Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:01

Кочкоров: Кенибизди ким иштеткенин да билбейбиз


Кыргызстан советтик мезгилде Өзбекстан менен Тажикстан убактылуу пайдаланууга алган мунай жана газ чыккан жерлерин кайтарып алууну көздөөдө. Бирок ал натыйжа береби? Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Кочкоров ушул маселе боюнча суроолорго жооп берди.

- Чек арадагы мунай менен газ чыккан жерлерди Кыргызстанга кайтаруу максатында Жогорку Кеңеште буга чейин токтом кабыл алынган эле. Бирок эмне себептен ал аткарылбай жатат?

- Бул боюнча бир эмес, үч жолу токтом кабыл алынган. 2011-жылы 28-апрелде биринчи токтомду кабыл алганбыз. Андан кийин ошол токтомдун аткарылышы боюнча да эки ирет карап, эки ирет токтом кабыл алдык. Бирок аны аткарууга өкмөт тарабынан эч кандай кыймыл-аракет болгон жок. Ага өзүбүз да таң калып жаттык.

Мамлекет башында тургандардан тарта Кумтөрбү же башка ишканабы, иштете албайбыз дегенге көнгөнбүз. Мындай психологиядан арылышыбыз керек. Бизде деле мыкты адистер бар...

Эмне иштер аткарылып жатат, жакын арада алабызбы же албайбызбы деген суроого делимитация, демаркация иштери бүтө элек, ушул маселелер толугу менен чечилгиче күтө турала деп келишти. Бирок сөз болуп жаткан Баткендин Бүргөндү өрөөнүндөгү чек ара аймагы 2006-жылы аныкталып, протоколдорго кол коюлган. Кен чыккан жерлер Кыргызстандын ичинде, эч кандай талаш маселе жок экени мурда эле аныкталган.

- Ал жерде мунай менен газдын болжолдуу запасы канча?

- Эми бул үчүн атайын эсептөөлөр жүрүшү керек. Ал жерлерди узак жылдан бери коңшулар иштетип келет. 1955-жылы Өзбекстандын министрлер кабинети Бүргөндүнү иштетүү сунушу менен бизге чыккан. Сунушту Кыргызстандын министрлер кабинети карап чыгып, 1956-жылы бекитип берген.

Ошондон бери ал жерди Өзбекстан иштетип келгени менен мунай жана газдын запасы тууралуу бизге маалымат беришпейт. 1991-жылы союз тарагандан кийин 15 республика ортосунда кимдин аймагында кандай ишкана болбосун, ал кимге карабасын ошол турган өлкөнүн карамагына өтсүн деген макулдашуу болгон.

- Демек ал келишимге ылайык, ал жердеги ишканалар дароо эле Кыргызстандын карамагына өтүш керек эле да?

- Албетте, 1992-жылы ошол 15 республиканын башчылары кол койгон келишим бар. Бир гана Өзбекстандын азыркы президенти Ысык-Көлдө турган пансионаттарыбыз боюнча өзгөчө пикирим бар, калганы боюнча баарына макулмун деп кол коюп берген. Биз ошол келишимди ишке ашырууда аксап жатабыз. Кайсы өлкөдөгү объект болбосун аймагына карап ошол мамлекетке өткөн. Ошол эле Байкоңурду алалы, Орусия аны пайдалануу үчүн Казакстанга ижара акысын төлөйт. Биздин деле Тажикстанда, Өзбекстанда, Казакстанда объекттерибиз болгон. Алар келишимге кол коюлган күндөн тарта ошол мамлекетке өткөн. Биз тилекке каршы, ушул жагынан аксап жатабыз.

- Кыргызстан ошол объекттерди алган күндө да иштете алабы? Ошол эле мунайды бургулоочу шаймандары барбы? Балким ошол эле коңшуларга иштетүүгө берип, бирок ижара акысын алып туруу керектир?

Биз кайдыгерликтин айынан өзүбүздө эмне чыгып, кимдер иштетип жатканын билбей жатпайбызбы...

- Мен бир нерсеге таң калам. Мамлекет башында тургандардан тарта Кумтөрбү же башка ишканабы, иштете албайбыз дегенге көнгөнбүз. Мындай психологиядан арылышыбыз керек. Бизде деле мыкты адистер бар. Биз айтып жаткан тармактар өтө кирешелүү. Атайын бир компанияларды чакырып, Кыргызстандын кызыкчылыгын көздөгөн шартта иштөөгө сүйлөшсөк болот да.

- Өткөн аптада эле Лейлектеги бир мунай жана газ кени чыккан жерди Кыргызстан Тажикстандан кайтарып алды. Ал жерден тажик жумушчулары түшүнүү менен чыгып кеткени айтылды. Бирок буга алардын бийлиги кандай карайт, коңшулар менен кандайдыр бир талаш жаратпайбы?

- Жаратпайт. Бул акыркы талаштуу объект эмес. Лейлекте тажикстандыктар бир эле мунай-газ эмес, кварц кумун да казып алып иштетет. Биз кайдыгерликтин айынан өзүбүздө эмне чыгып, кимдер иштетип жатканын билбей жатпайбызбы...
XS
SM
MD
LG