Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:39

Сот тандоо кеңеши басымга кабылды


Сот системасын реформалоо саясий басым астында жүрүп жатат. Бул тууралуу аталган кеңештин мүчөсү Урматбек Момбеков “Азаттыкка” маегинде билдирди.

"Азаттык": Буга чейин Сотторду тандоо кеңеши Жогорку Сот, Конституциялык палата жана бир нече облустук соттордун судьяларын тандаган эле. Учурда кайсы баскычтагы судьялар тандалып жатат? Сотторду тандоо жараяны кандай жүрүүдө?

Момбеков: Азыркы учурга чейин Жогорку Сот, Конституциялык палата жана облустук соттордун судьялары тандалып бүттү. Бирок президенттин каршы пикиринен улам же башка себептерге байланыштуу бош орундар гана калды. Маселен, Жогорку Сотто 5 орун, Конституциялык палатада 2 орун жана облустук, шаардык соттордо бир нече бош орун бар. Жалпысынан ушул күнгө чейин Сотторду тандоо кеңеши жогорудагы үч баскычтагы сот үчүн 140 судьяны тандадык.

"Азаттык": Ал эми тандоодо коррупциялык иштер аралашкан жокпу? Буга чейин сиздердин сынактан өтүп, Аскер сотунун судьясы болгон адамдын мурда бир нече жолу соттолгону дайын болду. Бул окуя коомчулукта көптөгөн суроолорго жем таштады...

Момбеков: Мурда соттолгон адамдын Аскердик сотко өтүп кеткени боюнча биз иликтеп чыктык. Судьялыкка талапкерлердин документтерин кабыл алууда Ички иштер министрлигинин маалымат борборунан атайын справка талап кылынат. Биз да бул борборго атайын судьялыкка талапкер мурда соттолгонбу, мыйзам бузганбы, каттоодо бар-жогун аныкташ үчүн атайын маалымат сурайбыз.

Мына ушундай маалым кат берилген соң гана биз документтерди кабыл алышыбыз керек. Ал эми бул окуяда аталган судьяга Ички иштер министрлиги мындай маалым кат беришкен. Ошондуктан бул жерде бизден күнөө кеткен жок. Бул биринчиден, ошол судьянын уятсыздыгы. Экинчиден, бул маселе Ички иштер министрлигине тиешелүү болуп калды.

"Азаттык": Ошол эле учурда коомчулукта сот реформасы аягына чыкпай токтоп калды деген пикирлер басымдуу. Сиз бул сындарга кандай жооп бересиз?

Момбеков: Сот реформасы толук кандуу эле жүрүп жатат. Биз өз ишибизди улантып, коррупциясыз, ачык өткөрүүгө аракет кылуудабыз. Биздин ар бир жыйыныбыз ачык өтүп жарандык коом өкүлдөрү катышып жатат. Алар биздин ишке көзөмөл кыла алышат. Ошол эле учурда жарандык коом реформа токтоп калды деп тынчсызданууда. Чынында реформаны токтотконго аракет кылган депутаттардын тобу бар. Себеби Жогорку Кеңештин депутаттары Галина Скрипкинанын кызы, Асылбек Жээнбековдун агасы, Курманбек Осмоновдун күйөө баласы, Тынчтык Шайназаровдун жездеси биздин сынактан өтпөй калды. Мындан улам булар бизге таарынып, тоскоолдук жаратып, жараянды токтотконго аракет кылып жатышат.

"Азаттык": Демек сиздерге карата бийлик өкүлдөрү тарабынан басым болуп жатканын четке какпайт экенсиздер да?

Момбеков: Туура, басым болуп жатканын четке какпайм.

"Азаттык": Буга каршы кандайдыр бир чараларды көрүп жатасыздарбы?

Момбеков: Биз өткөндө бул боюнча теле аркылуу расмий кайрылдык. Президентке да маалымат жөнөтүлдү.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG