Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:34

Ошто милиция күчөтүлгөн тартипке өтүүдө


Ош шаары.
Ош шаары.

Июнь коогасынын эки жылдыгын утурлай Ош шаарында паспорттук режим киргизилип, текшерүү күчөтүлдү.

Ош шаарында 5-июндан 12-июнга чейин милиция күчөтүлгөн тартипте иштемей болду. Шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Сүйүнбек Өмүрзаковдун айтымында, соңку учурларда улут аралык араздашууну козуткан маалыматтардын тарап жатышынан улам, эл арасында кайрадан чатак чыгып кетиши ыктымал деген кооптонуулар көбөйгөн:

- Интернетте, эл арасында адамдарды кооптондурган имиш сөздөр кеңири тарап кетти. Эки элдин ортосуна от жагууну көздөгөн күчтөр дагы эле арабызда бар. Ошолордун тараткан беймаани сөздөрүнөн улам кыргыз менен өзбектин ортосунда бири бирине кооптуу көз караш менен карагандар болуп жатат. Чочулоо күчөгөнү чын. Бирок тартип коргоо кызматкерлери кайрадан жаңжал чыгарууга жол бербейт.

5-июндан тарта Оштун аймагы шарттуу түрдө беш участокко бөлүнүп, милициянын ыкчам топтору иштей баштайт. Кечки саат 7ден таңкы жетиге чейин шаар ичин 12 ыкчам топ кыдырып, коомдук тартипке көз салат. Өмүрзаков билдиргендей, Ош шаарында майда-барат жаңжалдардын болуп жатканы чын:

- Бирок алардын баарын улуттук араздашууга такап маалымат чыгара берген туура эмес. Айрым маалымат булактары майда чатактарды да ошондой маани менен чагылдырып жатышат. Эки кыргыз урушуп кетсе да кыргыз-өзбек деп айткандар бар. Эки өзбек бири бири менен сөз талашып, адамдар топтолуп калса эле чоң жаңжал катары сүрөттөп жиберишет.

Шаар милициясынын башчысы түрдүү имиштерди таратууга кызыкдарларды аныктоо жана кооганын эки жылдыгын тынч өткөрүү максатында 31-майдан тарта "Укуктук тартип" деген аталышта рейд башталганын кошумчалады:

- Бул рейдди өткөрүүдөн максат – паспорттук режимди киргизип, Ош шаарында мыйзамсыз жүргөн чет элдик же шаарда туруктуу каттоосу жок кишилерди аныктоо. Алардын ниетин билүү, анык максатын көрсөтүп бере албагандарды жана мыйзам бузуу жолу менен бшка өлкөдөн Кыргызстанга келгендерди депортациялоо. Ким билет, балким ошолордун арасында чагым таратып жүргөндөр бардыр.

Мындан сырткары "Укуктук тартип" рейди менен катар элдин колундагы мыйзамсыз жүргөн курал-жаракты жыйноо боюнча "Арсенал" рейди да башталган.

Шаар тургуну Айгүл Атабекованын айтымында, июнь коогасынын эки жылдыгы жакындаган учурда милициянын бул аракети ансыз да кооптонуп жашап жаткан кишилерди ого бетер чочулоого мажбур кылууда.

- Июнь окуясынын эки жылдыгы жакындаган сайын ошого байланыштуу жасап жаткан иш-чараларын милиция жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу өтө көп айтып жатат. Бул нерсе, тескерисинче, адамдар арасында кооптонууну ого бетер күчөтүүдө. Жасаган ишин жашырсын дебейм, бирок элди дүрбөлөңгө салбай эле коюшса болмок.

Бирок милиция тарап муну кооптонууну күчөтүү деп санабайт. Андыктан алар такси айдоочуларын да бейпилдикти сактоого тартышкан. Тагыраак айтканда, шектүү кишилер жөнүндө алардан да маалымат алып турушат. Бул үчүн кечээ милиция менен айдоочулардын атайын жолугушуулары болгон.

XS
SM
MD
LG