Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:05

Нарын: бала бакча талашка түштү


Нарын шаарындагы “Ыйман” деп аталган №16 бала бакчанын жамааты мурдагы жетекчиси Нургүл Асипбаеванын кайтып келишине каршы чыгышууда. Асипбаеваны мурда ээлеген кызматын Жогорку Сот өз чечими менен калыбына келтирген болчу.

№16 бала бакчада Нургүл Асипбаева 17 жыл иштеген. Нарын шаардык билим берүү бөлүмү аны арыз-даттануулардын негизинде деп, былтыр 8-июнда бакча башчылыгынан бошоткон. Мындай чечимге макул болбогон Асипбаева соттошуп жүрүп, мурда иштеген кызмат ордун кайтарып алууда:

- 1-июнда катуу талкуу болуп, жумуштан кет деген. Ошондо Нарын облустук администрациясына жана башкаларына “мен кайра келбейм” деп айткам. Бирок “мени ыраазы кылып, 18 жылдык эмгегимди баалап, кызмат бергиле” десем берген жок. Ошондон тарта өзүм жашоом үчүн чуркап, Шаардык соттон жеңилдим, Облустук соттон да жеңилдим. Кайра өзүмө 15 000 сом салып коюшкан. Жогорку Сотто акыйкаттык бар экен. Ушуну менен утуп келдим.

Бирок Жогорку Соттун чечимине бакчанын жамааты каршы болуп жатат. Аталган бала бакчанын кесиптик кошуун башчысы Турсунбүбү Осмоналиева жамаат мурдагы жетекчинин кайтып келишине эмне себептен каршы болуп жатканын мындайча түшүндүрдү:

- Эженин иштегенине 17 жыл болду. Анан бала бакчаны өзүнүн менчигиндей көрөт жана каалагандай пайдаланып, мисалы техникалык кызматкерлерди жумушка кой-эчки менен алып, кааласа бошотуп жиберип, биздин укугубузду тебелеп келген.

Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кубат Стамов “Азаттыкка” буларды айтты:

- Асипбаевага буйрукту чыгарып, аны кайра бала бакчага отургузаар мезгилде, жамааттын толук курамы эшиктин алдында “Асипбаева кетсин!”, “Асипбаева келбесин!” деген бир топ плакаттарды илип алып, мени жана Асипбаеваны бала бакчанын короосуна жана имаратка киргизбей коюшту.

Асипбаеваны кызматтан кетирүү тууралуу буйрукка кол койгон ошол кездеги Нарын шаардык билим берүү бөлүм башчысынын милдетин аткаруучу, мекеменин башкы адиси Марипа Алиева Жогорку Сот бул ишти калыс караган жок деп ишендирүүдө. Ал Жогорку Сот отурумуна жоопкер тарап катары катышкан:

- Анын адвокаты мурдакы спикер, аксакалыбыз Мукар Чолпонбаев Шалтакович болду. Ал жерде шаардык, облустук соттун чечими эч кандай көңулгө алынган жок. Менин айткан сөзүмдү “андай эмес, отур” деп, ушундай кекетүүлөр менен өттү. Жогорку Сот эч качан, эч нерсени акыйкат чечпейт экен.

“Ыйман” бала бакчасын 11 айдан бери мурдагы тарбиячы Мелис Жакыпов башкарып келатат. Ал азыр ээлеп турган кызмат ордун бошотуп берүүгө даяр экенин билдирди:

- Ал киши менен ортобузда мурун эч кандай уруш-талаш болгон эмес. Жалгыз эркек болгон үчүн эже мага унчукчу эмес. Бирок эжелер менен чындыгында ызы-чуу болуп келишти. Эженин өзүнө деле айтчумун.

Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кубат Стамовдун айтымында, Жогорку Соттун чечими боюнча сот аткаруучу дайындала элек. Сот аткаруучу дайындалса эле бакча жетекчилиги кайрадан Нургүл Асипбаевага кайтарылат. Анткен менен бакча жамааты жаңы жагдайларга байланыштуу бул иш боюнча кайрадан сотко кайрылууну көздөп жатат. Кызматкерлер Жогорку Сот ишти бир жактуу карап, жамааттын кызыкчылыгын, мурдагы кайрылууларын эсепке алган эмес дешүүдө.

XS
SM
MD
LG