Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:01

Назарбаев Кыргызстанды бирөөнүн көзүн карабоого чакырды


Казак президенти Назарбаевди Кыргызстандын жетекчиси Атамбаев тосуп алууда. Бишкек, 22-август, 2012.
Казак президенти Назарбаевди Кыргызстандын жетекчиси Атамбаев тосуп алууда. Бишкек, 22-август, 2012.

Казак президенти Нурсултан Назарбаев 22-августта Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди.

Казакстандын башчысы Бишкекте Кыргызстандын президенти менен жолугушуп, тараптар баш-аягы 6 документке кол коюшту.

Алака жаңы деңгээлге чыгабы?


Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев бул жолугушууда эки өлкө ортосундагы алака-катыш жаңы деңгээлге чыкканын, дээрлик бардык түйүндүү маселелер боюнча орток пикир табылганын белгиледи:

- Кыргызстан эле эмес, дүйнөдөгү азык-түлүк боюнча жагдайды эске алып, 100 миң тонна буудай сурадык эле, бизге 200 миң тонна буудай бермей болушту. Нурсултан Абишевич мага канча кааласаңар ошончо алгыла деп да айтты. Бул жылы кошумча 100 миллион куб метр газ алууну макулдаштык. Алматы-Кемин жогорку чыңалуудагы линияны куруу долбоорун ишке ашырууну сүйлөштүк. Биз муну куруп алсак келечекте энергетиканы экспорттой алабыз. Ошондой эле жаңы ГЭСтерди куруу тууралуу сүйлөштүк. Өкмөттөр аралык комиссияга Чымкенттен Кыргызстандын аймагына кара май куурун тартып келүү маселесин чечүүнү тапшырдык.

Жолугушууда жалпысынан 6 документке кол коюлду. Алар: эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин кызматташтыгы, маңзатка каршы бирге күрөшүү, радио жыштыктарды пайдалануу, Кыргызстанга эки мектеп куруп берүү, кыргыз-казак инвестициялык фондуна байланыштуу келишимдер. Ошондой эле президенттер дипломатиялык алака-катыштын 20 жылдыгына карата биргелешкен мааракелик декларацияга кол койду.

Казак президенти Нурсултан Назарбаев өз сөзүндө инвестициялык фондго ырасмий Астана 100 миллион доллар бөлөрүн маалымдады. Бирок Кыргызстанды башка бирөөнүн көзүн карабай, гуманитардык жардам күтпөй өзү аракет кылууга чакырды:

- Эми бардык революциядан, согуштан өттүңөр. Качанкыга чейин ошонун артынан жүрө бермек элеңер. “Ким 25 жашка чейин революционер болбосо анын жүрөгү жок, ким 40 жашка чейин консерватор болбосо анын мээси жок” деген сөз бар го. Эми акыл кире турган жагдайлар болду. Эми мындан кийин баары жакшы болуп кетсе деп ойлойбуз. Ошого колубуздан келген көмөктү жасайбыз. Эл ичинде тынчтык орноп, башчыларга иштегенге мүмкүнчүлүк берип, кыргыз калкы бир өкмөттүн, бир башчынын айланасында топтолмоюнча эч нерсе болбойт. Мамлекеттер жеринин көлөмү менен чоң болбойт, анда жашап-иштеген жарандары менен чоң болот.

Назарбаев Казакстан Кыргызстанга Бажы биримдигине кирүүгө колдон келген жардамын берерин да айтты. Астана Бажы биримдигине мүчө болгондон бери кыргыз-казак чек ара бекеттеринде алатоолук дыйкандарга, ишкерлерге товар ташуу бир топ кыйындаган болчу.

Ушул жылдын алты айында эки өлкө ортосунда товар жүгүртүү өскөнү менен соңку алты жылда Казакстандан келген инвестициянын көлөмү кескин азайганы айтылууда.

Коррупцияга каршы ишкердик кеңештин төрайымы Нурипа Муканова эки өлкөнүн жогорку бийлик өкүлдөрү бир канча жолу боордоштук мамилелерди өнүктүрүү тууралуу сүйлөшкөн менен чек арадагы кордоо көрүнүштөрү тыйылбай жатканын айтат:

-Жолугушуулардан кийин аябай сонун өзгөрүүлөр болду деп айта албайбыз. Мисалы былтыр кандай болсо, быйыл деле так ошондой. Казакстандын чек ара, бажы кызматкерлеринде эки тараптын алака-катышын оңдойлу, өтүп жаткан элге жакшы шарт түзүп берели деген ой жок окшойт. Ал эми биз тарап “Казакстан кандай дейт”, деп эле ошолордон толугу менен көз каранды болуп калган.

Казак президенти Кыргызстанга биринчи жолу мамлекеттик сапар менен келди. Нурсултан Назарбаев буга чейин Бишкекте бир нече жолу жумушчу сапар менен болгонун эске алганда бул жолку сапар демек эң жогорку деңгээлдегиси.

Нурсултан Назарбаев 23-августта Бишкекте өтчү түрк тилдүү өлкө башчыларынын саммитине да катышат.


Казак президентинин Кыргызстандагы мамлекетик сапарынан сүрөт баян


XS
SM
MD
LG