Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:57

Cпратлен: Ошто өнүгүү аракети күч


АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен "Азаттыктын" Бишкектеги студиясында, 14-май, 2013.
АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен "Азаттыктын" Бишкектеги студиясында, 14-май, 2013.

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен 2010-жылдагы Июнь калабасынан кийинки Ош тууралуу “Азаттыкка” маек курду.

Элчи айым Ош мэриясы менен элчиликтин ортосундагы мамиле сууп кеткени жөнүндө социалдык тармактардагы имиштер тууралуу да пикирин билдирди.
Өзгөчө Оштун кокон гиласын жактырып калган Памела Спратленди 17-июнь күнү түштүк борборго жасаган иш сапары учурунда кабарчыбыз кепке тарткан.

"Азаттык": Памела айым, Июнь коогасынан соң бир канча жолу Ошко келип кеттиңиз. Үч жыл аралыгында кандай өзгөрүүлөрдү байкай алдыңыз?

Памела Спратлен: Суроо-жоопко өтөөрдөн мурда, мени радионун Оштогу кеңсесине чакырып, баарлашууга мүмкүнчүлүк түзүп бергениңиздерге рахмат айтам. Убакыттан пайдаланып, “Азаттыкта” иштеген бардык кызматкерлерди жана угармандарды үналгынын 60 жылдык маарекеси менен куттуктайм.

Сурооңузга келе турган болсок, мага Ош калаасы абдан жагат. Бишкекте отуруп көргөн Кыргызстанды Ошко келсем, башка жагынан көргөндөй болом. Ош мени жашыл бак-дарактары, жашылча-жемиштери менен өзүнө тартып турат. Айрыкча кокон гилас деген мөмөсү жагат. Даамы өзгөчө.

Ошко келген сайын мен жаңы нерселерге, өзгөрүүлөргө күбө болом. Жаңы имараттар салынып жатат. Бекерпоз адамдарды байкабайсың, баары көчөдө бир жакка шашып бараткан болот. Ошто алдыга умтулуу, өнүгүүгө аракет күч. Албетте баары сонун деп айтуу кыйын, алдыда жасала турган абдан чоң жумуштар бар. Менин байкаганым, адамдарда жакшы келечекке ишеним жашап жатат.

"Азаттык": Интернет булактарында, коомчулукта Ошто абал туруктуу эмес деген тариздеги ой-пикирлер азыр деле айтылып жүрөт. Сиз Ошту кыдырган кезде адамдардын жүзүнөн кабатыр болуу маанайын көрөсүзбү?

Памела Спратлен: Бул сурооңузга толук жооп бере албашым мүмкүн. Себеби мен Ошко бир же эки күнгө эле келип-кетем. Бул аралыкта аз эле адам менен жолугам, алардын пикирине таянып, мен бүтүндөй калаа тургундарынын маанайы жөнүндө тыянак чыгара албайм.

Аз болсо да байкоолорумдун негизинде айтайын, Ошто туруктуулуктун белгилери бар. Мен Ош шаарындагы жана калаанын жака-белиндеги айрым айылдарга барып, иш-чараларга катыштым, адамдардын жүзүндө туруктуулукка ишеним сезилип турат. Ынтымакташууга, бири-бири менен жакшы ымалада болууга адамдарда күчтүү эрк бар деп ойлойм.

Бул иш сапарым учурунда Оштун аймактык кеңештериндеги коомдук иш-чараларга катышып жүргөн активдүү аялдар тобу менен жолуктум. Алар USAID уюму тарабынан каржыланып жаткан «Тынчтык банкы» аттуу долбоордо иштешет. Тагыраак айтканда, түрдүү улуттун өкүлдөрү коомчулук арасында тынчтык, ынтымак орношуна ар кандай иш-чаралар аркылуу салым кошушат.

Биздин элчилик USAIDдин колдоосунда Оштогу Паспорттук столдун имаратын, Омбудсмендин офисин жаңылоодо салым коштук. Андан сырткары коомдук жайларды, бактарды реконструкция кылууда көмөктөштүк. Жарандарга ыңгайлуу шарттарды жаратууга жардамдашып жатканыбызды да аймактагы тынчтыктын белгиси катары түшүнсөк болот.

Бирок башында айтканымдай, баары жакшы, баары позитивдүү деп айтуудан алысмын. Ошол эле Июнь коогасынын жоопкерлери алиге чейин табылбай, жазаланбай жатканы же болбосо паракорчулукка байланыштуу мыйзамдуулук толук натыйжа бербей жатканы буга мисал боло алат. Адамдардын баарына бирдей мамиле жасалганда гана мыйзамдуулук толук иштейт деп ойлойм. Айрым коррупцияга малынган жетекчилердин айынан өзүнө тиешелүү мүлктү сактай албагандар тууралуу угуп жүрөбүз... Ошто ынтымак-ырашкерлик жаатында жасала турган жумуштар али алдыда. Аны коомчулук менен чогуу жасаш керек.

"Азаттык": АКШ көп улуттуу өлкөнүн кантип гүлдөп өсүшүн бүт дүйнөгө далилдеген. Кыргызстан да көп улуттуу мамлекет. Америка ар кыл улуттар шартында ынтымактуу жана байгер жашоо өрнөгүн кайсы мисалдар менен үлгү кылып көрсөтө алат? Мисалы, сиз кандай иш-чараларды сунуш кылат элеңиз?

Памела Спратлен: Мен ойлойм, акыркы жүз жыл аралыгында мен жашап жаткан өлкөнүн эң чоң жетишкендиги – стереотиптерди жок кылуу болуп саналат. Бул жакшы, бул жаман деген аныкталбаган тыянактардан алысташ керек.

Улуттар аралык ынтымакты сактоонун эң жакшы жолу – ар түрдүү этностор аралаш жашоого, иш-чараларды чогуу уюштурууга умутулушу зарыл, деп ойлойм. Балдарды бөлбөй, бир мектепке берүү да натыйжа берет.

Эгер Американын мисалында айта турган болсом, ынтымактуу жана байгер жашоонун калыптанышында мыйзамдуулуктун, адам укуктарынын сакталышында жарандык коомдун ролу аябай маанилүү болгон. Адам укуктарынын сакталышында, адилеттүүлүктүн орношунда жарандык коом өкүлдөрүнүн ар кандай демонстрациялары, акциялары чоң роль ойногон.

"Азаттык": Июнь коогасында жабырлангандарга АКШ тарабынан берилген гуманитардык жардамдар так даректерине жеттиби, канчалык максаттуу пайдаланылды деп ойлойсуз?

Памела Спратлен: Билесизби, берген жардамдарыбыз 100 пайыз дарегине жетти деп айта албайбыз. Бирок биз тийиштүү тараптарга, муктаж кишилерге колдон келишинче көмөктөшүүгө, алар үчүн керектүү каражаттарды мүмкүн болушунча даректүү жеткирүүгө аракет кылдык. Ал эми шаарды көрктөндүрүүгө бөлүнгөн каражаттар максаттуу пайдаланылды, деп айта алам. Буга мисал кылып көчөлөрдү жарыктандырууга, мамлекеттик мекемелердин имараттарын оңдоого бөлүнгөн каражаттарды айтсак болот. Бул жаатта бирдиктүү максатыбыз орундалды деп айтсам болот, себеби аны көрүп жатабыз.

"Азаттык": Ош аркылуу АКШ бүтүндөй Фергана аймагына таасирин арттырышы мүмкүн деп бир катар эксперттер айтып жүрүшөт. Сиздерди бул региондо эмнелер кызыктырат?

Памела Спратлен: Биз сиздин өлкөңүзгө Америка менен Кыргызстандын ортосундагы мамилени жакшыртуу максатында келгенбиз. Кыргызстандын өнүгүшүнө, бул өлкөнүн жарандарынын ортосундагы ынтымактын бекемделишине салым кошолу, деген оюбуз бар. Бул максат – менимче жакшы.

"Азаттык": Ошко АКШнын консулдугу ачылышы мүмкүн деген сөздөр да жүрөт. Эгер ушундай аракеттер болсо, консулдук ачууга эмне негиз болду?

Памела Спратлен: Сиз айтып жаткан божомол чындык деп айтууну аябай каалайм. Бирок азырынча бизде андай пландар жок.

"Азаттык": Ош мэриясы менен АКШ элчилигинин ортосундагы мамиле сууп кетиптир деген имиштер жакында социалдык тармактарда кызуу талкууланган эле. Бул сөздөр канчалык чындыкка жакын?

Памела Спратлен: Андай имиш сөздөргө ишене бербеш керек. Мисалы, мен бүгүн Оштун мэри Мелис Мырзакматов менен жолуктум. Ал киши бизди аябай жакшы кабыл алды. Ош мэриясы менен АКШ элчилигинин ортосундагы кызматташтыкка мен өзүм да канааттанам жана ыраазычылык билдирем. Мындан ары да алар менен жакшы максаттагы долбоорлорду биргеликте ишке ашыра берүүгө даярбыз. Демек сиз уккан имиш сөздөр чындыкка туура келбейт.

"Азаттык": Маегиңиз үчүн рахмат. Ошко куш келипсиз!
XS
SM
MD
LG