Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:48

Батыров Жогорку Кеңешти сотко берди


Июнь коогасын иликтеген парламенттик комиссия Кадыржан Батыров баштаган өзбек улуттук борборунун лидерлеринин кайгылуу окуяга таасири чоң деп тапкан.
Июнь коогасын иликтеген парламенттик комиссия Кадыржан Батыров баштаган өзбек улуттук борборунун лидерлеринин кайгылуу окуяга таасири чоң деп тапкан.

Июнь окуясы боюнча шектелип, издөө жарыяланган өзбек улуттук маданий борборунун лидерлери Жогорку Кеңешти сотко берди.

Доо арызда алар июнь окуясын иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча парламенттин токтомунда өзбек лидерлерин сотто далилдене элек оор мамлекеттик кылмыштарга айыптоонун мыйзамсыздыгын аныктап берүүнү талап кылышкан.


Саясий баа менен “аргамжысыз” айыптоонун аралыгы


Өзбек маданий борборунун лидерлеринин бири Кадыржан Батыров июнь окуясынын күнөөкөрлөрүн аныктаган парламенттин токтомун жокко чыгаруу талабы менен Жогорку Соттун Конституциялык палатасына арыз берди. Сотто Кадыржан Батыров баштаган бозгундагы өзбек тектүү саясатчылардын кызыкчылыгын укук коргоочу Игорь Трофимов коргомокчу.

Игорь Трофимов аталган парламент токтомунун конституцияга шайкештигин аныктап берүүнү соттон талап кыла тургандыгын белгиледи:

Июнь коогасы боюнча комиссия бүтүмүн талкуулаган парламент жыйыны, 2011-жылдын 2-июну.
- Соттун өкүмү жок эле Жогорку Кеңеш өзүнүн токтомунда аларды июнь окуясы боюнча бир жактуу айыптап жатат. Эгерде соттун чечими болбой туруп, башка бир бийлик органы аларды күнөөлүү деп таап жатса жана бул жөнүндө ошол эле сотко көрсөтмө берип жатса кандай болуп калат? Мүмкүн аларды токтомдо кылмышка шектүү деп белгилесе же башкача атаса болмок. Бирок парламент түздөн-түз эле аларды айыптап жаткандыгын сот бийлигине ачык кысым жасоо катары бааласа болот.

Ошол эле учурда парламент өкүлдөрү мындай дооматтар менен макул эмес. Бул жерде окуянын масштабы чоң болгондуктан анын себептерине жана анын тутанышына таасир эткен адамдардын аракеттерине парламенттик комиссия саясий баасын берген. Мына ошондуктан ага андан ары укуктук баа берүү үчүн парламент токтомунда сунуштар гана киргизилгендиги кошумчаланды.

Июнь окуясын иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын төрагасы Токон Мамытов парламенттин токтому окуяга тиешеси бар адамдарга түз эле өкүм чыгарууну эмес, алардын жоопкерчилигин кароого гана багыт бере тургандыгын айтты:

- Мен муну өзүм эле жазып алып, же болбосо депутаттар менен сүйлөшүп алып жарыялап жаткан жокмун. Биз окуяны иликтеп жатканда тастыктоону талап кылбай турган фактыларды таптык. Ошонун негизинде ушундай жыйынтык чыгарылган. Бирок алардын жазасын сот чечет. Ошондой эле ак жеринен күйгөн болсо тергөөгө келип айтпайбы? Биз анын коопсуздугуна кепилдик берген учурда да келип, же болбосо орточулар аркылуу десек дагы биздин суроолорго жооп бербей койгон. Биз токтомдо аны атып салыш керек, же болбосо тигини кармап келип, мынча жылга камаш керек деген жокпуз. Болгону иликтөө комиссиясынын сунуштарын токтомдо бекиттик.


Талаптар жаңылыш киргизилгенби?


Анткен менен адис талдоочулар парламенттин токтомунда Кадыржан Батыров баштаган ондон ашуун өзбек тектүү жарандарды июнь окуясынынын уюштуруучулары жана негизги күнөөкөрлөрү катары эсептелсин деген укуктук жагынан жаңылыш талаптар киргизилип калгандыгын белгилешет. Анткени Кыргызстандын баш мыйзамынын 26-беренеси соттун чечимисиз адамды күнөөлөөгө болбой тургандыгын эскерет.

Саясат талдоочу Абдымомун Мамараимов жогорудагыдай мазмундагы түздөн-түз айыптоону соттор гана чыгарууга укуктуу экендигин парламент эстен чыгарып койгон деп эсептейт:

- Негизи эле соттун чечими жок бирөөнү айыптоо мүмкүн эмес экендигин юристтер эле эмес, карапайым адамдар деле билиш керек да. Бул деген эми элементтардык эле маселе да. Парламенттин токтомунда мына ошол жагын эске алышкан эмес. Парламенттин мындай бийлик-укугу жок да. Ошондуктан алар сунуш катары киргизсе эле айыпталып жаткан тарап муну сотко басым көрсөтүү катары кабыл алууга толук акысы бар.

Ошол эле учурда парламент өкүлдөрү саясий өңүттөн алып караганда жана чогултулган фактылардын негизинде июнь коогасын иликтөө боюнча депутаттык комиссия конкреттүү адамдардын жоопкерчилигин башкача аталышта жарыялоого мүмкүн эмес болчу деген жүйөөнү карманышат. Токон Мамытов муну окуяга шектүүлөрдүн айыптарына саясий баа берүүдөгү мүнөздөмө катары гана кабыл алыш керек деген ойдо:

- Каза болгон кыргыздар менен өзбектер өзүнөн өзү кагышып кетип, кокустуктан эле бирин-бири өлтүрүп алышкан жок да. Мына ошол Кадыржан Батыров менен Инамжан Абдрасуловдор сепаратисттик картаны ойноп, элдин бүйүрүн кызыткандан улам келип чыкпадыбы? Бир айдан ашуун ачык эле элдин канын кызытып, куулук менен улутчулдукту көтөрүп жатышкандыгы боюнча фактыларды кайда жашырабыз. Муну өзбеги дагы, кыргызы дагы айтып берип көрсөтмө беришпедиби. Анан биз сот аягына чыга элек экен деп токтомдо алардын аракеттерин жумшартып, тергеп айтышыбыз керек беле?

Кадыржан Батыров жогорудагыдай мазмундагы доо арызын Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна да жолдоп, ага келтирилген моралдык зыян үчүн мамлекеттик казынадан элүү миллион сом өндүрүп берүүнү сураган. Бирок Биринчи Май райондук сотунан аталган доо арыздын сот өндүрүшүнө кабыл алынгандыгы же артка кайтарылгандыгы боюнча комменттарий беришкен жок.

XS
SM
MD
LG