Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:01

Жоголгон журтташтар


ВИD телекомпаниясы, эл аралык "Мир" радиосу жана “Азаттык” мультимедиалык мекемесинин биргелешкен “Жди меня” – “Издейм сени” долбоору Кыргызстандан сыртка чыгып кетип, дайын-дареги табылбай калган мекендештерибизди издеп табуу максатын көздөйт.

Аталган маалымат каражаттарынын сайттарында жана радиоберүүлөрүндө жакындарын издеген адамдардын кайрылуулары дайыны табылбай жаткандардын сүрөттөрү менен кошо жарыяланып турат.

Марафондун өзү апрель айында «Мир - Бишкек» радиостанциясында (87,5 FM жыштыгы), “Азаттык” радиосунда (104,1 FM жыштыгы) өткөрүлүп, “Азаттык. Kg” сайтында кыргызча жана орусча жарыяланат.

Мындан сырткары ВИD, «Мир» жана “Азаттык” компанияларынын телетоптору да жок издегендерди, табылгандар болсо аларды тартып көрсөтүшөт. “Жди меня” – “Издейм сени” долбооруна Бишкек мэриясы, Кыргызстандын жана Орусиянын күч түзүмдөрү да катышмакчы.

Төмөндө жакындары издеп жаткан адамдардын тизмесин сунуштайбыз. (тизме уланат)


1) 1968-жылы 22-январда туулган иним Аксамаев Талаайбек Анарбаевичти
издейм. Ал 2008-жылы Орусияга иштегени кетип, Подольсктогу темир жолдо бир аз убакыт иштептир. Бир күнү эртең менен жумушка кеткен бойдон дайыны жок.

Арыз ээси: Анарбаев Жолойбек Анарбаевич.



2) 1961-жылкы агам Шаршенбек Жумалиев изделүүдө. Ал 2003-жылдын июлунда
Казакстандын Костанай облусунун Камышовский районуна иштегени кеткен эле. Ошол бойдон байланыш жок.

Арыз ээси: Жекшеев Жолдошбек.



3) Күйөөм Табалдиев Таласбек Осмоналиевичти издейм. 2011-жылдын июль айында Орусиянын Краснодар облусунун Адлер шаарына иштегени кеткен. Бат-бат телефон чалып турчу. Акыркы жолу 31.07.2012-ж. +79649464439, +79673194892 телефондору аркылуу кабарлашкан. Ошондон кийин телефон чалган эмес. Бою 174 см. арыкчырай, кара-тору, мандайы бийик, чачы суюк, ак чач, кашы калың, көзү күрөң. Өзгөчө белгиси: башында төбөсүнөн желкесине чейин тырыгы бар.

Арыз ээси: Табалдиева Тынысык Смановна.


4) 1986-жылдын 16-майында туулган Жакыпов Жанышбек Сапарбаевич изделүүдө. Туулган жери: Баткен областынын Кадамжай району, Халмеон айылы. Атасы: Жакыпов Сапарбай. Апасы: Жакыпова Гүлмипа. Жанышбек Москвага 2009-жылы кеткен. Бир жылдан кийин телефон чалган. Номери сакталбай калыптыр. Паспортунун сериясы, номери А2724220 Баткен РИИБинен берилген. Өзү бойдок.

5) Атам Өмүрбай Жүзбаевди издейм. Ал Казакстандын Эркин-Сай айылында экинчи жолу үйлөнүптүр. Атам азыр жок болсо дагы аталаш бир туугандарымды тапсам деп үмүттөнөм. Биринин аты Жолдубек Жусупбаев, экинчиси Курманбек. Алар Ильяс аттуу адам (аялынын аты Майрамкан) менен кандайдыр бир байланышы бар экен.

Арыз ээси: Кудакеев Жеңиш Сатыбалдиевич.


6) Аталаш иним Айтиев Медербек Миталиповичти издейм. Ал Баткен областынын Лейлек районунда 1987-жылы 9-июлда туулган. 2009-жылы Москвага иштегени кеткен. Ошол жерде Мир проспектисиндеги мечитке барып жүргөн экен. Айтууларга караганда, Медербек 2010-жылдын 15-октябрында мечит аркылуу Түркияга окууга кеткен имиш. Апасына + 89367526859 номерлүү телефондон чалып, жеткенин кабарлаган. Ошондон кийин байланыш үзүлгөн.

