Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:23

Мигрант келиндин орус аэропортундагы азабы


"Домодедово" аэропорту. Москва.
"Домодедово" аэропорту. Москва.

Кыргызстандык келин Москвадан Бишкекке келе албай убара. Авиакомпания анын билетинин жарым акчасын гана кайтарып берген.

Бишкекке келе албай жаткан 21 жаштагы Айжан Майрамбек кызы Орусияда иштеп жүргөн. Жумушу чыгып Бишкекке сапар алган, бирок аны аэропорттон “Эйр Бишкек” авиакомпаниясынын кызматкерлери кош бойлуу деген жүйө менен учууга уруксат берген эмес. Айжан авиакомпаниянын өкүлдөрү андан учакка уруксат бериш үчүн пара талап кылышканын да айтууда. Акчасы жок экенин айтканда, анын ордуна башка жүргүнчүнү киргизип жиберген.

- "Боюңда бар экен, сени жибере албайбыз" дешти. "Төрөгөнүмө сегиз ай болгон, ошого ичим чыгып турат" деп жалдырасам болбой коюшту. Кызматкерлери кыйкырып, орой мамиле кылышты. Анан дагы акча сурашты. Ошол жердеги медициналык жайга барып, справка алып келишимди талап кылышты. Ал жактан мага бербей койду.

Аталган компаниядан кардар билетти беш миң сомго сатып алган. Учпай калгандан кийин билет баасынын теңин гана кайтарып беришкен. Айжан кош бойлуу эмес экенин далилдегени менен билет алганга акчасы жетпей жатканын айтып кейиди. Ал 3-декабрда Бишкекке келиши керек болчу. Эми арзаныраак деп унаа менен болсо да Кыргызстанга чыгарын кошумчалады.

Орусиядагы “Руспартнер” ишканасынын жетекчиси Руслан Эшимов акыркы учурда авиакомпаниялардын ар кандай шылтоолорунан уча албай калган мигранттар көп болуп жатканын айтууда. Айрыкча жаңы жылга чукул билет тартыш болгондуктан мындай окуялар күч алат.

- Мен бир жолу чукул иштерим менен Бишкекке бармай болдум. Аэропорттон Кыргызстанга бара турган дагы эки кишини жолуктуруп калдым. Ал экөө жакыны өлүп, жерге берилгиче жетип алалы деп жатышты. Мен да шашып аткам. Авиакомпанияга ушул маселе менен кайрылсам, “эми эптеп сени учуруп жиберели, бирок тигил экөөнү билбейбиз. Азыр бир каттамдын каттоосун эрте баштайбыз, анан кечиккендер болот. Алардын ордуна сени киргизип жиберели" дешсе болобу. Ошондо аябай жиним келди, бирөөнүн убалына калып учуп кеткиче жөө барганым оң эмеспи. Мындай учурлар көп болот.

Бул боюнча аталган каттамды тейлеген “Эйр Бишкек” авиакомпаниясы келин сегиз айлык боюнда бар экенин өзү айткан деген жүйөнү карманууда. Аталган компания өкүлдөрү бул факт боюнча кардардан жазуу түрүндө арыз түшсө кызматтык териштирүү жүргүзүлөрүн, эгер компаниянын күнөөсү далилденсе, тийиштүү чаралар көрүлөрүн билдиришти.

“Эйр Бишкек” авиакомпаниясынын өкүлү Махабат Көчөрова дооматтарды четке какты:

- Каттоого келген биздин кызматкерлер "боюңда барбы?" деп сураган экен. Ал "ооба" деп жооп бериптир. Анан учууга медпункттан уруксат алып келүүсүн талап кылышкан. Ал жактан алып келген эмес. Биздин шарт боюнча андай жүргүнчүлөрдү учура албайбыз. Эгер ал бир нерсе болсо, биз жооп берип калабыз да.

Негизи эреже боюнча жети айдан өткөн кош бойлуу аялдар учакка отура албайт. Зарыл болсо, атайын медициналык негиздеме менен уруксат берилет. Деген менен Кыргызстанда бул шарт дайыма аткарыла бербейт. Аба каттамдарда сегиз-тогузлык боюнда бар аялдар жүргөнү көп эле кездешет. Бул тармактагы адис Кайрат Итибаев:

- Азыр бизде кош бойлуу экенин жашырып учуп кеткендер көп эле. Бирок бул туура эмес. Ар бир адам өзүнө жооп бериши керек. Эгерде бир нерсе болсо, компания жооп берип калат.

Былтыр 22-январда Санкт-Петербург шаарынан Ошко сапар алган учакта кыргызстандык аял көз жарган эле. Учак жарым жолго жеткенде анын толгоосу башталган. Буту менен келген ымыркайды экипаждын командири төрөтүп алган. Учак Орусиянын «Россия» авиакомпаниясына тийиштүү болчу.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG