Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:45

Оппозиция-бийлик: диалог уланабы?


Оппозиция менен сүйлөшүү белгиленген жер. "Ала-Арча" резиденциясы, 18-апрель, 2012.
Оппозиция менен сүйлөшүү белгиленген жер. "Ала-Арча" резиденциясы, 18-апрель, 2012.

Оппозиция лидерлери өкмөт менен сүйлөшүүдөн баш тартышын жолугушуу КТРК аркылуу түз эфирден көрсөтүлбөгөнү менен түшүндүрүүдө.

Кечээ, 18-апрелге пландалган өкмөт менен оппозициянын жолугушуусу болбой калды. Буга оппозиция өкүлдөрүнүн өкмөт жолугушууну белгилеген “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясына келбей койгону себеп болду.

Тараптар жана талаптар

Премьер-министр Өмүрбек Бабанов алардын жолугушууга келбегени боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, буларды билдирди:

- Мен ар бир адам менен телешоуга чыкканга премьер-министр катары убактым жок. Мен атайын убакыт бөлүп, аларды ушул жолугушууга чакырган болчум. Ушул жерде ачык-айкын сүйлөшүп алсак жакшы болмок. Тилекке каршы, алардын ой максаттары башка жана айткан доматтары ушак болгон үчүн бул жерге келе алган жок.

Бабанов өз сөзүндө оппозиция бийлик үчүн гана күрөшүп, ал эми өлкөнү өнүктүрүү боюнча атаандаш долбоорлору жоктугун айтты. Өкмөт тараптап жолугушууга премьер-минисрден сырткары, министрлер Акылбек Жапаров, Зарылбек Рысалиев, Алмамбет Шыкмаматов, Ибрагим Жунусов келди.

Бабанов эгер оппозиция келсе, ондогон журналисттердин катышуусундагы бул жолугушуу конструктивдүү сүйлөшүүгө жана ачык-айкын пикир алышууга шарт түзмөктүгүн белгиледи:

- КТРКдан түз эфир берүү боюнча сунуш болду. Бирок биз бул жерге элүүдөн ашык массалык маалымат каржаттарынын өкүлдөрүн чакырдык. Бул жерге ушунча көп санда келген ММК өкүлдөрүн мен президенттин ант берүү аземинде гана көргөм. Баары ачык-айкын көрүшмөк сүйлөшүүлөрдү. Бир гана Кыргызстандын эмес, башка мамлекеттердин да ММКларынын өкүлдөрү бар бул жерде. Мына сүйлөшүүгө кенен аянт. Ушул жерде сүйлөшсөк, өтө туура болмок.

Премьер-министр ошондой эле жакында өкмөттүн узак, орто мөөнөттүү жана 100 күндүк иши тууралуу парламентке отчет берерин кошумчалады.

Оппозиция өкмөт башчы сөзүнө турбаганын айтууда

Өкмөт оппозиция өкүлдөрүнө, тагыраак айтканда парламенттеги оппозициялык “Ата-Журт” фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиев менен Акматбек Келдибековду, мындан тышкары “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаровду жолугушууга расмий чакырганын кабарлаган.

18-апрелде эртең менен маалымат жыйынын өткөргөн “Ата-Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев жолугушууга барарын, бирок мурда убада кылынгандай ал Коомдук канал аркылуу түз көрсөтүлүшү керектигин айткан. Ал бул пикирин “Азаттыкка” дагы бир ирет ырастап, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясына белгиленген жолугушууга катышпастыгын, анын себебин өкмөт башчы Бабанов өз убадасына турбай жатканыгы менен түшүндүргөн.

-“Ала-Арча” резиденциясына саат бешке чакырган жолугушууга барбайбыз. Себеби биз КТРКга түз эфирге барабыз деп чечкенбиз. Анткени, биз Бабановдун үчөөбүздүн атыбызды айтып, түз эфирге чакырам деген чакыруусун кабыл алганбыз.

Оппозиция лидерлери эгер түз эфир болбосо, өкмөт жолугушууну өзүнө ылайыктап, монтаждап, бурмалап, көрсөтүп койот деген жүйөөнү карманышты. Мындай пикирин “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров да билдирип, жолугушуудан баш тартканынын себебин жолугушуу түз эфирден көрсөтүлбөгөндүгү менен түшүндүрдү.

- Биздин талап - КТРКдан түз эфирде, бардык журналистердин катышуусунда сүйлөшүү. Резиденцияга кирип алып, ал жерде болгон сөздөрдү журналисттерден бекитип, катып, ал эми өздөрүнө ыңгайлуу болгон нерселерди монтаждап, элге туура эмес маалымат берет. Биз бир канча жолу мындай тажрыйбаны көргөнбүз.

Ал эми жолугушууга байкоо салганы келген акыйкатчы Турсунбек Акун оппозиция келбей койгонун айыптап, бирок өкмөт мындан ары да жолугушууга демилгечи болушу керек деп эсептейт:

- Оппозиция бир жолу келбей калса эле бийлик таарынып, болду эми сүйлөшпөйм дебеш керек. Бийлик дайыма сүйлөшкөнгө аракет кылышы керек. Оппозиция болсо сөзсүз сүйлөшүүгө барышы керек.

Буга чейин оппозиция Ошто, Баткенде жана Жалал-Абадда митингдерди өткөрүп, өкмөттүн отставкасын, июнь-апрель окуяларына күнөөлүүлөрдү жазалоо сыяктуу бир топ талаптарды билдирген. Алардын айтымында, бүгүнкү өкмөт өлкөнү өнүктүрүүдө чабалдыгын көрсөтүүдө. Ошондуктан ал кетип, ордуна кесипкөй өкмөт куралышы керек. Жогорудагы талаптарды аткаруу үчүн 21-апрельге чейин убакыт чектеп, талаптар аткарылбаса, өлкөнүн ар аймагында нааразылык акциялары башталарын эскерткен.


Өкмөт менен оппозициянын сүйлөшүүсү болбой калды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:14 0:00

XS
SM
MD
LG