Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:00

Ош: атайын операция шаардыктарды дүрбөлөңгө салды


Ош шаарында УККнын атайын бөлүгүнүн күчтөрү өлкө аймагында террордук чабуул уюштурууга даяр турган деп шектелген 3 террорчуну жок кылды.

Төртүнчүсү өзүн-өзү жардырып жиберген. Мындан тышкары дагы 9 жанкечти кармалгандыгы айтылууда. Ошондой эле Улуттук коопсуздук кызматынын 3 кызматкери жараат алып, ооруканага жаткырылган. Калк көп жайгашкан жерде орун алган бул операция шаар тургундарынын тынчсыздануусун жаратып, дүрбөлөңгө түшүрдү.

Өлкө аймагында террордук аракеттерди уюштурууга даярдык көргөн деп шектелгендерди кармоо максатында Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан 29-ноябрда Ош шаарынын Мажүрүм тал кварталында атайын операция жүргүзүлдү. Операциянын жүрүшүндө жашырынган куралдуу топ каршылык көрсөтүп, атышуулар, жардыруулар орун алды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Памир Асанов маалымдады:

- Улуттук коопсуздук кызматынын Ош облусттук жана шаардык бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын Мажүрүм тал кичи районунда тазалоо операциясы жүргүзүлдү. Анын жүрүшүндө экстремисттик-террористтик маанайдагы куралдаган топ ок чыгарып, гранаталарды жардырган. Ошондуктан атайын топ аларга чара көрүп, 3 террорчу жок кылынды. Төртүнчүсү өзүн жардырып жиберген. Ошондой эле алар жашырынган жерден жардыруучу заттар, ок атуучу куралдар табылды.

Памир Асанов учурда Ош шаарындагы кырдаал тартип коргоо кызматкерлеринин көзөмөлүндө экендигин жана шаар тургундарынын тынчсыздануусуна негиз жоктугун кошумчалады:

- Азыркы учурда Ош шаарында абал тынч. Кырдаал толугу менен тартип сактоо кызматкерлеринин көзөмөлүндө турат. Тургундардын кооптонуусуна негиз жок.

Деген менен Оштун чак ортосундагы калк жыш жайгашкан жерде болгон окуя шаар тургундарынын үрөйүн учуруп, дүрбөлөңгө түшүрдү. Мажүрүм тал кичирайонунан чыккан атышуулардан жана жардыруулардан чочулап, борбордук базарда соода кылган миңдеген адам үйлөрүн көздөй качып жатышты. Алар атыш болуп жаткан тараптан алысырак кетүүгө шашып, көчөлөр заматта авто тыгынга учурап калды. Өз коопсуздугунан чочулап базардагы соодасын таштап кетип бараткан Канышай Бердишова буларды айтты:



Ошол эле убакта операция жүргүзүлүп жаткан жерге агрессивдүү маанайдагы жүздөгөн жаштар чогулушту. Тартип сакчылары аларды таркатууга болгон аракетине карабай, чогулгандар Навои көчөсүндө турган бир унааны өрттөп жиберишти. Тургандардын бири Азаматты кепке тартканыбызда ал буларга токтолду:

- Биз ушул автобекетте турган болчубуз. Анан эле бул тараптан эки жолу жарылды. Кооптонуп мына базардагы, бекеттеги адамдар качып кетишти. Бирок азыр көптөгөн жаштар бул жерге чогулуп жатышат.

Канткен менен жайдагы кандуу калабаны унута элек шаардыктар үчүн бул атышуулар бир топ тынчсызданууларды жаратты. Ал эми жергиликтүү бийлик кырдаалды жөнгө салуу аракетинин үстүндө экендигин айтууда.

Соңку маалыматтарга ылайык, операциянын жүрүшүндө атайын күчтөр тарабынан 9 адам кармалган. Атайын күчтөрдөн 3 адам жаракат алган. Бул боюнча учурда иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG