Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:07

Оштогу сапарда президентке көйгөйдүн көбү айтылбады


Президент Атамбаев Оштогу көпүрө курулушу менен таанышууда. 19-июнь, 2014-жыл.
Президент Атамбаев Оштогу көпүрө курулушу менен таанышууда. 19-июнь, 2014-жыл.

Оштогу эстакада көпүрөнүн каржысы толугу менен орусиялык гранттын эсебинен курулат. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаевдин Ошко сапары учурунда белгилүү болду.

Өлкө башчысы көпүрөнүн абалы менен таанышкандан кийин, шаардагы өкмөттүк мекемелердин жетекчилери менен кырдаалды жабык жыйында талкуулады.

Президент Алмазбек Атамбаевдин Ошко келээр-келбеси алгач белгисиз болуп жаткан. Түшкө жуук гана тик учак менен конгону кабарланды. Жергиликтүү жетекчилердин коштоосунда президент дароо эле шаардын Навои көчөсүндөгү эстакада көпүрөнүн курулушуна келди.

Бирок ага Коомдук телеканал, ЭлТР, 5-канал жана НТС телеканалынын кабарчыларынан башка журналисттер киргизилген жок. 7-каналдын Оштогу кабарчысы Марат Акимбек уулу аны милиция киргизбей койгонун айтты:

- Мен "Мамлекет башчысы эртең келет" деп уккам. Бирок жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө чалсам, алар билбей турганын айтышты. Келип калаар деген үмүт менен эстакада көпүрөнүн курулушуна келсем, милиция тосуп, киргизген жок. Бир эле мен эмес, жергиликтүү журналисттердин дээрлик баары эле жолугушууга кирбеди. Менимче, алар өздөрүнө лоялдуу, анан көп сындабаган ММК өкүлдөрүн чакыртышкан окшойт. Бар шылтоосу - каттоодон өткөн жоксуңар дейт. А буга чейин каттоону Ош шаардык мэриясынын маалымат катчылары, же өкмөттүн Ош облусундагы аппаратынын басма сөз катчысы жүргүзүшү керек эле. Буга чейин куду ушундай эле болуп келчү. Ошол себептүү, президент Ошко эмне кылганы, эмне максатта келгени бизге караңгы бойдон калды.

Алмакан Исмаилова.
Алмакан Исмаилова.
Көпүрөнүн кырына кыдырата тизилип, өлкө башчысын күтүп аткан жергиликтүү калктын да президент менен жолугуу аракетинен майнап чыккан жок. Милиция аларды тосуп, расмийлерге жакындатпады. Тартип коргоочулардын курчоосунан өтө албай жаткан шаардык тургун Алмакан Исмаилова буга нааразы экенин билдирди:

- Атамбаев бул жерге келгенден кийин эл менен жолугушу керек эле. Кварталдарды араласын, маалелерди кыдырсын, карапайым эл менен сүйлөшсүн. Азыр бизде абдан кыйын болуп атат, баары кымбат, пенсия аз. Газ жок, суу менен электр күн алыс өчөт, жергиликтүү бийликтер болсо кыймылдайын деп койбойт. Мына ушунун баарын айтайын десем, тиги милициялары такыр эле жолотподу.

Шаар мэри Айтмамат Кадырбаевдин айтымында, президент шаар көйгөйүнө айланган көпүрө Орусиядан келчү грантка куруларын билдирген.

- Президентибиз көпүрөнүн акча маселесин толук чечип берди. Азыр курулуштун жалпы баасы 669 млн. сомду түзөт. Бул сумманын баары Орусиядан келген грант эсебинен бериле турган болду. Демек көпүрөгө республикалык бюджеттен дагы, Ош шаарынын бюджетинен дагы бир тыйын кетпейт. Бул маселе азыр толугу менен чечилгени үчүн, биз көпүрөнү бүткөрүүгө ишенимдүү турабыз. План боюнча 2015-жылдын май айларынын аягында, июнь айынын башында кудай буюрса, сөзсүз бүтөт.

Кадырбаевдин белгилешинче, буга чейинки долбоордо көпүрө жана анын айланасына түшө турган жолдор баары биригип, 800 млн. сомдон ашык каражатка бүтмөк. “Жаңы план боюнча 200 миллионго жакын акча үнөмдөлөт”, - деди мэр.

"Газ маселеси жакын арада чечилбейт"

Учурда Ош шаарынын калкы көгүлтүр оттун жоктугунан кыйналып жатканы белгилүү. Президент бул маселени чечүү жолдору караштырылып жатканын жолугушуу учурунда айткан.

Атамбаевге жолугуу үчүн келген эл.
Атамбаевге жолугуу үчүн келген эл.
- Көпүрө маселесинин каражатын чечтик. Эми калганын сапаттуу бүткөр деп мэрге тапшырдык. А газ маселеси боюнча бүгүн-эртең, же жакын арада газ болот деп силерди сүйүнтө албайм. Чынында газ эмнеге берилбей жатканын баарыңар билесиңер. Эгемендүүлүк үчүн кээде чыдаш керек, биз мындан ары эч кимге тизе бүкпөйбүз, эч кимге жүгүнбөйбүз. Мен Бишкектен “Газпромдун” өкүлдөрү менен сүйлөшкөм. Мүмкүнчүлүк болсо жер үйлөргө, кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабатына газ баллондордон таркатып беребиз, редукторун беребиз. Мүмкүнчүлүк жок болсо электр меш таркатабыз, эки жылга. Менимче, эл деле бизди, азыркы абалды түшүнүп турат, - деди президент.

Мамлекет башчы андан ары Ош шаарынын жана Ош облусунун чиновниктери менен жабык эшик артында жолукту. Бирок бул дагы аймактагы жашоочулардын нааразылыгын жаратты. Байкоочу Абдыжапар Аккулов президент башкысы аймактагы саясий чыңалууну чечүүсү керек эле деген ойдо.

- Президент Оштогу абалга чындап жүрөгүнөн кабатыр болуп жаткан болсо, анда шаардын калкын чогултуп, эл менен жолугуусу керек эле. Анан жанагынтип, өзүнүн бир ууч жасакерлерин, “дүжүрлөрүн” чогултуп алып, ар нерсени айтпай, мына ошо сөздү калкка айтса болмок. Анан азыркы талылуу маселелер боюнча ачык позициясын айтып коюш керек болчу. Ошто кырдаал кандай болмок эле, эл бир балээни күтүп аткандай эле акыбалда. Кудай сактасын, элге сабыр, ыйман берсин деп эле отурабыз. Биринчиден газ жок, экинчиден көпүрөнүн курулушунда иш жакшы эмес, үчүнчүдөн, Алайдагы жол жабылып, Акматбек Келдибековдун тарапкерлери саясий абалды курчутуп жатат. Канткен күндө дагы өлкө башчы ушуну эсе алышы керек. Келди-кетти менен иш бүтпөйт. Ушул кырдаалды жеңилдетип, саясий чыңалууну төмөндөтүү зарыл.
Президенттин Ошко сапары
Атамбаев: Эч кимге тизелебейбиз
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:12 0:00


Президенттин Ошко болгон иш-сапарына байланыштуу коопсуздук күчөтүлүп, негизги көчөлөрдө милиция менен жол кайгуулчулардын саны арбын болду. Ошондой эле шаардын бир катар жолдору убактылуу жабылып, жолдо токтогон айрым автоунааларды тартип коргоо органдары жүктөп кетип жатты. Атургай негизги жолдор эрте менен баштап эки-үч сыйрадан жуулду.

Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Оштогу сапарынан кийин Жалал-Абадга барып, 20-июнда Аксы районунда курулуп бүткөн Иринжит суу каналын ишке берүү аземине катышары белгилүү болду.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG