Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:28

"Мегаком": соттошуу жана соодалашуулар


“Мегаком” компаниясын талашкан орусиялык инвесторлор менен 1-вице-премьер-министр Ө.Бабанов үч жолу сүйлөшкөнүн, $50 млн төлөө шарты коюлган соодалашуулар болгонун депутаттык комиссия аныктады.

“Мегакомдун” айланасындагы чыр-чатакты териштирүү үчүн түзүлгөн депутаттык комиссия ишин жыйынтыктоонун алдында турат.

Комиссиянын жетекчиси, ЖКнын бюджет жана каржы комитетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Азаттыкка” комиссиянын ишиндеги соңку маалыматтарды ачыктады. Анын айтымында, биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун “Мегаком” компаниясын талашып жаткан орусиялык компаниянын өкүлдөрү менен үч жолу жолугушуп сүйлөшкөнү, ошол сүйлөшүүлөрдөн жыйынтык чыкпагандан кийин анын буйругу боюнча “Мегаком” компаниясына Каржы полициясы кылмыш ишин козгоп, Салык инспекциясы текшерүү баштаганы аныкталды.

- Жумушчу комиссиясы иликтеген маалымат боюнча, биринчи вице-премьер үч жолу жолукканы аныкталып жатат. Биринчи жолу шайлоо боло электе эле Москвада алдын ала жолуккан экен. Экинчи жолу 21-декабрда Москвадан Артур Акопян дегенди чакыртып алып, өзүнүн офисинде бир жарым саат сүйлөшүп чыккан экен. Алар макул болбой же бир келишимге келбегенден кийин 25-де компаниянын үстүнөн кылмыш иши козголуп, финполициясы кирип, салык инспекциясы текшерүүгө барсын деген тапшырма берилгени аныкталды. Бул факт. Муну биринчи вице-премьер-министр жумушчу комиссиянын жыйынына келгенде өзү дагы ырастады.

“Мегакомдун” айланасындагы кырдаал 9-мартта Кыргызстанга келген Орусиянын Мамлекеттик Думасынын КМШ иштери жана мекендештер менен байланыш комитетинин төрагасы Алексей Островский жана депутат Семен Багдасаров Өмүрбек Бабановду айыптаган билдирүү тараткандан кийин дагы өрчүгөн эле. Орусиялык депутаттар Өмүрбек Бабанов “Мегакомдун” айланасында түзүлгөн кырдаалды чечип берүү үчүн соодалашып 50 млн доллар сурады деп билдиришкен.

Акылбек Жапаров “Мегакомго” байланыштуу 50 млн доллар жөнүндө сөз болгону чын чыкканын билдирди. Көрсө, орусиялык инвестордун өкүлдөрүнө “Мегаком” боюнча 50 млн доллар төлөгүлө деген шарт Мамлекеттик мүлк министрлигинин улутташтырылган мүлк фондунун директору Таир Кенекеев тарабынан коюлган экен.

- Орусиялык инвесторлордун өкүлдөрүн биринчи вице-премьер улутташтырылган мүлк фондусунун төрагасы Кенекеевге барып жолуккула, ошону менен бүт суроолорду чечкиле деп өзү жиберет. Кенекеев деген мырза чыгып кеткен же өзүңөрдө катылган акча болсо, 50 млн доллардын тегерегиндеги акчаны бересиңер дейт. Аягында бюджетке деп айттыбы же айткан жокпу, аны укук коргоо органдары териштирет деп ойлойм. Эмне үчүн 50 млн доллар десе орусиялык инвесторлор, силер дагы кыйшалаңдай турган болсоңор, 70 млн долларга чыгат деп, ушундай сүйлөшүүлөр болгону аныкталды. Кенекеев өзү муну бюджетке сураганмын деп билдирүүдө,-дейт Акылбек Жапаров.

Таир Кенекеев 50 млн долларды бюджетке сураганбы же башка максат болгонбу, муну эми компетенттүү органдар тереңдеп иликтеши керек.

Сыртка агылган миллиондор

Биринчи вице-премьер Өмүрбек Бабанов “Мегаком” компаниясынан миллиондогон акчалар мыйзамсыз чыгарылып кетип жаткандыктан Каржы полициясы кылмыш ишин козгоп, салык инспекциясы текшерүү баштагандыгын, ошол себептүү Силич баштаган менеджерлердин командасы башкаруудан четтетилгенин, бул жерде анын мамлекеттик кызыкчылыкты көздөгөндөн башка ниети жок экенин далай жолу айтты.

Соңку жолу башкы прокурор кызматынан четтетилген Кубатбек Байболовдун билдирүүсү Жогорку Кеңеште угулганда да чыгып сүйлөп, эч күнөөсү жоктугун, уюлдук компаниядагы коррупциялык схемаларды чубап чыгып жатканы үчүн жаман көрүнүп жатканын билдирген.

Акылбек Жапаров жетектеген депутаттык комиссия “Мегаком” компаниясынан миллиондогон акчалар мыйзамсыз сыртка чыгып кетип жатканы жөнүндө маселеге жооп бере албайт. Акылбек Жапаров бул суроо аталган компания бир жылдык каржылык ишинин отчетун, декларациясын тапшыргандан кийин гана ачык билинет деди.

Депутаттык комиссия “Мегаком” компаниясын 100 пайыз улутташтыруу керек деген сунуш менен чыкмакчы болууда. Өткөн жылы апрелде бийлик алмашкандан кийин аталган “Мегаком” бренди менен иштеп жаткан “Альфа телеком” компаниясынын 49 пайызы улутташтырылып, 51 пайызы чыныгы инвестор аныкталганган чейин камакка алынган.

Бул компания мурда 100 пайыз мурдакы президенттин уулу Максим Бакиевге караштуу болуп келген. Бакиевдердин бийлиги кулагандан кийин “Альфа телекомдун” 51 пайыз акциясын "Евентс холдинг" компаниясы талашып чыккан. “Мегаком” уюлдук ишканасында чыныгы инвестор ким экени абдан чаташкан маселе, аны азыркы учурда сот териштирип бүтө элек.

Кубатбек Байболов баш прокурор болуп турганда анын жубайы “Мегакомдун” компаниясы менен кыймылсыз мүлк сатуу алакасында болуп келгендиги ачыкка чыккандан кийин президент Байболовду баш прокурор кызматынан бошотуп, ишти иликтөөнү Коопсуздук комитетине тапшырган.

“Мегаком” уюлдук ишканасына ээлик кылган “Альфа телеком” компаниясынын азыркы турпатындагы наркы адистердин баамында 400-500 млн долларга барат.

XS
SM
MD
LG