Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:26

Элдик ыңкылаптар китеп болуп чыкты


Аксы жана апрел окуяларынын курмандыктарына арнап орнотулган Ак үй жанындагы эстелик.
Аксы жана апрел окуяларынын курмандыктарына арнап орнотулган Ак үй жанындагы эстелик.

Президенттин аппаратына караштуу “Мурас” фонду тарабынан “Доор жаңырткан элдик ыңкылыптар” аттуу тарыхый китеп жарыкка чыгып, коомчулукка сунушталды.

Ал 2005-жылдын 24-мартында жана 2010-жылдын 7-апрелинде жүзөгө ашкан элдик ыңкылаптардын беш жылдык мааракесине арналган.

Аталган басылмада Кыргызстандын саясий турмушунда болуп өткөн эки жолку бийлик алмашуу тууралуу иликтөөлөр, макалалар, эскерүүлөр, сүрөттөр камтылган.

Китептин жооптуу редакторлорунун бири Тынчтыкбек Чоротегиндин айтымында, сыясы кургай элек китепте кош ыңкылап тууралуу жергиликтүү саясат таануучулардын, тарых илими боюнча окумуштуу-авторлордун талдоолору кирген.

- Алардын арасында саясат таануу илиминин доктору Аалыбек Акуновдун жана тарых илиминин доктору Ташманбет Кененсариевдин жана башка калемгерлердин эмгектери бар. Китепте эң башкысы - кош ыңкылаптын максаты бирдей эле болгондугу, анын башкы баалуулугу – азыр биз парламенттик демократияга багыт алганыбыз менен жыйынтыкталганы түшүндүрүлгөн.

Тарыхчылар Тынчтыкбек Чоротегин, Кыяс Молдокасымов жана президенттик аппараттын өкүлү Заирбек Эргешов китептин бет ачарында
Тарыхчылар Тынчтыкбек Чоротегин, Кыяс Молдокасымов жана президенттик аппараттын өкүлү Заирбек Эргешов китептин бет ачарында

Чоротегин муну менен кошо аталган китеп Кыргызстанда болуп өткөн ыңкылаптардын тарыхын жана сабактарын үйрөнүүгө астейдил дит койгон кыргыз таануучуларга, саясат таануучуларга, түркологдорго, кыргыздын соңку тарыхын изилдөөгө кызыккан жалпы окурмандарга арналганын кошумчалады.

Президенттик аппараттын бөлүм башчысынын орун басары Заирбек Эргешов бул китеп бүгүн-эртең республика боюнча орто мектептерге таратылып берилип, ушул күндөрү жогорку класстар үчүн элдик ыңкылаптардын тарыхый мааниси тууралуу класстык сааттар өтөрүн айтты.

- Бул китептин бир өзгөчөлүгү: эгемендик тарыхыбыздагы эки ыңкылапты элдик ыңкылап деп атоо менен, анын келип чыгыш себептери, тарыхый мааниси жана башка өзгөчөлүктөрү тууралуу жалпылаштырган эмгек. Ошондуктан биз жыл сайын ушул мезгилде мектептерге класстык саат өтүүнү белгилеп жатабыз. Ошол эле учурда аталган басылма Жогорку окуу жайлардын студентерине, окутуучуларга окуу куралы катары сунушталат.

Апрел соту
Апрел соту

Эргешовдун пикиринде, буга чейин эки саясий окуяга тең так аныктама берилбей ар кандай аталып келген.

- 24-март менен 7-апрел окуялары бул китепте тарыхчылар жана саясатчылар тарабынан ыңкылап деп таанылганы да негизги өзгөчөлүк.

Тарыхчы Кыяс Молдокасымов өз сөзүндө аталган китеп кыргыз тарыхынын жети томдугун жазып жаткан окмуштуулар тобу тарабынан сунушталган китептердин бири экенин белгиледи:

- Мында Аалыбек Акуновдун макаласында революциянын жүрүшү Нарында кандай болгону, Таласта кандай болгону, Бишкекте кандай болгону убакыт саатына, алтургай мүнөттөрүнө чейин так көрсөтүлгөн учурлар бар. Ал эми тарыхчы Ташманбет Кененсариев бизде болуп өткөн ыңкылаптардын дүйнөдөгү башка элдерде болгон ыңкылаптардан айырмасын изилдеген. Ошондой эле бийликтен запкы жеген журналисттердин “Азаттыкка”, “АКИпресске” берген маалыматтары да камтылган.

Китептин тыш мукабасы
Китептин тыш мукабасы

Публицист Папан Дүйшөнбиев болсо тарыхчылардын 2005, 2010-жылдагы саясый окуялар тууралуу жазган эмгегинде алешемдиктер да бар экенин белгиледи. Журналисттин айтымында, андагы кээ бир түшүнүктөр так эмес айтылып калган:

- Мисалы, 2005-жылдагы март ыңкылабынын жемиштери уурдалды дейт. Антип айткыдай революциянын эч кандай жемиши болгон эмес да. Бул сөздү мындайча айтканда бурмаланган, же зордукталган деп аныктама берсек дурус болчудай. Андыктан тарыхчылар жылмалабай эле 2005-жылкы март революциясынын жеңиши бийликке келген президенттин үй-бүлөсү тарабынан бурмаланды, зордукталды деп жазыш керек болчу.

Папан Дүйшөнбиев, мындан сырткары учурда бул саясий окуялар тууралуу башка да талаштуу пикирлер бар экенин айтып, ага баа берүү чоң жоопкерчилик экенин эске салды.

Өткөн жылы экс-президент Роза Отунбаева маданият кызматкерлерин 7-апрел окуясы боюнча эч кандай чыгармалар жазылбай, спектаклдер коюлбай жатканы боюнча сындаган эле. Быйыл апрел окуясынын беш жылдыгына карата тарыхчылардын китеби, режиссер, коомдук ишмер Мар Байжиевдин киносу чыкты. Кандуу окуяга арналган сүрөт көргөзмөлөр өткөрүлүп, Токтогул атындагы мамлекеттик филармониянын артисттери атайын концерт уюштурду.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG