Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:56

Сотто чекисттер көрсөтмө берди


Биринчи Май райондук соту Кумтөр маселесин көтөрүп чыккан митинг учурунда мыйзамга каршы аракеттерге барды деп камалган үч депутаттын ишин кароону улантты.

Бул күнү Улуттук коопсуздук кызматынын мамлекеттик маанилүү имараттарды жана өлкөнүн биринчи адамдарын кайтарган кызматкерлери күбө катары көрсөтмө берип, анда акция болгон күнү кырдаал курчушу мүмкүн деген ыкчам маалымат болгондугун билдиришти.

Мындай көрсөтмөнү оппозициядагы "Ата Журт" фракциясынын депутаттары "атайын үйрөтүлгөн жалган маалымат" деп жатышат.

Сот имаратынын алдында депутаттардын 30 чакты тарапкери алардын бошотулушун талап кылып турушту.

Күтүлгөн күтүүсүз окуялар

Атайын кызматтын 9-башкы башкармалыгынын жетекчисинин биринчи орун басары Зоотбек Дабаев 3-октябрдагы митингдин алдындагы ыкчам билдирүүлөрдө окуя курчуй турганы боюнча маалымат бар болчу деп билдирди.

- Биз 1-2-октябрда бул маалыматты алганбыз. Чогулуп, тар чөйрөдөгү жолугушууда аны талкуулаганбыз. "Бардыгы болуп кетиши мүмкүн, ошондуктан кайтарууну күчөтүү керек, дагы бир басып алууга жол бербешибиз керек" дегенбиз. Ошондуктан биз мыйзам талап кылган чечимдердин баарын кабыл алганбыз.

Дабаевдин көрсөтмөсү “Ата Журт” фракциясынын депутаты Камчыбек Ташиев экөөнүн кайым айтышуусу менен коштолуп, бирин бири “депутат сөрөй”, “полковник сөрөй” деп атаганга чейин барышты.

Дабаевдин айтымында, депутаттар баштаган адамдар Ак үйдүн тосмосун ашып киргендеги окуя учурунда 9-башкы башкармалыктын жетекчиси Замир Сабаевдин бети айрылып, андан башка да бир нече кызматкер жабыр тарткан. Ал өзүн да белгисиз адамдар желкесине уруп кеткенин билдирди. Көрсөтмө берген чекисттер Ак үйдүн короосунан митингчилерди сүрүп чыккандан кийин ал жерде таштар жана таяктар калгандыгын кошумчалашты.

Ташиев чекистке ыраазы

Бирок айыпталып жаткан эл өкүлдөрүнүн билдиришинче, бүл күнү көрсөтмө бергендердин айткандары мурдагы сот отурумунда көрсөтмө берген кызматкерлерден кыйла айырмаланат. Маселен, Зоотбек Дабаевди жалган көрсөтмө берип жатат деп эсептеген депутат Камчыбек Ташиев судья Адылбек Субанкуловдон аны тартипке чакырууну өтүндү.

- Урматтуу судья, мен сизден жалган күбө бергендерди тартипке чакырууңузду өтүнөм. Айткан сөздөрү эки башка болуп чыгып жатат. Бул жерде күбөнүн толук бойдон көрсөтмөнү жалган берип жаткандыгы жана атайын даярдалып келгендиги көрүнүп турат.

Дабаев өзү эл өкүлүнүн пикирине макул болгон жок. Ал эми Адылбек Субанкулов буларга токтолду:

- Бул жерде отургандарга да түшүнүктүү болуш үчүн дагы бир жолу айтам: сот эч качан күбөлөрдү жоопко тартпайт. Сот жараяны бүтүп, чечим чыккандан кийин тиешелүү органдар бул маселени карап, чечиш керек. Кимиси жалган, кимиси чын айтканы ошондон кийин гана соттун чечими менен анык болот. Мыйзамдын талабы ошондой.

Ошондой эле сотто 3-октябрь күнү Ташиев Ак үйдүн короосунда артынан кубалап, бирок жетпей калган УКМКнын кызматкери да көрсөтмө берди. 9-башкы башкармалыктын кызматкери Мирбек Орокбаев митингчилерди артка сүрүү максатында берилген команданын негизинде жерге желим ок чыгарганын, аны көргөн депутат Камчыбек Ташиев сөгүнүп, артынан кубалап кеткенин айтты.

- Жерге ок чыгаргандан кийин бизге “кайткыла” деген команда берилди. Артка кайта баштаганда мен катарда биринчи болчум. Камчыбек Ташиев мен жакка келип, сөгүнүп, кубалап кетти.

Орокбаев өзүнө коркунуч жаралган кезде октолгон куралын атпаганын айтты. Депутат Камчыбек Ташиев ал үчүн Орокбаевге ыраазычылык билдирди.

- Бул туура айтат, ошол кезде куралы октолуу болчу. Негизи атып салса да болмок, бирок бул аткан жок. Ошон үчүн мен бул эң туура кадам жасаган деп эсептейм. Эгер мени же кимдир бирөөнү атып салса, дагы башкача болмок. Ошондуктан мен бул жигит туура кылган үчүн рахмат айтам.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда жүрүп жаткан “ата журтчулардын” сот иши 10-январда башталган.

“Ата Журт” фракциясынын депутаттары Садыр Жапаров, Талант Мамытов, Камчыбек Ташиев жана анын үч жан сакчысы, ошондой эле коомдук ишмер Кубатбек Кожоналиев 3-октябрда бийликти басып алууга аракеттенген деп айыпталууда.

XS
SM
MD
LG