Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:10

Ош: көпүрө көйгөйү канчага созулат?


Ош шаарындагы жаңы көпүрө курулчу жер
Ош шаарындагы жаңы көпүрө курулчу жер

Ош шаардык кеңеши токтоп турган көпүрөнү куруу боюнча эки долбоорду жактырып, анын бирөөнү тандап алууну Ош мэриясына тапшырды.

Ош шаардык кеңешинин 27-мартта өткөн жыйынында эстакада көпүрөнүн беш варианты сунушталып, анын ичинен экөө жактырылган.

Кубатталган эки долбоордун бири жеке архитектор Низами Насирдиновго таандык. Экинчиси - Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматов сунуштаган долбоордун өзгөртүлүп, кыскартылган варианты.

Мырзакматов сунуштаган долбоорду Ош шаардык архитектура жана курулуш башкармалыгы менен тийиштүү мекемелер кайрадан карап, иштеп чыккан. Ага ылайык көпүрөнүн узундугу 252, туурасы 24 метрди түзүп, 450 млн. сомдук каражат жумшалмакчы.

Долбоордун артыкчылыгы тууралуу Ош шаардык архитектура жана курулуш башкармалыгынын башчысы Нурбек Баетов мындай маалымат берди:

- Биз эстакада көпүрөнүн принциптерин сактап калуу менен үч салаасын (пролет) алдык, анан жер алдынан жөө адамдар үчүн өтмөктү курбай турган болдук. Бирок Мажүрүм тал, Тилеке баатыр көчөлөрү ошол эле бойдон калат. Мурдагыдай кылып боорлотпой, төмөндөткөнүбүздө, көпүрө 3-4 метрге ылдыйлап, курулуш материалдары азыраак жумшалат. Натыйжада каражатты үнөмдөп, 450 млн. сом эле жумшайбыз.

Башкы архитектор Тилеке баатыр, Мажүрүм тал жана Өзгөн көчөлөрүн бириктирген дагы бир жол курулушу керектигин жана ага кетчү каражат бул суммага кирбей турганын моюнга алды. Адистер болсо мындай учурда долбоордун суммасы 450 млн. сомдон ашып кетерин айтышууда.

Бул демилгелерди шаардык кеңештеги “Улуттар биримдиги” фракциясы сунушталган долбоорлорду колдогон жок. Фракциянын жетекчиси Рысбек Мирзаматов анын себебин мындай түшүндүрдү:

- Ош шаарындагы эстакадалык көпүрөнүн мурдагы долбоорун ар кандай нерселер менен бурмалап, булар элдин башын айлантып атышат. Биз ошол себептүү шаардык кеңештин сессиясына катышкан жокпуз. Ош шаарында унаалардын көбөйгөндүгүнө байланыштуу тыгындар көп болуп аткандыктан, убагында Мелис Мырзакматов эстакадалык көпүрөнүн мыкты долбоорун сунуштаган. Биз азыр деле ошол көпүрөнү бүткөрүү керек деген пикирден кайтпайбыз. Биз ошол кезде 364 метрлик көпүрөнү 489 млн. сомго бүткөрөбүз деп убада бергенбиз. Адистер менен булар куруп жаткан 45 метрлик көпүрөнү ошол 364 метрге салыштырып эсептетип көрсөк, булар азыр 2 млрд. сомго кургандай болуп калып жатат. Ошолордун баарын эсептеп чыгып туруп, биз азыркы сунушталып жаткан долбоорлорго каршы чыгып жатабыз.


Тандалган долбоор талкууга коюлат

Ал эми жеке архитектор Низами Насирдинов сунуштаган долбоордо көпүрөнүн узундугу 205 метрди түзүп, 400 млн. сомго бүтөөрү көргөзүлгөн.

"Көпүрө чоң, көрктүү эле болбой, анын пайдасы тийиши керек да. Мурдагы эстакада көпүрөнүн долбоору Навои, Масалиев көчөсүндөгү тыгынды азайта албайт. Биз сунуштап аткан долбоордо түз көпүрөдөн тышкары, кошумча көпүрө куруу каралган. Зайнабидинов көчөсү тараптан келаткан каттамдар, Тилеке баатыр (мурдагы аталышы Кара-Суу) көчөсүнөн, базар тараптан ошол кичи көпүрө аркылуу филармония жакка чыгып кетет. Ал жол билинбеген абалда өйдөлөп келип, чоң көпүрөгө, Навои көчөсүнө кошулуп калат. Натыйжада бүт тараптардагы каттамдар аткарылат да, автотыгын азаят" - деди Низами Насирдинов.
Низами Насирдиновдун долбоору
Низами Насирдиновдун долбоору

​Ош шаарынын курулуш, архитектура, муниципалдык менчик тармагы боюнча вице-мэри Жапар Ормонов жактырылган эки долбоордун ичинен ыңгайлуусун тандап алышарын билдирди:

- Азыр бизде эстакадалык көпүрөнүн мурдагы каркасын сактоо менен, кайрадан сунушталган 450 млн. сомдук долбоор, экинчиси жаш архитекторлор сунуштаган 400 млн. сомдук долбоор тандалып алынды. Эми ушунун ичинен оптималдуу бир вариантты тандап алабыз, же экөөнү чогуу карап, бир жакшыраак долбоор чыгарабыз. Курулуш жана архитектура агенттиги жана башка адистер менен биргелешип, жакын арада бир чечимге келебиз. Күн жылып калды, эл күтүп атат, ишти буюрса бүткөрөбүз.

Шаар бийликтери бир чечимге келгенден кийин, долбоор коомдук талкууга коюлмакчы.
М.Мырзакматовдун тобу даярдаган долбоор
М.Мырзакматовдун тобу даярдаган долбоор

Өтпөй калган долбоорлордун өксүктөрү

Шаардык кеңештин сынынан өтпөй калган калган долбоордун биринде көпүрөнүн туурасы 22, узуну 42 метр болуп, ага кеткен чыгым 256 млн. сомду түзөрү көрсөтүлгөн. Көпүрөнүн аягы Мажүрүм тал көчөсүнөн бүтүп, алдынан Тилеке баатыр көчөсү өтмөк. Бирок адистер аны "автобекет менен Зайнабидинов көчөсү жакка көпүрөдөн дагы бирден канатча жол түшсө, ортодогу имараттар бузулуп, кошумча каражат табууга туура келет" деп жактырышкан эмес.

Өтпөй калган экинчи вариантта болсо көпүрөнү үч метрге көтөрүп, жөө жүрүүчү айрым өтмөктөрдү өзгөртүү каралган. Бул иштерди бүтүрүү үчүн 258 млн. сомго жакын каражат жумшалмак.

Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттиги башында турган жумушчу топ болсо, эски көпүрөнү эле реконструкция кылууну сунуштаган. Мында Навои көчөсүндөгү мурдагы көпүрө кайрадан жаңыланып, Тилеке баатыр жана Мажүрүм тал көчөлөрү менен бирдей деңгээлде, мурдагыдай болуп курулмак. Наркы 170 млн. сомго бааланган бул долбоор да депутаттар тарабынан сынга кабылып, өткөн эмес.

Ош шаарынын Алишер Навои көчөсүндөгү эстакада көпүрөнүн курулушу өткөн жылы октябрда башталган. Аны ошо кездеги шаар мэри Мелис Мырзакматов “кылым курулушу” деп атаган эле. Ошондон бери жолдун эки тарабы тең жабылып, каттамдар, унаалар айланып каттай баштаган. Курулуш 539 млн. сомго бааланып, кытай ишкерлерине тапшырылган. Кийинчерээк анын баасы 600 млн. экени маалымдалган.

Жыл башында Ош шаардык прокуратурасы эстакада көпүрөнүн курулушу боюнча эки кылмыш ишин козгогон. Ошол себептүү иш учурда токтоп турат.

Калаа жетекчиси Айтмамат Кадырбаев кызматка келген күндөн бери, көпүрө боюнча башка долбоор сунушталарын айтып келет. Жергиликтүү бийликтер көпүрөнү курууга шаардын бюджети жетпей турганын айтып, өкмөт курулушка жардам кылышы керектигин да бир канча жолу билдирген. Ошентсе да шаардык кеңеш жыл башында курулушка деп 60 млн. сомдой каражат бекитип берген.

Мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев көпүрөнүн курулушу менен таанышып, атайын жумушчу топ түзүп, долбоор иштеп чыгууну тапшырган болчу.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG