Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:46

Токоев: Өлкө туруктуулугу журналисттерден да көз каранды


8-сентябрь - Журналисттердин тилектештигинин эл аралык күнүнө карата “Журналисттер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоев өлкөдөгү журналисттер тилектештигинин, сөз эркиндигинин абалы тууралуу кеп салып берди.

- Марат мырза, Кыргызстанда журналисттердин тилектештигин кайсы жагына баалоого болот?

- Тилектештик таптакыр жок деп айтууга болбойт, азыраак бар, бул эми достордун арасында гана, аз деңгээлде болуп атат. Ал эми жалпысынан кеңири тилектештик тууралуу сөз кыла турган болсок, тилекке каршы биз ага али жете элекпиз. Биздин журналисттер азыр ич ара көп саясий партияларга, гезиттерге бөлүнүп иш алып барып жатат.

- Мурунку бийликтердин тушунда журналисттер “оппозициячыл”, “бийликчил” деп бөлүнүп, эки жээкке бөлүнүп алышкан, бул алардын тилектештигинин жаралышына залака тийгизип атат деген сындар айтылчу. Акыркы жылдары Кыргызстанда сөз эркиндиги кеңири орноду, азыр абал кандай?

- Ооба, сөз эркиндиги акыркы жылдары мурдагы жылдарга караганда бир аз кененирээк, жакшыраак. Бирок менимче, тилектештик маселесине келгенде дагы деле ошол бойдон, тескерисинче оордоп кетти десек да болот. Анткени мурда “бийликчил”, “оппозициячыл” деп бөлүнүп келишсе, азыр өзүңөр көрүп жатасыңар, саясий майданда канча партия чыгып атканын. Алардын баарынын көз караштары бири-бирине дал келбейт, кайсы бир маселе боюнча талаш-тартыш позицияда турушат. Ошого жараша гезиттер да бөлүнүп кетип атат. Чындыкты айтуу керек, буга негизги себеп – азыр гезиттердин көпчүлүгүнүн башкы редакторлору, же ээлери кайсы бир саясий көз караштагы адамдар. Саясий көз караштар бизде көп болуп жаткандыктан, ага ылайык журналисттердин бөлүнүүсү да көп болуп атат.

-Сөз эркиндигине кеңири жол ачылгандан бери Кыргызстанда журналисттер маалымат эмес, сенсация жасоо үчүн ушак кууганга өтүп алышты деген пикирлер бар. Сиздин оюңуз?

- Буга акыркы жылдары гана өттүк десек туура эмес болот. Мындай нерсе өлкө эгемендикке жаңы ээ болуп, жаңы эркин гезиттер пайда боло баштаган учурда эле калыптана баштаган болчу. Биз азыр ошонун жыйынтыгын көрүп жатабыз. Гезиттер окурмандардын бүйрүн кызытып, аларга чуулгандуу маалыматтарды беребиз деген кызыкчылык менен көп учурда текшерилбеген, ушак-айыңдарга берилип кетип жатышат. Кээ бир басылмалар жаңылык жазса да анын аягына өз пикирин жазып, көз карашын билдирип, жеке мамилесин көрсөтүп коюп атышат. Биз окурмандарга чыныгы болгон фактыларды берип, алар өздөрү тыянак чыгаруусуна мүмкүнчүлүк түзүүнү талап кылат элек.

- Сөз эркиндигине кеңири мүмкүнчүлүк берилишин кыргыздар өтө эле ашепке пайдаланып жатат, бизге бул жарашпайт экен деген нааразылык пикирлер да арбын болуп атат. Сиз кандай ойлойсуз, мына ушул азыркы доордон журналисттер качан чыгат? Такталган маалыматтарды берип, журналисттик этиканы сактап макала жазуу дегендей...

- Журналисттерди башка бир адамдар катары көрүп, бардыгы жаман деп айтуу туура эмес, анткени башка кесиптин ээлери сыяктуу эле маалымат ишмерлеринин да арасында ар кандай адамдар кезигет. Бир гана нерсе, журналисттердин иши коомдун көз алдында болуп калып атат. Ошондуктан журналисттердин ар бир жазганы, кыймыл-аракети элге жетип, эл баамдап, сиз айткандай нааразылыктар чыгып атат. Коомубуз кандай болсо, журналистика ошондой болот, андан алыс качып кете албайбыз. Бирок ошентсе да маалымат ишмерлери жарым тепкич болсо да бийигирээк туруп, жакшылыкка, түз иштөөгө үндөй турган күч болсо деген тилек бар.

-Алдыда келе жаткан президенттик шайлоо өнөктүгү жүрүп жаткан учурда да өлкөнүн туруктуулугунун сакталышына маалымат каражаттарынын ролу чоң деп айтылууда. Ар кандай кооптонуулар да бар?..

- Биз да мына ушундан катуу чочулап атабыз. Азыркы саясий майданда президенттикке ат салышып жаткандардын 67си калды деп айтылып атат, андан да азаят болуш керек. Элестетип көрсөңөр, муну менен биздин коомдун жашоосу бир канча талапкерге бөлүнүп кетет да, алар бири-бирин жамандап, быкы-чыкысын алып чыгышып, колунда болгон мүмкүнчүлүктөрүн атаандаштарына каршы колдоно башташат. Азыркы учурда саясий кырдаал да, экономикалык кырдаал дагы журналисттердин гезит ээлерине көз каранды болушуна түртүп атат. Бирок ошондой болгон күндө да журналисттер Кыргызстандагы тынчтыкты, элдин ынтымагын, өлкөнүн биримдигин ойлоп, иш алып барса деген тилек бар. Ошол үчүн биз эртең маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн чакырып, тар чөйрөдө жыйын өткөрүп, ушул маселени талкуулап алсакпы деп атабыз.

- Маегиңиз үчүн рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG