Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:18

Исмаилов: “Марал” радиосун Гүлен каржылабайт


“Марал” радиосу 2012-жылдан бери ободо. Угармандар арасындагы “радиону түрк диниятчысы Фетхуллах Гүлен каржылайт” деген жаңылыш маалыматты “Маралдын” башкы директору Фарух Исмаилов “Азаттыкка” курган маегинде жокко чыгарды.

- Фарух мырза, “Марал” радиосу Кыргызстанда обого чыкканына үч жылдан ашты. Бул аралыкта сиздердин радионун дарегине “адал радио” деген жарлык айтыла калып жүрөт. Радионун саясаты тууралуу айтсаңыз, карманган багыты кандай?

- 2012-жылдын январь айынан баштап аймактарда чыга баштадык. Анткени бизге ошол учурда аймактардан жыштык алуу оңой болду. Кийинчерээк Чүй аймагына, Бишкек шаарына да радиобуздун үнү жете баштады.

Радио төрт багытта иш алып барат. Биринчиден, маалымат багытында. Көптөгөн берүүлөрүбүз ошол багытта. Ар бир сааттын башында кабарлар окулат. Эртең менен, кечинде, күн ортосундагы болгон окуялар, жаңылыктар тууралуу бейтарап маалыматтар берилет.

Экинчиден, кыргыз тилин өнүктүрүүнү максат кылып алганбыз. Берүүлөрүбүз да, ыр-обондор да кыргыз тилинде, кыргызча обондор. Ыр-обондорду тандоодо атайын комиссиябыз бар, алар тандап алгандарын гана эфирге беребиз. Үчүнчүдөн, кыргыз маданиятына салым кошуу максатында да иш алып барабыз. Төртүнчүдөн, адеп-ахлак.

Биздин радио эртең мененки саат жетиден кечки саат он экиге чейин иштейт. Мунун баарын кабар менен толтуруу кыйын. Ошондуктан биз музыкалык, көңүл ачуучу программаларды да обого алып чыгабыз. Көңүл ачуучу программалар дегенде биз башка радиолордон айырмаланып, мүмкүн болушунча жаштарыбыздын маданиятын, билимин, кругозорун көтөрүү максатындагы программаларды алып чыгабыз. Акча табуу максатындагы, биздин багытыбызга туура келбеген “таанышуу иретиндеги” программаларды чыгарбайбыз.

- Саясат темасы канчалык чагылдырат? Сиздер бул жагына көп басым жасабай, алыс болууга аракеттенгендей сезилет?

- Биздин радионун бир багыты – маалыматка багытталгандыктан, албетте саясат менен байланышы бар. Бирок биз башынан эле негизги жобону – маалыматтарды так жана бейтарап чагылдырууну ураан кылып алганбыз.

Биз оппозиция өкүлдөрүнө да, бийлик адамдарына да бирдей микрофон, бирдей аянтча беребиз. “Марал” радиосу эч кайсы саясий партияга же бир жеке адамга тиешебиз жок. Муну биз ачык, так айта алабыз.

- Радионун кимге таандыктыгы тууралуу сөз болгондо тактап кетейин, “Марал” радиосун “Себат” лицейлерин негиздөөчүлөрдүн жолбашчысы Фетхуллах Гүлен каржылайт деген да маалыматтар бар. Бул маалымат канчалык чын-төгүн?

- Бул маалымат эч кандай чындыкка коошпойт. “Марал” радиосунун Фетхуллах Гүленге такыр тиешеси жок. Радиону ачкан адамдар кыргызстандык жарандар, кыргыздар. Төрт ишкер. Алардын баары Бишкекте турушат. Алар маалыматтык, маданий жактан кыргыз элине салым кошуу максатында төртөө биригип, ушул радиону түптөшкөн. Алар дагы эч кандай саясатты көздөшпөйт.

Радио жарым-жартылай өзүн өзү каржылайт, анткени коммерциялык кызмат бар, жарнамалар үчүн акча алынат. Калган бөлүгү радиону негиздөөчүлөрү тарабынан каржыланат. Каржылаганы менен радионун жана сайттын мазмунуна киришпейт, өздөрүнүн каалаган берүүлөрүн таңуулашпайт.

Учурда “Марал” радиосу мен жогоруда айтып кеткендей, маалыматты бейтарап чагылдыруу, кыргыз тилин жана маданиятын өнүктүрүү, адамдардын адеп-ахлагын жакшыртуу максатында жалпы жамаатыбыз даярдаган мазмунда чыгып келе жатат. Ар бир облуста кабарчыларыбыз бар.

- Саясат демекчи, учурда парламенттик шайлоого даярдык кызуу жүрүп жатат. Дээрлик бардык маалымат каражаттары үгүт иштерин жүргүзүп, муну менен каржылык жагдайын бекемдеп алууга аракет кылышууда. Сиздердин радио жана сайт үгүт өнөктүгүнө катышуудан баш тартканыңыздар белгилүү болду. Бул “үгүт аркылуу акча табуу радионун саясатына туура келбейт” деген принцип эмеспи?

- Бул биздин эч кайсы саясий партия же күчтөргө таандык эмес экенибизди далилдөө максатында. Экинчиден, “Марал” радиосу ачылгандан бери шайлоо өнөктүгү боло элек. Ошондуктан быйылкы шайлоого сырттан карап, байкоо жүргүзүп, тажрыйба алууну чечтик да, үгүт жана башка шайлоо өнөктүгүнө аралашпай турабыз. Бул жерде эч кандай саясат, принцип жок.

- Маегиңиз үчүн чоң рахмат!

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG