Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:52

Ош: Айдоочунун сабалышы иликтенет


Ошто жол күзөт кызматкеринен таяк жеген айдоочу Мансур Тураджанов ооруканада дарыланууда.
Ошто жол күзөт кызматкеринен таяк жеген айдоочу Мансур Тураджанов ооруканада дарыланууда.

Ошто жол күзөт кызматкеринен таяк жеген Мансур Тураджанов аттуу өзбек тектүү айдоочу ооруканада дарыланууда. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы айдоочу өзү жыгылып кетип, аны милициядан көрүүдө деп билдирди.

Ал эми Жол кайгуул кызматынын жетекчилиги кызматкер менен жабырлануучу өз ара келишип алганын айтууда.

24-июнда ооз ачарга шашып бараткан айдоочу Мансур Тураджановду Ош шаардык жол кайгуул кызматкери Иса Шакирбай уулу коопсуздук курун тагынган эмес деген жүйө менен токтоткон.

Өзүн тааныштыргысы келбеген күбөлөрдүн айтымында, тартип сакчысы айдоочудан 300 сом талап кылган экен. Айдоочу акча берүүдөн баш тартып, аягында чатакташып кеткен.

- Масалиев көчөсүнөн көпүрөнү көздөй бурулган элем. Бурулушта МАИ туруптур. Токтоткон соң "курду мени көрүп тактың" деди. "Жок, мурда эле тагынгам" десем ишенген жок. Маичи бирөө эле болчу. Бирок анын жанында дагы эки-үч милиция кызматкери турган. Алар менин артымда жөн эле турушту. Бирок машинанын салонуна мени зордоп салганга жардам беришти. Ал милициялар токтот дегенине карабай МАИ кызматкери мени токмоктоп салды. Мен ага сөгүнгөн жокмун. Каяша кылбадым. Ал оорулуу окшойт - дейт жабырлануучу Мансур Тураджанов.

Мансурдун башкы көрсөтмөсү
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:00 0:00

Шаардык оорукананын дарыгери Кубаныч Ормошевдун айтымында, учурда айдоочунун абалы канааттандырарлык. Ормошев бейтап башынан жаракат алганын, бир кабыргасы сынышы мүмкүн экенин айтууда:

- Мансур 24-июнда кечки саат 8 жарым чамасында МАИ кызматкерлеринен токмок жедим деп, тез жардам менен бизге жеткирилген. Келгенде баш мээси чайкалганы аныкталган. Андан сырткары бир кабыргасы сынышы мүмкүн. Ал эки-үч күн аралыгында аныкталат. Азырынча анын абалы канааттандырарлык.

Бирок дарыгерлер менен тартип сакчыларынын көрсөтмөлөрү бирдей эмес. "Токмок жедим" деген Мансур өзү дагы мурунку айткандарынан азыр баш тартып отурат.

Эки ача көрсөтмө

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматкери Жеңиш Ашырбаев жабырлануучу чалынып жыгылган, аны жол күзөтчүлөр ооруканага жеткирген деди.

- Ал окуяны биз ММКлардын уктук. Ооруканадан эч кандай маалымат өз убагында берилген эмес. Анын бүгүнкү көрсөтмөсүндө "мен көзүмдү ачсам, жанымда милиция кызматкерлери турган экен. Мени ургандар ушулар деп ойлогом" деп жатат. Текшере келгенде милиция кызматкерлери аны ооруканага жеткирген болуп чыкты. Ургандыгы такталган жок. Кайрадан берген көрсөтмөсүндө жыгылып, эс-учун жоготуп койгонун айтып жатат. Ал эми күбөлөрдүн көрсөтмөсүндө айдоочу унаадан чыгып келатып чалынып жыгылганы, аны милиция кызматкерлери ооруканага жеткиргени айтылып жатат.

Мансур берген көрсөтмөсүнөн кайтты
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:50 0:00

Ооруканада жаткан Мансурдун бөлмөлөш кошуналары эки күндөн бери жол күзөт кызматкери жана милиция бейтапка байма-бай келип жатканын көрүшкөн. Ош шаардык жол күзөт кызматынын командиринин орун басары Адахам Арабаев бул окуя боюнча кызматтык териштирүү жүрүп жатканын билдирди:

- Ал кызматкердин аракети иликтөөгө алынат. Негизи Иса Шакирбай уулу сыяктуу эле жол күзөт кызматына жогорку юридикалык билими бар жаштар алынган. Ал окуяда мен жанында болбогондон кийин бир нерсе деп айта албайм. Балким айдоочу да ошого жеткирип койгондур.

Эки тараптын өз ара келишип алганына карабай айдоочунун кызматкер тарабынан сабалышы коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Ош шаарынын тургуну Эркин Абдразаков айдоочу жөн эле кечирип койгонуна ишенбейт. Анын пикиринде, айдоочуга коркутуулар болушу мүмкүн. Бул окуя тыкыр иликтениши керек.

- Эгерде коомчулук дайым эле коркуп же акчага алданып баштапкы көрсөтмөлөрдөн баш тарта берсе, милицияны ошого үйрөтүп алабыз. Милицияга тебеленип-тепселип, алардын коррупциялык аракеттерине жол ачып жүрө беребиз. Бул нерсе укук коргоо органдарындагы өзүмбилемдикке жол ачат. Ошондуктан бул фактыны ИИМнин өздүк коопсуздук кызматы, прокуратура өзү иликтөөгө алып, кызматкердин аракетине укуктук баа бериши керек.

Оштогу өзбек тектүү жарандар укук коргоо кызматкерлеринин басмырлоосу коогалаңдан бери токтобой жатканын айтып келишет. Алар өзгөчө МАИ кызматкерлери көп кысымга аларын жашырышпайт. Укук коргоочу Изатилла Рахматуллаев тартип кызматкерлери менен өзбек тектүү карапайым жарандар ортосунда чыр-чатактар көп экенин айтып жүрөт. Мансур Тураджановду сабады деген кызматкер 26 жашта. Самбо боюнча спорттун чеберлигине талапкер. Жол күзөт кызматына ишке киргенине бир жыл толо элек.

XS
SM
MD
LG