, жерди трансформациялоонун өзүн кылмыш деп кароого мүмкүн эмес. Себеби 2001-жылдан 2015-жылга чейин 15 премьер-министр, эки премьер-министрдин милдетин аткаруучу өкмөттүн 180 токтомун ар кандай убакта чыгарган.

Жалпысынан 14 жыл ичинде 47 миң гектарга жакын жер аянты бир категориядан экинчи категорияга өткөрүлгөн. Анын ичинен тандалма иретинде Самаковго байланыштуу токтом гана каралып, ошонун негизинде кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн, соттун жүрүшүндө көп дал келбестиктер болгон. Далилдер солгун, фактылар фальсификацияланган.

“Азаттык”: Соттук териштирүү туура эмес жүрдү деген ойдосузбу?

Карганбек Самаков
Карганбек Самаков

Кубат Оторбаев: Соттун жүрүшүндө окуган өкүм менен үч күндөн кийин тараптарга таратылган өкүмдүн ортосундагы айырма асман менен жердей. Окуганда такыр башка фактылар айтылган, анан кимдир бирөөлөр кийлигишип, кайра жазылган.

Өкүм окулган кез видеого тартылган. Атап айтсам, бир топ күбөлөрдү кийин кошумча эле киргизип коюшкан. Ушунун баарын эске алып, бул иш жасалма, кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы менен атайылап козголгон деген ойдомун. Ошондуктан Карганбек Самаков акталышы керек. Аны менен чогуу отурган Урмат Нурдинов, Эрнист Койчуманов, Алик Байсариев, Абай Таштанбеков, Кубанычбек Самаков да акталышы керек. Кызык жери, аты аталгандардан үч киши күбө болуп жүргөндө кылмыш иши козголуп, соттолушкан. Бул мыйзамдарга туура келбейт.

Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

“Азаттык”: Жакында абактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевдин да ишин кайра карап чыгуу боюнча кайрылгансыз. Эми Самаков боюнча кайрылуу кылдыңыз. Булар мурдагы бийликтин тушунда камалган. Ошол кезде эмне үчүн мындай кадамга барган эмессиз? Коомчулукта бул боюнча дарегиңизге сын айтылып жатканын уксаңыз керек.

Кубат Оторбаев: Бул туура эмес. Анткени сот жүрүп жаткан учурда мыйзам боюнча акыйкатчы ишке кийлигише албайт. Эки иш боюнча тең сот чечимдери чыккан соң биз кайрылуу жасадык. Жаңы ачылган жагдайлар боюнча убакыт керек болду.

Самаков боюнча пикирибизди билдирүү биздин милдетибиз деп эсептейбиз. Текебаев боюнча да жаңы ачылган жагдайлар тууралуу алгач мен айтып чыкканмын. Андан соң депутаттар да кайрылуусун прокуратурага жолдошту.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG