Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:41

Оппозиция: саясий куугунтук күчөдү


Мамбетжунус Абылов, Равшан Жээнбеков, Камчыбек Ташиев, Кубанычбек Кадыров маалымат жыйында. Бишкек, 3.04.2014
Мамбетжунус Абылов, Равшан Жээнбеков, Камчыбек Ташиев, Кубанычбек Кадыров маалымат жыйында. Бишкек, 3.04.2014

Улуттук оппозициялык кыймыл бийлик тараптан өз мүчөлөрүнө карата саясий куугунтук күчөп жатканын сындап чыкты. Бийлик мындай дооматты четке какты.

Оппозиция өкүлдөрү акыркы эки-үч күндө өздөрүн, алардын үй-бүлөсүн милиция тарабынан коркутуу, моралдык-психологиялык басынтуу, жалган маалыматтарды жайылтуу аракети болуп жатканын белгилешүүдө. Милиция болсо мындай маалыматтарды четке какты. Ал арада айрым серепчилер бийлик чын эле оппозицияны опузалоого аракет кылып жатат десе, кээ бирлери тескерисинче оппозиция жакында боло турган митинг алдында өздөрүн пиар кылууда дешет.

Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөсү, “Чындык” партиясынын лидери Кубанычбек Кадыров, 7-апрелде кечке жуук үйүнө милиция формасындагы эки, жарандык кийимчен төрт адам келип, эшикти ачууну талап кылышканын “Азаттыкка” билдирди. Саясатчынын үйүнө келген адамдар балдардан атасы менен апасынын кайда экенин сурап коркутушкан. Үйдө улуу киши жок болгондуктан, балдар каалганы ачышкан эмес. Кадыров муну өзүнүн оппозициялык ишмердүүлүгү менен байланыштырууда.

- Эгер мени расмий чакыра турган болсо “биз повестка таштаганы келдик” деп айтышат эле да. Мурунку бийликтин убагында саясатчылардын өздөрүнө асылчу эле, азыр эми балдарыбызга, жакындарыбызга, үй-бүлөбүзгө асылганы - абдан абийирсиздик. "Ууруну ууру кармады" дегендей болот, ошондуктан мен эч кимге бул окуя боюнча кайрылбайм.

Мамбетжунус Абылов.
Мамбетжунус Абылов.
​Ушул эле күнү кечинде оппозициялык кыймылдын коменданты Мамбетжунус Абыловдун үйүнө да милиция өкүлүбүз деген адамдар келишкен. Абыловдун айтымында, ага чейин Бишкек шаардык ишки иштер башкармалыгынан бир нече жолу телефон чалып, жолугууга чакырышкан. Ал муну Бишкек милиция башчысы Мелис Турганбаевди сотко берген окуя менен байланыштуу деп эсептейт:

- Оппозиция өкүлдөрүн коркутуп, жаманатты кылганга аракет кылганы жатышпайбы. Мени кылмышкер деп жаманатты кылганга аракет кылып көрүштү. Сотко берсем десем, коркутканга аракет кылып атышат. Милициянын келгени белгилүү, "соттон арызды алып кой" деп сүйлөшкөнү келишти да. Мени кайта-кайта Бишкек милициясына кел дегени деле ошо да. Мен арызды албайм, алар менен сотто сүйлөшөм.


Буга чейин оппозициялык кыймыл 10-апрелде бийликке каршы митинг өткөрөрүн жар салган болчу. Буга байланыштуу маалымдама-келишимге Бишкек милиция башчысы Мелис Турганбаев кол койгон эмес. Макулдашууга оппозиция тараптан кол койчу Мамбетжунус Абылов өзү кылмыш иштин алкагында сурак берип жатат деген негизде Турганбаев кагазга кол койгон эмес. Абылов болсо тергөөдө күбө катары гана суралганын айтып, аброюна шек келгенин негиз кылып, сотко кайрылган.

Ал эми Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Бакыт Сеитов милиция кызматкерлери оппозиция өкүлдөрүнүн үйүнө барып коркутту деген маалыматтар такталбаганын билдирди. Ошондой эле Тышкы иштер министрлигинин өтүнүчү менен Түркиядагы Кыргызстандын элчилигинин имаратын ремонттоо боюнча тергөө-иликтөө жүрүп, былтыр “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун айтты. Маалыматка ылайык, элчиликти оңдоп-түзөө 2008-жылы Абылов элчи кызматында турганда жүргүзүлгөн.

Сеитовдун маалыматы боюнча ремонттоо иштерине коротулган 170 миң доллардын отчету азыркыга чейин берилген эмес.

- Абылов өзү бизде суракта жүрүп атса, анан генерал Турганбаев коомдук тартипти сактоо боюнча тергөөдө, суракта жүргөн жеринен келишим түзүп, коомдук тартипти сактоону өтүнмөк беле. Мындай болбойт, мүмкүн болсо башка өкүл келсин дегенбиз. Биздин балдар кечээ, мурдагы күнү телефон чалып, эч кимиси менен байланыша албай коюшту. Биз менен жолугуудан качып атат. Кадыровдун дагы, Абыловдун үйүнө дагы Бишкек шаардык милициянын балдары барышкан жок. Мен муну тактадым. Балким башка бирөөлөр да барышы мүмкүн.

Ал арада Улуттук оппозициялык кыймыл мүчөлөрүнө, саясий оппонентерине карата бийлик куугунтукту күчөтүп жатканын сындап чыкты. Буга Кубанычбек Кадыровго, Мамбетжунус Абыловго байланыштуу окуялар жана кыймылдын дагы бир мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Абдрахмановго байланыштуу жалган маалымат таратылып жатканын мисал келтиришкен. Буга чейин айрым маалымат каражаттарында Абдрахманов кумсалардын укугун коргойт дегендей маалыматтар тараган. Оппозициялык кыймыл бийликке ачуу сын айтып, анын кемчилигин көрсөткөн оппозиция лидерлерине карата кысымдын артында өлкөнүн жогорку жетекчилиги турат деп эсептейт.

Журналист жана серепчи Турат Акимов азыркы бийлик дагы, оппозиция дагы эски технологияларды колдонууда деген пикирде:

Турат Акимов.
Турат Акимов.
- Булардын бардыгы эски саясий мектептин, бир муундун балдары. Бийлик деле, оппозиция деле 20 жылдан бери ушундай гана түрдөгү күрөштү тааныйт. Атамбаев деле укмуш иштеп атат деп айтууга болбойт. Негизинен команда бири-биринен айырмасы деле жок. Кызматтан түшүп калган, кызматка нааразы болуп, ортодо нааразылык менен жашаган топ.

Саясат таануучу Марат Казакпаев азыр мурдагы бийликтердегидей оппозиция өкүлдөрүнө карата куугунтук жок деп эсептейт.

- Азыр милиция мыйзам чегинде эле иштеп атат. Азыр баарыбыз эле көрүп атабыз, мурдагы бийликтегидей саясий куугунтук жок. Бирок административдик ресурс, коррупцияга каршы күрөшүүдөгү теңсиздик маселелери бар.

Бириккен улуттук оппозициялык кыймыл ушул жылдын 26-февралында түзүлгөн. Позициялары ар башка саясатчылардын биригиши жана жаңы жүздөрдүн жоктугу - оппозиция сапаттык жактан жаңыланган жок деген сындарды жаратууда.

XS
SM
MD
LG