Арыз ээси: Ашимов Салимбек Омурзакович.
.
7) Энем жактан жатындаш иним Суранов Наби Баратовичти издейм. 1958-жылы Өзгөн районунун Мырза-Арык айылында туулган. Ата-энеси өтүп кеткен. Акыркы жолу аны 2005-жылы Бишкектен көрүшүптүр. Үй-бүлөсү болгон, бирок ажырашып кетиптир. Азыр Орусия же Казакстанда болуш керек.

Арыз ээси: Кыргызбаев Муратаалы Сабирович.

8) 1979-жылдын 25-мартында туулган кызым Бурул Сулайманованы издейм. 1996-жылы туугандарына таарынып, жанына документтерин албай үйдөн чыгып кеткен. Орусия же Казакстанга кетип калганбы деп ойлоп жүрөбүз.

Арыз ээси: Саитова Нурила Аширалиевна.


9) 1978-жылы туулган синдим Асанканова Бермет Тилековнаны издейм. Туулган жери: Ысык-Көл областы. Бишкекке иштегени кеткен. Май айында Ысык-Көлгө келип кеткен. Ошондон бери дайынсыз. Жанында туулгандыгы тууралуу күбөлүгү эле бар болчу. Орусия же Казакстанга кеткен болуш керек.

Арыз ээси: Асанканова Сауле Тилекматовна



10) 1960-жылдын 12 мартында туулган кайнатам Кулжыгачев Алтымыш Сартовичти издейм. Ал 2006-жылдын 7-ноябрында кечки 21.00дө Кордой тарапка машинеси менен чыгып кеткен. Машинесинин маркасы: Вольксваген-пассат, кузову – седан, номери S5303U, түсү – кызыл кочкул. Жанында паспорту бар эле. Өзү жеке таксист катары иштечү. Ошондон бери дайынсыз.

Арыз ээси: Айзат Шайлообек кызы.


11) Бир тууганым Байтолиев Кабылбек Тентигулович изделүүдө.
1961-жылы Нарында туулган. 1984-жылы Москвага окууга кеткен. 1986-жылы Светлана деген кызга үйлөнгөн.

Арыз ээси: Байтолиев Казы Тентигулович.

12) Бир тууганым Темирова Нургүл Шамшидинованы издейм. 1982-жылы туулган. Ата-энебиз ажырашып кеткенден кийин, атам менен Өзгөнгө көчүп кеткен. Бир тууганы энеси менен Кызыл-Кыяда калышкан. Кийин Нургүл Казакстанга иштегени кетип, дайынсыз жоголгон. Алматы облусунун Чилик районунда жашайт деп укканбыз. Акыркы байланыш 15 жыл мурун болгон.

Арыз ээси: Темиров Алтынбек Шамшидинович.

13) Атам Темиров Шамшидинди тапкым келет. Ош облусунун Өзгөн районунда 1954-жылы 23-февралда туулган. Акыркы жолу туугандарына 1993-94-ж. Орусиянын Красноярск облусунун Борис Ширинский районунан кат жазган.

Арыз ээси: Темиров Алтынбек Шамшидинович.

14) Курбум Габалина Рената изделүүдө. Москвада СССРдин Госстрахында чогуу окуганбыз. 90-чу жылдары Кыргызстанга келип-кетем деп жүргөн. Бирок 90-жылдагы окуялардан кийин коркуп келбей калган. Ошондон бери байланыш жок. Латвияда жашайт деген маалымат уккам.

Арыз ээси: Абыкаева Бүбүсайра


15) Атам Алмамбетов Айталы Канатовичти издейм. Токтогул районунун Чон-Арык айылында туулган. 2007-жылдын 20-сентябрында апамдын бир тууганы Аширалиев Токтобек экөө Санкт-Петербург шаарына иштегени кетишкен. Акыркы жолу 2007-жылдын декабрынын аягында телефон чалып, колбаса чыгарган цехте иштеймин деп айткан. Ошондон бери кабар жок. Бир аздан кийн Аширалиев Токтобек кайтып келген.

Арыз ээси: Айталиева Наргиза Айталиевна.

16) Бир тууганым Сагынтаев Шейшенбек изделүүдө. Талас облусунда 1934-жылы туулган. Челябинск шаарында жашачу. Гүлмира, Жамиля, Марат деген үч баласы бар. 1992-жылы Бишкекке бир тууганына келип кеткен. Ошондон бери кабар жок.

Арыз ээси: Сагынбаев Дүйшөнбек.

17) Бир тууганым Калмурзаев Замирбек Кожоилимдаровичти издейм. 1979-жылы туулган. 3-4 жыл мурун Москвага иштегени кеткен. Бир жылдан бери кабары жок. Кайда экенин эч ким билбейт. Москвада аялы менен ажырашып кеткен экен. Аялы, достору ал жөнүндө кабардар эмес.

Арыз ээси: Калмурзаев Коконбек Кожоилимдарович

18) Байкем Акматисаев Азамат Акматисаевичти издейм. 1960-жылы туулган. үй-бүлөсүн таштап, башка бир аял менен жашап жүргөн. Ошол аял менен Казакстан же Орусияга кеткен деп укканбыз.

Арыз ээси: Акматсияев Рустам Зарипович


19) Тууганым Жунушев Наматказыны издейм. 1920-жылы туулган. Согуштан кийин Францияда калыптыр. Туткунга түшкөнбү, же өз каалосу менен калганбы, белгисиз. Он жыл мурун Францияга эс алганы барган кыргызстандыктардан, аман-эсенмин деп кабар жөнөтүптүр. Кыргызстандагы туугандары анын балдары, өзү жөнүндө кабар билгиси келет.

Арыз ээси: Борбиев Айбек Берлинович

20) Кыдыкеев Бактыбек Сатымбаевичти издейм. 1986-жылдын 15-ноябрында туулган. 2010-жылы энеси жана аялы менен урушуп кетип, үйдөн чыгып кеткен боюнча дайыны жок. Балким Орусияга кетип калгандыр.

Арыз ээси: Кыдыкеева Эльмира Таштанбековна

21) Уулум Качыбеков Бакытбек Абдыжыпаровичти издейм. 1975-жылы туулган. 1992-жылы Түркияга окууга кеткен. 1999-жылы Москвадан телефон чалып, бир тууганына поезддин узатуучулары аркылуу бир нерселерди берип жибер деген бойдон дайыны жок.

Арыз ээси: Турдалиева Керез

22) Назарбек уулу Искендерди издейм. 1991-жылдын 9-ноябрында туулган. 2012-жылы 25-ноябрда Бишкекке эжесиникине конокко келген. 26-ноябрда күндүзгү саат 12.00де эжеси маршруткага салып жиберген. Панфилов районунун Эфиронов айылына бармак экен. Бирок ал жерге барбаптыр. Жанында 10 миң орус рубли, ички паспорту бар эле. Тажикстанда болушу мүмкүн.

Арыз ээси: Алиева Асылкан Сатынбаевна

23) Бир тууганым Шамырканов Шаяхмет Усенгуловичти издейм.
1956-жылдын 17-апрелинде туулган. Казакстанга иштегени кетип кайтып келген жок. 2004-жылдын жаз айларынан бери дайынсыз.

Арыз ээси: Шамырканова Чолпон Усенгуловна

24) Жолдошум Ажалиев Норузбекти издейм. 1950-жылы туулган. 2007-жылдын 18-июнунда Казахстанга иштегени кеткен. Жанында Супишев Дамир деген бар эле. Экөө Кызыл-Ордо , Алматыга барышмак. Кордой жолундагы кафелердин биринде түнөп калышкан экен. Эртеси Дамир Норузбайды таппай калыптыр. Ошондон бери дайынсыз жоголгон.

Арыз ээси: Абдисияева Света

25) Бир тууганым Эрмаматов Айбек Санжаровичти издейм.
1988-жылдын 23-февралында туулган. Москвада базарлардын биринде иштеп жүргөн. Жатаканада жашаймын деп айткан. Өпкөсү ооруп бейтапканага жатып чыккан. Москванын түштүк-батышында жашаймын деген. Кийин башка жерге көчүптүр. Сүйлөшкөн орус кызым бар деп айткан. Акыркы байланыш 2011-жылдын ноябрында болгон.

Арыз ээси: Эрмаматов Эмил Санжарович

26) Досум Гибальский Вальдемарды издейм. 1959-жылдын 20-январында туулган. Курск облусундагы Курчатов шаарында бирге иштегенбиз. Кийин ал Польшага кетип, байланышыбыз үзүлгөн. 1979-жылы туулган карындашы бар эле. Мурун Вальдемар “Урсус” деген фирмада иштеген. Ал азыр тирүү болбосо, анын туугандарынын даректерин берип коюнузду суранам.

Арыз ээси: Дүйшөналиева Нургүл Токтобаевна

27) Досум Бурадинов Раимди издейм. 1972-жылы туулган. Раим экөөбүз 7-8-жыл бирге иштегенбиз, дос болуп жүргөнбүз. Англияга окууга кетип, ошол жерде калып калган. Кийин мен Түркияга кетип, байланышыбыз үзүлгөн.

Арыз ээси: Андашев Алмаз Таштанбекович

28) Жолдошумдун жээни Жураев Мавлян Мадаминовичти издейм. Ал 1975-жылы туулган. 2003-2004-жылдары Орусияга иштегени кетип, дайыны жок. Санкт-Петербургда иштеп жүргөн.

Арыз ээси: Мавлянова Темирхан

29) Иним Бахавадинов Жанышбек Ибрагимовичти издейм. Ал 1980-жылы 17-январда Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Арка-2 айылында туулган. Бишкек гуманитардык университетинин чыгыш таануу факультетинде окуп жүргөн. 2001-жылы 3-май күнү үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген жок. Ошондон бери дайыны жок болууда. Бул боюнча көп жолу кайрылдык: ар кандай органдарга, инсандарга, "Жди меня" көрсөтүүсүнө. Тилекке каршы жооп алган жокпуз. Сиздерден үмүт кылып кат жазып жатабыз, сураныч мүмкүнчүлүк болсо жардам бериниздер.

Арыз ээси: Эрмек Бахавадинов, Арка-2 айылы, телефонум: (0772) 060178

30) Бир тууганым Усупбаева Анипа Акылбековнаны издейм. 1964-жылы туулган. 2002-жылдын март айында КазаКстанга иштегени кеткен.

Арыз ээси: Усупбаева Марина Акылбековна.

31) Күйөөм Асанов Жолдошбек Касымакуновичти издейм. 1971-жылы 20-апрелде туулган. Акыркы жолу 10-январда телефон чалган. Ошондон бери биз менен кабарлашкан жок. Биз анын номерине чалсак, башка бир адам "Жолдошбек убактылуу бул жерден кеткен", - деп жооп берген. Эки айдан бери кабар жок. Биз сарсанаа болуп жатабыз.

Арыз ээси: Адекбарова Нургүл Тынайбековна.

31) Бир тууган сиңдим Артыкова Бурул Ураимовнаны издейм. 1972-жылы 14-апрелде туулган. Орусияга иштегени кеткен. Москва районунун Ивантеевка айылында иштеп жүргөн. Кийин дайынсыз жоголуп кетти. Биз Ивантеевкага жашаган жерине барып көрдүк. Үйүндө буюмдары калыптыр, документтери жок экен.

Арыз ээси: Артыкова Майрам Ураимовна.

32) Күйөөм Маматов Муса Карабаевичти издейм. 1964-жылы 13-февралда туулган. 2004-жылы Иркутск шаарына иштегени кеткен. Кийин 2005-жылы телефон чалып, Улан-Удэде иштеп жатам деген. Ошондон бери кабары жок.

