Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:36

КТРК Байкоочу кеңешин таратуу маселеси козголууда


Коомдук (мурдагы Улуттук) телеканалдын имараты.
Коомдук (мурдагы Улуттук) телеканалдын имараты.

Парламент комитети КТРК Байкоочу кеңеши тууралуу Убактылуу өкмөт декретинин мыйзамдуулугу шек туудурарын жарыялап чыкты.

Ал ортодо медиа уюмдар бул аракетти коомдук каналга парламенттик көзөмөл орнотуу катары баалаган билдирүү таратты.

Жогорку Кеңештин билим, илим, маданият, маалымат жана диний саясат боюнча комитети бул маселени 15-февралда кечке чейин талкуулап, бир чечимге келе албай, акыры убактылуу өкмөттүн байкоочу кеңеш тууралуу декретинин мыйзамдуулугун талдап берүү үчүн аны конституциялык мыйзамдар комитетине жолдоду.

Байкоочу кеңеш тууралуу декретти кайра кароо демилгесинин ээси - “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Жылдызкан Жолдошева Байкоочу кеңеш боюнча мыйзамдарга шайкеш келбеген жагдайлар болгондугун айтат:

- Убактылуу өкмөттүн 2010-жылдын 30-апрелдеги декретине ылайык, жарандык коом өкүлдөрү, убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн сунушу менен Коомдук телеканалдын он беш кишиден турган байкоочу кеңеши президент тарабынан үч жылга бекитилген экен. Ал эми КТРКнын байкоочу кеңеш тууралуу мыйзамында кеңештеги он беш мүчөнүн бешөө президенттин, бешөө парламенттин жана калган беши жарандык коом өкүлдөрүнүн сунушу менен беш жылга дайындалууга тийиш. Мына ушул убактылуу өкмөт чыгарган декрет менен мыйзамдагы карама-каршылыкты жойууну гана көздөп жатабыз.

Ал ортодо байкоочу кенештин мүчөсү Шамарал Майчиев байкоочу кеңеш мыйзам чегинде куралганын айтып, мындай демилге козголушун алдыдагы президенттик шайлоо менен байланыштырат:

- Көз карандысыз байкоочу кеңешти шайлашыбыз керек деп жатышат. Ал эми бүгүнкү күнгө чейин биз кимден көз каранды болгонубуз белгисиз. Буга чейин көп иштерди жасап, көп чечимдерди кабыл алдык. Бул чечеимдерибиз эч кимден көз каранды болбогонун далилдеп бере алабыз. Шашылыш түрдө байкоочу кеңешти таркатып, жаңы кеңеш куроо демилгесин алдыда келе жаткан президенттик шайлоого байланыштырат элем. Себеби кайсы бир саясий күчтөргө көзөмөлдөнө турган, алардын камчысын чаба турган байкоочу кеңеш керек болушу толук ыктымал.

Бирок бул көз карашты депутат Жолдошева четке кагып, болгону мыйзам жолуна түшүү аракетин көрүп жатканын белгиледи.

Байкоочу кеңеш былтыркы Апрел окуясынан кийин убактылуу өкмөттүн декрети менен түзүлүп, жалаң медиа жана жарандык коом уюмдары сунуш кылган өкүлдөрдөн куралган. Парламент болсо минтип ага өз өкүлдөрү кирбей калды деген жүйөө менен байкоочу кенешти кайра кароо демилгесин козгоодо. Маселе эми комитет кароосунан өткөн соң парламент отурумуна сунушталары айтылууда.

Президентин парламенттеги өкүлү Аида Салянова болсо байкоочу кеңешти жоюу жол-жоболору эч жерде жазылбаганын, бул маселени кылдат иликтеп чыгуу керектигин айтса, КТРКнын жетекчиси Кубат Оторбаев байкоочу кеңешти таратуунун зарылдыгы жоктугун билдирүүдө.
XS
SM
MD
LG