Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:19

PISA: Кыргызстанда билим сапаты төмөн


Нарын облусундагы бир мекетптин окуучулары.
Нарын облусундагы бир мекетптин окуучулары.

65 өлкөдөгү окуучуларынын билим деңгээлин иликтөөгө алган PISA эл аралык борбору Кыргызстанда мектеп окуучуларынын билим сапаты эң төмөн деген жыйынтык жарыялады.

Окуучулардын билимин баалоо багытында иш алып барган PISA (Programme For International Student Assessment) эл аралык борбору 2009-жылы жүргүзгөн иликтөөсүнүн жыйынтыгын жарыялады. Ага ылайык Кыргызстандагы окуучулардын билим деңгээли 65 өлкөнүн ичинен эң төмөн деп табылды. Коңшу өлкөлөрдүн ичинен Казакстан 59-орунга ээ болсо, Азербайжан 64, Орусия 43-орунду ээледи. Ал эми Кытай, Түштүк Корея, Финляндия , Канада, Япония өңдүү өлкөлөрдөгү окуучулардын билими жогорку деп бааланды.


Окуучулардын билим деңгээли эмне үчүн төмөн?


Иликтөөгө Кыргызстандагы 173 мектептен 15 жаштагы 4900дөн ашуун окуучу катышкан. Алар кадимкидей эле сынактан өтүшкөн. Кыргызстанда PISA борбору менен бирге бул сынакты өткөргөн “Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун” башчысы Инна Валькова сынакта көбүнэсе окуучунун окуп түшүнүү жөндөмү, алган билимин жашоодо колдоно билүүсү текшерилгенин айтат:

- 2009-жылы окуучуларга берилген убакыттын үчтөн экиси окуп түшүнүүгө бөлүндү. Калганы табигый илимдерге жана математикага берилген. Натыйжада үч багыт боюнча биздин окуучулар эң төмөнкү жыйынтыктарды көрсөтүштү.


Эл аралык борбордун иликтөөсү көрсөткөндөй, Кыргызстанда ар бир окуучуга мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражаттын аздыгы, үй-бүлөнүн материалдык абалынын начардыгы жана окуу жайларда эски окутуу усулдары колдонулушу окуучулардын билим деңгээлине терс таасирин тийгизген.

Билим берүү жана илим министри Канат Садыков эл аралык уюмдун маалыматы ачуу чындык экендигин белгилеп, анын себептерин мындайча ачыктады:

Канат Садыков
- Бул жерде обьективдүү себептер бар. Анткени билим берүү системасынын жетишкендиктеринин көбү экономикалык акыбалга, биздин ата-энелерибиздин мүмкүнчүлүктөрүнө байланыштуу. Мугалимдердин азыркы жетишпегендиги, мектептердин окуу куралдары менен 52 пайыз камсыз болгону жана ушул сыяктуу факторлордун баары билим берүүгө таасирин тийгизип жатат.


Билим берүүдө жаңы усулдар керек


Кыргызстандык окуучулардын билим деңгээли акыркы жолу 2006-жылы текшерилген. Анда да Кыргызстан 57 өлкөнүн ичинен акыркы орунду ээлеген. Адистердин айтымында, Кыргызстан билим берүүдө Совет убагында калыптанып калган усулдардан алыстай албай жатат. Сабактар кадимкидей эле “оку-жатта” ыкмасы менен өткөрүлүп келет.

Билим берүү тармагындагы адис Кеңешбек Сайназаровдун пикиринде, өлкөдөгү окутуу усулдары жана билим берүү өзгөрүүгө муктаж:

- Кыймылдатып турган күч бул мугалимдер. Мугалимдердин билим сапаты, кесиптик деңгээли жогоруламайынча биздин билим сапатыбыз көтөрүлбөйт. Андан кийин балдардын окуу-куралдарынын заманбап түзүлүшү маанилүү. Балдардын ошол окуп, даярданып жаткан нерсесин баалоочу механизмдер керек. Баланы жазалай турган эмес, ага жардам бере турган ыкмалар керек. Бир тепкичтен кыйналып жатса, экинчи тепкичке жеткизе турган ыкмалар колдонулушу абзел. Анан албетте дагы бир таасир - каржы системасын жакшыртуу керек.


PISA эл аралык борборунун иликтөөсүндө алдыңкы орунду ээлеген өлкөлөрдө окутуу усулдарына өзгөчө маани берилери айтылат. Ошондой эле сабакта жаттоого эмес, өз алдынча ой-жүгүртүү жана талдоо жүргүзүүгө көңүл бурулат экен.

Бишкектеги 69-тогузунчу мектептин мугалими Гүлмира Бурукчиева сабактагы жаңы колдонмолор менен усулдар шаар жерлеринде гана колдонула баштаганын айтып, окуучуну кызыктыра турган ыкмалар айыл жергелерине чейин жетсе, билимдин сапаты жакшырмак деген пикирде:

- Шаарда бизде жаңы ыкмаларды колдонуу өнүгүп келе жатат. Бирок алыскы райондордо билим берүүдөгү жаңы усулдар анча жете элек болушу мүмкүн.

“Билимди баалоо жана окутуу усулдары” борборунун жетекчиси Инна Валькова билдиргендей, PISA борборунун бул жолку иликтөөсүндө Кыргызстан акыркы орунду алганы менен 2006-жылга салыштырмалуу окуучулардын көрсөткүчтөрү жакшырганын айтат. Ал эми Билим берүү министри Канат Садыков иликтөөнүн жыйынтыгы билим берүү тармагындагы өксүктөрдү көрө билип, ордун толтурууга, бул тармакты реформалоого көмөк берет деп ишендирет.
XS
SM
MD
LG