Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:27

Батыровдун сотуна күбөлөр келбей жатышат


Жалал-Абад облустук сотто жабырлануучулар өзбек улуттук маданий борборунун башчысы Кадыржан Батыровго байланыштуу тергөө иши создугуп жатканына нааразы болушту.

Жабырлануучулар 2010-жылдын май жана июнь айларындагы окуялардын башкы күбөлөрү деп аталгандар - мурдагы губернатор Бектур Асановду, анын орун басары Тайгожо Гиязовду жана депутат Ө. Текебаевдин бир тууган иниси Асылбек Текебаевди мажбурлоо менен сотко чакыруу талабын коюшту. Облустук соттук коллегия алардын талабын канааттандырды.

Узактан бери созулуп келаткан сот ишине нааразылар мындай талапты көптөн бери коюп келишет. Бирок күбөлөр бул жолу да сотко келбегендиктен жабырлануучулар аларды мажбурлап алып келүүнү талап кылышты. Мамлекеттик айыптоочу мурдагы губернатор өз иши менен Кытайда жүргөндүктөн сотко келбегенин билдирди.

Жабырлануучу Маданбек Кочкорбаев өткөн жылы 14-майда Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүндө куралчан топ адамдарды көргөнүн, экс-депутат Кадыржан Батыров менен сүйлөшкөнүн, ОшТВ сыналгысы улуттук кастыкты козуткан көрсөтүүлөрдү бергенин эскерди:



Кагылышта башына ок тийген Абдыкар Балтабаев жабырлануучулардын укугу сакталбаганына капа болду:



Облустук сот мурдагы депутаттар Кадыржан Батыров жана Иномжан Абдурасуловдун аларды өмүр бою эркинен ажыраткан Жалал-Абад шаардык сотунун өкүмүн жокко чыгаруу доо арызын 4-декабрда карай баштаган. Андан бери 60 жабырлануучунун 13ү, 203 күбөнүн 57си гана суралган.

Соттук коллегиянын төрагасы Амангелди Молдобаев жабырлануучулар сунуш кылган адамдарды жана башка жабырлануучуларды сотко күч менен алып келүү токтомун кабыл алды. Анын айтымында, соттолуучулардын дагы бир жактоочусу да келбегендиктен жарыш сөзгө кирише албай, сот иши эми бешинчи ирет 20-январга жылдырылды.

- Мыйзамда көрсөтүлгөндөй, биз соттук териштирүүнү аягына чейин изилдеп, бардык жагдайларды териштирип, тараптардын пикирлерин угуп, анан мыйзамдуу жыйынтык чыгарышыбыз керек. Бардыгын териштиргенден кийин жыйынтыгын угасыз.

Кадыржан Батыровдун жактоочусу Рашит Музаффаров болсо соттолгондорго бир жактуу айып коюлган деп эсептейт:



Облустагы өзбек улуттук борбордун мурдагы президенти Кадыржан Батыров чет элдик маалымат каражаттары аркылуу өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келүүдө. Ал шаардык соттун өкүмү менен "улуттар аралык араздашууну жана массалык башаламандыктарды уюштурган" деп табылып, сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG