Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:54

Нарын: догдурларды нааразы кылган маяна


Нарындык дарыгерлер митингде. 3-июнь, 2015-жыл
Нарындык дарыгерлер митингде. 3-июнь, 2015-жыл

Нарын облустук бириктирилген оорукананын алдына элүүгө жакын медицина кызматкери Эмгек кодексине макул эместигин билдирип, көчөгө чыгышты.

Буга 2012-жылы өзгөртүлүп, күчүнө кирген Эмгек кодексинин негизинде дарыгерлердин маяналарынын кыскарып жатышы себеп болгон.

Чогулган медицина кызматкерлери 2012-жылы өзгөртүлгөн Эмгек кодексинин 333-беренесинде көрсөтүлгөндөй, "Бийик тоолуу шарттардагы эмгек акысына райондук коэффициенттер жана иш стажы үчүн кызматтык маянасына үстөктөр белгиленген райондордо айкалыштырып иштеген адамдардын эмгегине акы төлөө ошол коэффициенттерди жана үстөктөрдү эсепке албастан жүргүзүлөт” деген жобосуна макул эместигин билдиришти.

Облустук оорукананын дарыгери Жоомарт Абдыкасымов нааразычылыгын мындайча түшүндүрдү:

- Айкалыштырган деген сөз өзү туура эмес. Мисалы, мен башкы жумушумда бир жарым ставка менен иштейм. Анан кайдагы айкалыш? Эгер мен түшкө чейин ооруканада иштеп, түштөн кийин окуу жайга сабак берсем бул айкалышкан жумуш болот. Ал эми бул жерде таптакыр туура эмес жазылган. Негизи Нарынга дарыгерлер бийик тоолуу шарттагы коэффиценттин кошулганына карап келет. Азыр аны алып салса, эч ким келбейт. Ансыз деле жаш кадр жок. Азыр өлкөдө айлыкты көтөрүү жөнүндө сөз болуп атса, биздикин тескерисинче кыскартабыз дешет. Андай болбошу керек.

Облустук оорукананын жаш дарыгери Айбек Манапбаев алты ай мурун "Жаш дарыгерлер депозити" программасынын алкагында үч жылдык келишим менен Нарынга келген. Эми маянаны кыскартса, кайра кетейин деп жатканын айтты:

- Алты дарыгер "Жаш дарыгерлер депозити" программасы менен келгенбиз. Жашоого шарт түзүп, турак жай, депозит беребиз дешкен. Бирок айлыгы аз болсо, бир ставкадан ашыкка төлөнбөсө, кайра кетели деп ойлонуп жатабыз. Бир ставканы иштеп ,калган жарымын биз башка жерден иштеп таап жаткан жокпуз да, 7 миң сом эмгек акы алып, батир акысына 6 миң сом төлөйбүз. Мындай эмгек акы менен келишимдин аягына чейин чыдай албайбыз.

Нааразылардын оюн угуу максатында келген Нарын облустук экологиялык техникалык инспекциянын инспектору Жаңыл Чобиева бул мыйзам бир жарым жыл мурун эле чыкканын, муну эмнеге азыр көтөрүп жатышканын түшүнбөй турганын айтты. Ошону менен бирге дарыгерлердин талабы туура экенин белгиледи:

- Хирург өз жумушун иштеп, анан УЗИге барып иштеди дейли. Анда бул жумушту айкалыштырганга жатат. Бирок хирург өзүнүн жумушун бир ставкасын иштеп бүткөндөн кийин кайра дарыгердин жетишпегендигинен улам өзүнүн эле жумушун улантып иштеп атат, бул эч кандай айкалыштырганга жатпайт.

Ал эми Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Нарын аймактык башкармалыгынын жетекчиси Сыйнагүл Шамеева Саламаттыкты сактоо министрлигинин мыйзамында бир дарыгер бир ставкадан ашык иштесе, анын иши айкалыштырып иштегенге барабар болот деп түшүндүрдү:

- Бул айкалыштырып иштөө мыйзамы бир жарым жыл мурун чыкканы менен ал ишке ашкан эмес. Анткени аны Саламаттык сактоо министрлиги кабыл алышы керек болчу. Азыр июнь айынан баштап дарыгерлерге кошумча бийик тоолуу аймакта иштегени үчүн үстөк акча берилбейт. Муну эмгек инспекция да туура эмес айтты, биздин министрликтин мыйзамы боюнча айкалыштырып иштөө бир врач башка адис жетишпегенден иштеген кызматы, бир ставкадан өткөндөн соң айкалыштырып иштөөгө жатат.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин мерчемине ылайык, дарыгердин бир ставкасы 168 саат менен чектелет. Бирок облустук ооруканага дарыгерлер жетпегендиктен алардын көпчүлүгү бир жарым ставкадан эки ставкага чейин иштешет. Эми аларга мурда төлөнүп келген бийик тоолуу аймактар үчүн кошулчу үстөк акча бир ставкадан өткөндөн кийин төлөнбөйт. Бирок бул мыйзам бир жарым жыл мурун эле чыкканына карабастан дарыгерлерге бул үстөк кошулуп келген. Эми май айынан баштап төлөнбөсүн билдиришкен.

Нарын облустук бириктирилген ооруканага 45 дарыгер жетишсиз. Акыркы жылдары ооруканага ишке орношкон жаш кадрлар жокко эсе. Ал эми оорукананын психонаркологиялык бөлүмүнө 30 жылдан бери бир дагы жаш кадр келбегенин аталган бөлүмдүн жетекчилиги маалымдады.

XS
SM
MD
LG