Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:09

Кумтөр: өкмөт "Центерра" менен соттошот


Кумтөр кениндеги ишкана
Кумтөр кениндеги ишкана

Өкмөт “Центерранын” кошумча эмиссия чыгаруу чечими боюнча сотко кайрылат. Бул үчүн атайын юридикалык компания жалданып, сотко кайрылуу боюнча иштерди жүргүзүү тапшырмасы “Кыргызалтын” ишканасына берилди.

Кыргыз өкмөтү “Центерра Голд инк.” компаниясынын кошумча 4,6 млн. даана акция чыгаруусун мыйзамсыз деп эсептеп, аны сот аркылуу далилдөөгө ниеттенүүдө. Өкмөттүн басма сөз катчысы Бакыт Асанов “Азаттыкка” премьер-министр Темир Сариев бул боюнча “Кыргызалтын” ишканасына тапшырма бергенин билдирди:

- Премьер-министр Жогорку Кеңеште азыркы учурда “Кыргызалтын” компаниясына атайын тапшырма берилгенин жана эмиссияларды чыгаруу мыйзамсыз болгондугун аныктоо үчүн атайын юридикалык компанияны жалдоо менен сотко кайрылуу боюнча иштер жүрүп жатканын билдирди.

Тоо-кен боюнча эл аралык адис Теңизбек Бөлтүрүковдун пикиринде, эгер Кыргызстандын 30 пайыздан ашык акциялар пакети “зыян келтирүүгө жол бербеген” шарт менен бекемделген болсо, анда "Центерранын" Директорлор кеңешинин кандай гана чечими болбосун аны жокко чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар. Ал эгер мындай шарт жазылбаган болсо, анда аны юридикалык процедуралар аркылуу камсыздоо керектигин, бул үчүн Директорлор кеңешиндеги кыргыз тараптын мүчөлөрүнүн бири эл аралык укукту мыкты билген юрист болушу зарылдыгын кошумчалады.

Теңизбек Бөлтүрүков соттон мурда кыргыз тарап "Центеррадагы" Директорлор кеңешиндеги өз укуктарын бекемдеп алуу жагын көбүрөөк ойлонсо жыйынтык болмок деген пикирде:

Теңизбек Бөлтүрүков
Теңизбек Бөлтүрүков

- Сотко бериштен мурда ошол акциялардын пакетин карап, шарттарын, процедураларын карап алышы зарыл. Акцияларды “зыян келтирүүгө жол бербеген” шарт менен бекемдөө үчүн эл аралык деңгээлдеги юристтер керек. Бирок бизде деле андай юристтер бар, башка өлкөдөн чакыртуунун зарылдыгы жок. Негизи 25 пайыздан жогору акция болгондо ошондой шарт менен корголот. Кыргызстандын 30 пайыздан ашык акциясы жалпы акциянын үчтөн бир бөлүгү болуп жатпайбы. Бул оңой эмес да. Кийин дагы ушундай аракеттер менен “Центерра” дагы бир кенди кошуп, үлүш дагы азайса эмне болот? Акциялар пакетин ушундай коргоо шарты менен камсыздоо керек же Директорлор кеңешинин төрагасы Кыргызстан тараптан болушу керек. Анте албаса анда 12 мүчөнүн жетөө кыргыздардан болушу керек. Мына ушул үч шарттын бирин алгыдай болушу керек. Бул оңой эмес, бирок ишке ашырса болот.

Кыргызстандын 30 пайыздан ашык акциясы жалпы акциянын үчтөн бир бөлүгү болуп жатпайбы. Бул оңой эмес да. Кийин дагы ушундай аракеттер менен “Центерра” дагы бир кенди кошуп, үлүш дагы азайса эмне болот?
Теңизбек Бөлтүрүков

“Кыргызалтын” ишканасынын мурдагы жетекчиси Токон Мамытов кыргыз тараптын акциялары андай шарттар менен корголбогонун билдирди. Бирок ал 2009-жылдагы эки келишимди эске салып, ага ылайык “Центерранын” Директорлор кеңеши эмиссия чыгаруу ниети тууралуу алдын ала кыргыз өкмөтүн кабардар кылып, бул маселе кыргыз тарап менен талкууланышы керектигин белгилейт. Мындан тышкары ошол эле келишимде Кыргызстандын финансы-экономикалык кызыкчылыктары сакталышы керек деп жазылып калган жобо кыргыз өкмөтүнө сотко кайрылууга өбөлгө болорун айтты:

Токон Мамытов
Токон Мамытов

- Ошол эле 2009-жылкы келишимдер боюнча маселени Стокгольм соту карасын деген жобого биз кол коюп койгонбуз. Ал жерде талаш Кыргызстандын мыйзамдарынан такыр башка, англо-саксондук мыйзамдар менен каралат. Ошондуктан бул жерде эл аралык юристтерди жалдабаса болбойт. Антпесе биз утулуп калабыз. Бизде мыйзамдык мүмкүнчүлүктөр бар. Бирок Батыштын дагы башка толтура мыйзамдары бар да. Ошондуктан Батыш мыйзамы менен сүйлөш үчүн алардын тилин билген эл аралык юридикалык компания керек. Бул процесстерге бери дегенде эле үч-төрт жылдык убакыт кетет.

Эл аралык компанияны жалдоо демекчи, "Кумтөрдүн" тегерегиндеги талаш-тартыштарды чечүү үчүн атайын өкмөттүк комиссия түзүлүп, анын алкагында экологиялык маселелер боюнча АМЕС, юридикалык маселелер боюнча DLA Piper жана финансылык маселелер боюнча Pricewaterhouse компаниялары жалданып, аларга өкмөттүн токтому менен 3,5 миллион доллардай акча төлөнүп берилгени белгилүү. Бирок алар чыгарып берген тыянактын негизинде деле кыргыз тарап "Центерранын" алдында талаптарын канааттандыра албай келе жатканын өкмөт моюнга алууда. Мындан улам узакка созулган майнапсыз талаш-тартыштардан улам кыргыз өкмөтү өткөн жылдын аягында "Центерра" менен сүйлөшүүлөрдөн чыгып, жаңы долбоор даярдаларын билдирген.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG