Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:42

Келдибековдун тарапкерлери митингге чыкты


Kyrgyzstan. Rally support Keldibekov March 12, 2014
Kyrgyzstan. Rally support Keldibekov March 12, 2014

Камактагы депутат Акматбек Келдибековдун тарапкерлери 12-мартта Башкы прокуратуранын алдына митингге чыгып, депутатты үй камагына чыгарууну талап кылышты.

Митингчилер депутатты үй камагына чыгаруу менен бирген анын үзөңгүлөштөрүн куугунтуктоону токтотууну да талап кылып, бийликке 10 күн убакыт чектеди. Бирок Башкы прокуратурадан Келдибеков үй камагына чыгарылбай турганын, анын иши жакын арада сотко өткөрүлөрүн билдиришти.

Митингчилердин талабы

Колдоруна “Кыргыз эли акыйкат чечимди күтөт!”, “Башкы прокуратура саясий буйрукту аткарууда” деген плакаттарды көтөргөн камактагы депутат Акматбек Келдибековдун тарапкерлери эртелеп Башкы прокуратуранын имаратынын алдына чогулушту.

Келдибековдун тарапкерлеринин митинги. Бишкек, 12-март.
Келдибековдун тарапкерлеринин митинги. Бишкек, 12-март.
Милиция кызматкерлери чогулгандарга Башкы прокуратуранын алдында акция өткөрүүгө болбойт деген сот чечимин көрсөтүштү. Сот анын себебин жакын жерде мектеп жайгашканы менен түшүндүргөн. Сотко арыз менен Октябрь райондук администрациясы кайрылган экен. Бирок Келдибековдун тарапкерлери акция өткөрүү конституциялык укугу экенин айтып, митингди башташты.

Акция уюштуруучуларынын бири, Келдибековду коргоо комитетинин төрагасы Керим Сарбашев митингдин талаптары тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:

- Акциянын негизги максаты - Башкы прокуратуранын Акматбек Келдибековго карата жалган жалаа, туура эмес маалымат таратуусун токтотууга чакыруу. Алар Коомдук телерадио аркылуу сот өкүмү чыга электигин эске албай туруп, Келдибеков тууралуу ар кыл такталбаган маалыматтарды таратып жатат. Депутатка буга чейин тагылган айыптарды далилдей албай коюп, эми болбогон схемаларды чыгарып жатат. Акыркы эки күндө бул күчөп, Исмаилов, Султановдорду кошуп көрсөтүп жатат. Ошондуктан Башкы прокуратура жалган маалымат таратууну токтотуп, аны үй камагына чыгарышын талап кылабыз.

Сарбашев куугунтукка кабылган Келдибековдун үзөңгүлөшү деп анын мурдагы жардамчысы Жаныбек Султановду айтып жатат. Султанов мыйзамсыз лизенция менен жүргүзгөн деген айып менен 11-мартта кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган эле.

Анын адвокаты Искендер Журабаевдин ишениминде, Султанов Келдибековдун жакыны болгону үчүн эле кармалып жатат:

- Султановдун иши Келдибековдун жакыны болгону үчүн эле атайлап уюштурулгандай. Болбосо, анда эч кандай кылмыштын курамы жок болуп жатат. Ошондуктан тандалма саясий куугунтукту токтотуу керек.

Келдибековдун иши сотко өткөнү калды

Мындан улам митингге чыккандар баш прокурор Аида Салянованын түшүндүрмө беришин талап кылышты. Натыйжада митингчилердин беш өкүлү баш прокурордун кабыл алуусунда болуп, өз талаптарын билдирип чыкты.

Башкы прокурордун маалымат катчысы Сейитжан Апышевдин “Азаттыкка” билдиришинче, жолугушууда Аида Салянова Келдибеков үй камагына чыгарылбасын билдирген:

- Жолугушууда митингге чыккандардын талаптары талкууланды. Аларга башкы прокурор тергөө жүрүп жатканын, үй камагына чыгаруу мыйзам алкагында гана ишке ашаарын, бардык маселе мыйзам чегинде чечилиши керектигин айтты.

Келдибековдун тарапкерлеринин Алайдагы акциясы, 24-ноябрь, 2013.
Келдибековдун тарапкерлеринин Алайдагы акциясы, 24-ноябрь, 2013.
Ошондой эле прокуратурадан Акматбек Келдибековдун жакындарына карата басымдар болуп жатканын жана Жаныбек Султановдун саясий негизде камалганын четке какты. Маалыматка караганда, Келдибековдун иши боюнча тергөө аягына чыгып калды жана жакын арада сотко өткөрүлмөкчү.

Башкы прокурордун мындай жообунан соң тарапкерлер Баш прокуратурага дагы 10 күн мөөнөт берээрин белгилеп, тарап кетти. Келдибековду коргоо комитетинин өкүлдөрү белгиленген убакыттын ичинде эч кандай чара көрүлбөсө, акциялар уланаарын кошумчалашты.

Акциянын уюштуруучулары митингге миңге чукул адам катышканын айтса, милиция катышуучулардын саны 350гө чукулдаганын билдирди. Ал эми көз карандысыз байкоочулар митингге катышкандар беш жүзгө чамалаганын болжолдоду.

Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы, “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Акматбек Келдибеков коррупция боюнча айыпталып, былтыр 20-ноябрда УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Ага кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекеттик казынага 30 миллион сомдон ашык зыян келтирген деген күнөө тагылууда. Депутат бул күнөөнү четке кагып, саясий буйруктун негизинде камалганын айтып келет. Тергөө абагына камакка алынган соң Акматбек Келдибековдун ден соолугу начарлап, Бишкектеги №4 ооруканада 3 ирет операция жасалганы кабарланган. Өткөн жумада болсо ал кайра УКМКнын тергөө абагына которулганы белгилүү болду.

Бишкектеги митинг, 12-март

Келдибековду колдогон митинг
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:15 0:00
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG