Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:14

Мигранттын аты көп


Чита шаарынын базарындагы кыргыз мигранты.
Чита шаарынын базарындагы кыргыз мигранты.
Бул сүрөттөгү каармандарымдын аттары оголе көп. Мисалы, кайсы гана өлкөдө болбосун чиновниктер үчүн булар - "эмгек мигранттары", "гастарбайтер", "челнок".

Ашынган улутчулдардын арасында - "черный", "чурки". Ал эми иштеп, жашап жаткан жеринде болсо жергиликтүү калктын ыңгайына карап, өзгөрүп турат. Маселен, орусча Гүлмира – Гуля, Асанбек – Александр, Сапарбай – Саша, Болот – Боря. Европалыктарча Рыспек – Рой, Жеңишгүл – Жулия жана дагы ушул сыяктуу болуп кете берет.

"Азан чакырып коюлган атыбызды банкка акча салганы барганда гана эстеп, кээде өзүбүз да таң калабыз", - дешет алар. Банк демекчи, жалпы кыргызстандыктар үчүн алардын аттары - акча: «рубль», «доллар», «евро».

"Жакындарыбыз кайсыл күнү, канча акча аларыбызды жакшы билишет. Ошол күндү куруттай санашып, баланча суммада акча сал деп кайра-кайра телефон чалышат да, эң кызыгы, акчаны алгандыгы тууралуу кабарлап койгонду дайыма унутуп калышат. Биз муну мурда өзүбүз телефон чалып билчү элек, эми «Золотая Корона» СМС жиберип жакшы болду", - дешет алар.

Абдыжапар Нурдинов, Сахалин обл. РФ

XS
SM
MD
LG