Арыз ээси: Абдиева Галия Рахмановна.

33) Байкем Солпиев Канатбек Жумадиловичти издейм. 1970-жылы 12-апрелде туулган. 15 жылдан бери жок. 1998-жылы Орусияга иштегени кеткен. Эки жолу Кыргызстанга келип кеткен. Кийин документтеримди жоготуп жибердим, ошондуктан кете албай жүрөм деген. Биз бул жерден документтерин кайра жасатып, достору аркылуу берип жиберсек дагы, кайра келгиси жок. Эми жарым жылдан бери кабарсыз.

Арыз ээси: Гүлшат Абышева.

34) Атам Нурлан Элекеновду издейм. Мен 6 жашка чыканда ата-энем ажырашып кетиптир. Апам мени Кыргызстанга ала келген экен. Мен атамды көргөн эмесмин. Ал Ак-Төбө же Жамбулда жашашы мүмкүн. Менден улуу эки кызы бар экен.

Арыз эсси: Элекенов Мади Нурланович.

35) Күйөөмдун бир тууганы Кудайназаров Алтынбек Рахимбердиевичти издейм.
2006-жылдын август айында Свердловск шаарынан Москвага келген. Ал жерден Подмосковьеге кетиптир. Даана дарегин эч ким билбейт. Ошондон бери кабар жок. Бир жылдан кийин паспортунун мөөнөтү бүтмөк. Балким ошол себептен Мекенине келе албай жаткандыр.

Арыз ээси: Аширматова Райхан Арзымаматовна.

36) Аялымдын бир тууганы Ажиматов Минаралбек Камаловичти издейм. 1971-жылы туулган. Омск шаарында курулуш батальонунда аскер кызматын өтөгөн. Ошол бойдон үйүнө кайтып келген жок.

Арыз ээси: Акимканов Талантбек Асанкулович.

37) Бир тууганым Магомедов Гусеин Назарбековичти издейм. 1974-жылы туулган. Казакстандын Кызыл-Ордо облусунун Карамакши районундагы Жусали станциясында курулушта иштеп жүрүп, ал жерден кетип калган деп достору кабарлашкан. Ошондон бери дайынсыз.

Арыз ээси: Магомедов Магомед Назарбекович.

38) Байкем Акылбеков Касымбек Акылбековичти издейм. 1958-жылы туулган. 80-жылдары Подмосковьеге кетип, ошол бойдон кабар жок.

Арыз ээси: Кошоев Болот Токтогулович.

39) Күйөө балам Усубалиев Сыргабек Токоновичти издейм. 1966-жылы 27-августта туулган. Жамбулдан Астанага бара жатып, Чу районунан жоголуп кеткен. Ошол жерден талмасы кармаган экен. Тез жардам келип Чу станциясына жеткириптир. Догдурлар Астанага жеткирбейбиз, Кыргызстанга жөнөтөбүз дептир. Түштө бардыгы тамактанганы кетип, күйөө балам станциянын күтүү залында отурган экен. Алар кайра келип, Сыргабекти ордунан таппай калыптыр. Ошондон бери кабар жок.

Арыз ээси: Калдыбекова Гүлсара Бакировна.

40) Бир тууганым Ясалин Кенжебек Бешкемпировичти издейм. 1962-жылы 1-ноябрда туулган. 2005-жылдын 26-январында Новосибирск шаарына иштегени кеткен. Бир жыл бою аялы менен кабарлашып жатып эле, дайыны чыкпай калган.

Арыз ээси: Ясалин Медетбек Бешкемпирович.

41) Уулум Бекали уулу Айбекти издейм. 1990-жылы 3-майда туулган. 2009-жылы Москвага иштегени кеткен. Кийин Тула шаарында иштеп жүрүп, кайра Москвага барган экен. Акыркы жолу бизге 2011-жылы сентябрдын аягында Руслан Сергеевич дегенден акча берип жибериптир. Өзү акыркы жолу бизге 2011-жылдын май айында чалган. Ошол бойдон кабар жок.

Арыз ээси: Шералиев Бекали Умаралиевич.
XS
SM
MD
LG